Облус
Облус же дубан ― администрациялык – аймак, жер, край; кандайдыр бир аймактын (өлкө, мамлекет, материк ж. б.) мерчемдүү белгилери (жаратылыш шарты, тарыхый салты, этностук же экономикалык өзгөчөлүгү, административдик-саясий мааниси ж. б.), ошондой эле географиялык объектиде (зона, район) бир нерсенин таралышы (зоогеографиялык облус, флора облус, геосинклиналь облус) боюнча бөлүнгөн бөлүгү. Облус – КМШ (Орусия, Украина, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан) өлкөлөрүндөгү жана бир катар мамлекеттердеги (Непал, Габон, Гана, Камерун, Конго, Мали, Нигерия, Сенегал, Сомали, Танзания, Того ж. б.) негизги административдик-аймактык бирдик. Облус табигый жана экономикалык шарты, аймактык өзгөчөлүгү, калктуу пункттардын ири өнөр жай очокторуна жакын жайгашуусу боюнча бөлүнөт. Кыргызстанда 7 облус (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл) бар. Ар бир облус райондорго бөлүнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7