Апеннин жарым аралы

Wikipedia дан

Апеннин жарым аралы - Түштүк Европада. Анда негизинен (аймагынын 1/2ин) Италия, ошондой эле Ватикан жана Сан-Марино мамлекеттери жайгашкан. Аянты 149 миң км2. Жер Ортолук деңизге 1100 км кирип, Тиррен, Иония, Лигурия жана Адрия деңиздери менен чулганат. Жээктеринде булуң-буйтка аз, түштүк бөлүгүндө гана Калабрия, Салентина, Гаргано жарым аралы, Таранто булуңу жана башка бар. Апеннин жарым аралын дээрлик Апеннин тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу) ээлейт, түндүгүндө Падан түздүгүнүн бир бөлүгү, чыгыш жана батыш жээктеринде анча чоң эмес дөбөлүү түздүк тилкеси жайгашкан. Түштүк-батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы жана башка) бар. Климаты субтропиктик Жер Ортолук деңиздик; жайы ысык, кышы мелүүн. Дарыялары (негизгилери - Тибр, Арно) кыска, жайында суусу өтө азаят. Жер Ортолук деңиздик бадал (маквис, гарига) жана токой өсөт. Түздүктөр менен тоо этектеринде маданий ландшафт басымдуу.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1