Адрия деңизи

Википедия дан
Адрия деңизи.

Адрия деңизи – Жер ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин жана Балкан жарым аралынын аралыгында. Италия, Югославия, Албаниянын жээктерин чулгайт. Түштүгүндө Отранто кысыгы аркылуу Иония деңизи менен туташат. Аянты 144 миң км2. Эң терең жери 1230 м. Чыгыш жээгине жакын Далмация аралдары жайгашкан. Батыш жээги негизинен ойдуңдуу, чыгыш жээги тоолуу. Ири булуңдары: Венеция, Триест. Суунун темп-расы августта 24°Сден 26°Сге, февралда 7°Сден 13°Сге чейин. Туздуулугу 35тен 38%ое чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 1,2 м.). Балык (сардина, скумбрия) кармалат. Шельфтеринен нефть жана газ алынат. Башкы порттору: Триест, Венеция (Италия), Риека, Сплит, Дубровкин, Котор (Югославия), Дуррес, Влера (Албания).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1