Мазмунга өтүү

Тиррен деңизи

Википедия — ачык энциклопедия
Тиррен деңизи
итал. mar Tirreno, фр. mer Tyrrhénienne

Тиррен деңизинин чыгышындагы Каприден Бокка Пиккола кысыгынын көрүнүшү
Координаттар: 40° с. ш. 12° в. д.HGЯO
Мүнөздөмөлөрү
Аянты

214 000 км²

Көлөмү

325 000 км³

Жээгинин узундугу

3 100 км км

Эң терең жери

3830 м

Орточо тереңдиги

1519 м

Туздуулугу

38 ‰

Тунуктугу

30 м

Суу топтоо аянты

173 000 км²

Куйган дарыялар

Тибр, Омброне, Гарильяно, Вольтурно

Максималдуу температурасы

28–30 °С

Минималдуу температурасы

12 °С

Өлкө

 Италия
 Франция

Океан

Атлантика океаны

Тиррен деңизи (Жер ортолук деңиз)
Тиррен деңизи
Тиррен деңизи Викиказынада
Тиррен деңизи.

Тиррен деңизи – жартылай туюк деңиз, Жер Ортолук деңизинин бир бөлүгү. Апеннин жарым аралы менен Сицилия, Сардиния жана Корсика аралынын аралыгында. Алар менен Корсика, Бонифачо, Сардиния менен Мессина кысыктары аркылуу туташат. Аянты 214 миң км2. Эң терең жери 3830 м. Түштүк-чыгышында Липари аралдары жайгашкан. Деңиздин аймагы аркылуу өткөн тектоникалык жарака суу астындагы тоо кыркаларын жана аракеттеги жанартоолорду (Везувий, Стромболи, Вулькано ж. б.) пайда кылган. Суунун температурасы жайында 22–24,5°С, кышында 13–14°С. Туздуулугу 37,25–38,25%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт (0,5 жге чейин). Балык (сардина, тунец, угорь, кылыч балык) кармалат. Башкы порттору: Неаполь, Палермо, Кальяри (Италия), Бастия (Франция).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]