Корсика

Википедия дан
Корсика.

Корсика (Corse) – Жер Ортолук деңиздин түндүк-батышындагы арал. Франциянын департаменти. Аянты 8,7 миң км2. Калкы 300 миңдей (2005), негизи корсикалыктар. Административдик борбору – Аяччо шаары. Батыш жээги аскалуу, булуң-буйткалуу, чыгышы жапыз, түзөң. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 2706 м, Мон-Сенто чокусу) Аралдын батыш бөлүгү гранит, чыгышы чополуу сланец тектеринен түзүлгөн. Жер ортолук деңиздик кпимат мүнөздүү. 600–700 мге чейин бадал өсүмдүктөрү, андан жогору эмен, бук, мырза карагайлуу токой өсөт. Жемиш бактары, жүзүм, зайтун дарагы өстүрүлөт. Аралда Аяччо, Бастия шаарлары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]