Палермо
Отурукташкан жай
Палермо ![]()
|
Палермо (итал. Palermo [paˈlɛrmo]) — Италиядагы Сицилия аралынын түндүк жээгинде жайгашкан шаар. Ал Сицилия облусунун жана Палермо провинциясынын административдик борбору болуп эсептелет.
Шаар маданий жана илимий борбор катары да белгилүү. Бул жерде университет, археологиялык улуттук музей, Сицилиянын улуттук жана заманбап искусство галереясы, Епархия музейи, этнографиялык музей, өнөр академиясы жана бир катар театрлар (опера жана драма) иштейт. Ошондой эле, шаарда обсерватория жана ботаникалык бак бар.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2010-жылдагы маалымат боюнча, шаар калкы 657 миң адамды түзгөн.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаардын экономикасы ар түрдүү өнөр жай тармактарына негизделген. Бул жерде машина куруу (анын ичинде кеме куруу, айыл чарба техникасы, электр-техникалык жабдуулар), жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, химиялык, жыгаччылык, полиграфия жана оптика тармактары өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9