Чүй облусу

Википедия дан
Чүй облусу
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Чүй облусу картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Облус

Курамында:

1 шаар, 8 район

Акимий борбору:

Бишкек

Ири шаарлары:

Токмок, Кара-Балта, Кант

Түзүлгөн убакыты:

21-ноябрь, 1939-жыл

Губернатору:

Бактыбек Жапарович Кудайбергенов

Ырасмый тили:

Кыргыз тили, орус тили

Калкы (2020):

959 884[1]

Жыштыгы:

40,5 адам/км²

Жер аянты:

20,2 миң км²

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Эң төмөн чекити



 4895 м
 550 м

Саат алкагы:

UTC+6

ISO 3166-2 коду:

KG-C

Унаа коду:

C, S, 08

Ырасмый сайты
Чүй облусу Уикиказынада

Чүй облусу — Кыргызстандын түндүк жагында Чүй өрөөнүндө жайгашкан, 1939-жылында 21-ноябрда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Фрунзе облусу болуп түзүлүп, 1959-жылы жоюлган. 1990-жылы республикалык баш ийүүдөгү райондордон азыркы аталыш менен калыбына келтирилген.

Түндүк жана батыштан Казакстан Республикасы менен, түштүк-батыштан Талас, Жалал-Абад, түштүгүнөн Нарын, түштүк-чыгышта Кыргызстандын Ысык-Көл облустары менен чектешет.

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал Чүй, Чоң-Кемин, Кичи-Кемин жана Суусамыр өрөөндөрүнүн аймактарын, Кыргыз Ала-Тоосунун, Иле Ала-Тоосунун, Күнгөй Ала-Тоосунун капталдарын камтыйт.

Деңиз деңгээлинен 550-4895 метр бийиктикте жайгашкан.

Облусттун шаарлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чүй облусунун акимий борбору Бишкек шаары болуп саналат, ал дагы Кыргызстан Республикасынын борбору. Бишкек республикалык баш ийүүдөгү шаары болгондуктан, Чүй облусунун курамына кирбейт. Демек, облус боюнча статистикада (калк ж.б.) Бишкек шаары боюнча сандар жок.

Ири шаарлары: Токмок (2003-2007-жылдары облустун мурдагы борбору), Кант жана Кара-Балта.

Облуста 4 шаар, 5 шаар түрүндөгү айыл, 105 айыл өкмөтү, 327 айыл бар.ЧҮЙ ОБЛУСУ Респ-нын түн. бөлүгүн ээлейт. Түн. ж-а батышынан Казакстан, түш.-батышынан Талас, түштүгүнөн Жалалабат, Нарын, чыгышынан Ысыккөл облустары м-н чектешет. Облуста 8 адм. район (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысыката), 4 шаар (Токмок, Кант, Карабалта, Шопоков), 5 шаарча (Актүз, Борду, Кайыңды, Кемин, Орловка), 105 айыл өкмөтү, 327 кыштак бар. Облустун чегинде респ- нын борбору - Бишкек ш. жайгашкан. Аянты 20,2 миң км2. Калкы 758,1 миң (2002). Борбору - Токмок ш. (2003). 1939-ж. чейин облустун азыркы чегинде түрдүү адм.-айм. системалар (округ, кантон, болуштук ж. б.) болгон. 1939-59-ж. Фрунзе облусу; 1959-90-ж. респ-га тике баш ийген райондор, 1990-жылдын 14-декабрынан Чүй облусу. Табияты. Облустун аймагын Чүй, тоо аралык Чоң Кемин ж-а Суусамыр өрөөндөрү, о. эле аларды чектеп жаткан Иле, Кыргыз, Күнгөй, Талас Алатоолорунун, Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун капталдары түзөт. Абсолюттук бийиктиги 550 мден (Чүй өрөөнүнүн Камышановка кыш. туштагы түн. чет-жакасы) 4895 мге чейин (Кыргыз Ала- тоосундагы Аламүдүн чокусу). Облустун аймагынын басымдуу бөлүгүн Чүй өрөөнү ээлейт. Өрөөн негизинен түн.-батышты карай эңкейиш келип, батыш ж-а ортоңку бөлүктөрү Чүй д-на жакындаганда дээрлик жайык түздүккө айланат. Андан жогору адырлар ж-а дөңсөөлөр (айрыкча Бишкек ш. тушта), этек тоолор көтөрүлүп турат. Алар- дын 1-тилкеси Аларча, Аламүдүн ж-а Норус сууларынын өрөөндөрү м-н тилмеленет, айрым дөңсөөлөрдү – Бешкүнгөй (бийикт. 1150 мге чейин), Басбөлтөк (1400 м), Шороба- шат (1750 м) ж. б. пайда кылат. Андан түштүгүрөөк, этек тоолордон бийигирээк этек тоо-дөбө-дөңсөөлөрдүн 2-тилкеси созулуп жатат. Аларды 1-тилкеден кеңдик багытта жаткан Байтик өрөөнү бөлүп турат. Кыргыз Алатоосунун капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска ж-а тик, түндүгү жазы, айрым айрыктары 20 кмге жетип, өрөөн капчыгайлуу; ирилери: Ашмара, Карабалта, Аксуу, Сокулук, Аларча, Аламүдүн, Ысыката, Кегети, Шамшы, Коңорчок, Байдамтал, Түн. ж-а Чыгыш Каракол ж. б. 3500 м бийиктиктен жогору аска-таштуу, кар-мөңгүлүү алкак башталат. Чүй өрөөнү чыгышта Кичи Кемин өрөөнүнө өтөт. Чыгышта Иле ж-а Күнгөй Алатоолорунун аралы- гында Чоң Кемин өрөөнү жайгашкан. Аталган тоолор чыгышта бири-бирине жакында- шып, Кемин-Челек тоо тоомун пайда кылат. Чоң Кемин өрөөнүнүн чыгышында Көгой- рок жайлоосу бар. Ал эми облустун түш. бөлүгүн Кырг-ндагы ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнү ээлейт. Ал деңиз деңг. 2000–3200 м бийиктикте жайгашкан. Өрөөн батышты карай кууштап, таманы бийиктейт. Батышы Дубанкечүү өрөөнү, борб. бөлү- гү – Суусамыр, чыгышы Батыш Каракол өрөөнү деп аталат. Кен байлыктарынан алтын (Талдыбулак, Далпраң, Камоотөр), темир, титан, хром, никель, коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү элементтер (Актүз) бар. Металл эмес кендер да арбын: кум, чопо, мергель, туз, тальк, гранит-сиенит, акиташ теги, мрамор, гранит, кварцит. Тектон. жаракаларга тутумдаш жерлерден минералдуу, ысык суулар жер бетине агып чыгат (Ысыката, Аламүдүн, Аксуу капчыгайларында).Климаты ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Түндүгүндөгү түзөң бөлүгүнүн климаты континенттик, кургак, жайы ысык, кышы мелүүн, суук. Июлдун орт. темп-расы 17–25°С, январдыкы –7°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 270-400 мм. Бийик жайгашкан Суусамыр өрөөнүндө июлдун орт. темп-расы 13–14°С, январдыкы –20…–21°С, жылдык жаан-чачы- ны 350–370 мм. Тоо капталдары бийиктеген сайын абанын темп-расы төмөндөп, жаан- чачындын (айрым тоолордун түндүккө ж-а батышка караган капталдарында) өлчөмү арбыйт. Кыргыз Алатоосунда жалпы аянты 520 км2 жеткен 582 мөңгү бар, көбү борбордук бөлүгүндө. Чоң Кемин суусунун башы мөңгү чордону болуп саналат.

Улуттук курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикалык миграциянын натыйжасында орустар, украиндер жана башка жергиликтүү эмес улуттар азайганы менен аймактын улуттук курамы дагы эле өтө аралаш мүнөзгө ээ.

Административдик-аймактык түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карта Аталыш Туу, герб Туруктуу калк
2021, адам[2]
Баш йиген айыл аймактар (а. а.), шаарлар

жана шаар тибиндеги посёлоктор[3]

Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Аламүдүн району жок 188 484 Ак-Дөбө айыл аймагы Кайырма а., Молдовановка а.
Ала-Арча айыл аймагы Мраморное а., Рассвет а.
Аламүдүн айыл аймагы Аламүдүн а., Садовое а.
Арашан айыл аймагы Арашан а., Татыр а.
Байтик айыл аймагы Байтик а., Арчалы а., Байгелди а., Баш-Кара-Суу а., Кашка-Суу а.
Васильевск айыл аймагы Васильевка а., Виноградное а., Полевое а., Привольное а.
Грозденск айыл аймагы Гроздь а., Ат-Башы а., Бирдик а., Экинчи Беш Жылдык а а., Лесное а.
Кара-Жыгач айыл аймагы Кара-Жыгач а., Бек-Тоо а.
Көк-Жар айыл аймагы Көк-Жар а.
Лебидиновск айыл аймагы Лебидиновка а., Восток а., Дачное а.
Ленин айыл аймагы Ленин а., Константиновка а., Мыкан а.
Маевский айыл аймагы Маевка а.
Октябрь айыл аймагы Октябрьское а., Лубяное а., Чүй а.
Пригород айыл аймагы Пригородное а., Достук а., Озёрное а., Степное а.
Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагы Төмөнкү Ала-Арча а.
Таш-Дөбө айыл аймагы Таш-Дөбө а., Заречное а., Малиновка а., Сүймөнкул Чокморов атындагы а.
Таш-Мойнок айыл аймагы Таш-Мойнок а., Кой-Таш а., Беш-Күңгөй а., Тоолу Маевка а., Кызыл-Бирдик а., Подгорное а., Прохладное а.
Жайыл району жок 112 211 Кара-Балта шаары жок
Ак-Башат айыл аймагы Ак-Башат а., Айдарбек а., Арал а., Новониколаевка а.
Жайыл айыл аймагы Алексеевка а., Жайыл а.
Кара-Суу айыл аймагы Кара-Суу а., Ставрополовка а.
Красновосточный айыл аймагы Калинин а., Калдык а., Кара-Дөбө а.
Кызыл-Дыйкан айыл аймагы Кызыл-Дыйкан а., Петропавловка а.
Полтавск айыл аймагы Полтавка а., Малтабар а., Орто-Суу а.
Сары-Булак айыл аймагы Сары-Булак а., Моңолдор а.
Сары-Коо айыл аймагы Алтын а., Жекен а., Жон-Арык а., Ийри-Суу а., Фёдоровка а., Эриктүү а.
Сосновск айыл аймагы Сосновка а.
Степнинск айыл аймагы Степное а.
Суусамыр айыл аймагы Суусамыр а., Кайсар а., Бринчи Май а., Тунук а., Кожомкул а., Каракол а., Кызыл-Ой а.
Талды-Булак айыл аймагы Бекитай а., Бөксө-Жол а., Кайырма а.,
Кемин району жок 48 360 Кемин шаары жок
Орловка шаары жок
Борду шаар тибиндеги посёлок жок
Ак-Түз айыл аймагы Ак-Түз а.
Алмалуу айыл аймагы Алмалуу а., Борду а., Кызыл-Суу а.
Боролдой айыл аймагы Боролдой а.
Дүйшеев айыл аймагы Кичи-Кемин а.
Жаңы-Алыш айыл аймагы Жаңы-Алыш а.
Ильичевск айыл аймагы Ильичевское а., Жаңы-Жол а., Советское а.
Кара-Булак айыл аймагы Кара-Булак а., Алтымыш а., Бейшеке а., Чуйское а.
Көк-Ойрок айыл аймагы Кайыңды а., Кароол-Дөбө а., Тегирменти а.
Кызыл-Октябрь айыл аймагы Кызыл-Октябрь а., Белый-Пикет а., Жел-Арык а., Дорожное а., Кашкелең а., Кыз-Кыя а., Сасык-Булак а., Ударник а., Чолок а.
Чоң-Кемин айыл аймагы Шабдан а., Калмак-Ашуу а., Кызыл-Байрак а., Тар-Суу а., Төрткүл а.
Чым-Коргон айыл аймагы Чым-Коргон а.,Новомихайловка а., Самансур а.
Москва району жок 103 007 Ак-Суу айыл аймагы Ак-Башат а., Ак-Торпок а., Бала-Айылчы а., Кепер-Арык а., Мураке а., Төмөн-Суу а., Чоң-Арык а.
Александровск айыл аймагы Александровка а., Беш-Өрүк а., Крупское а.
Беш-Терек айыл аймагы Беш-Терек а.
Беловодское айыл аймагы Беловодское а., Кош-Дөбө а.
Биринчи-Май айыл аймагы Ак-Суу а.
Петровск айыл аймагы Петровка а., Заводское а., Кызыл-Туу а.
Предтеченск айыл аймагы Предтеченка а., Аң-Арык а.
Садовск айыл аймагы Садовое а.
Сретенск айыл аймагы Сретенка а., Большевик а., Заря а.
Телек айыл аймагы Төлөк а.
Целина айыл аймагы Кыз-Моло а.
Чапаев айыл аймагы Ак-Сөөк а., Маловодное а., Спартак а.
Панфилов району жок 47 938 Кайыңды шаары жок
Вознесеновск айыл аймагы Вознесеновка а., Орто-Кайырма а., Эркин-Сай а.
Курама айыл аймагы Жайылма а., Панфилов а., Орто-Арык а., Эфиронос а.
Күрпүлдөк айыл аймагы Күрпүлдөк а., Киров а., Ровное а.
Орто айыл аймагы Тельман а., Букара а., Кум-Арык а.
Фрунзе айыл аймагы Чалдыбар а., Чолок-Арык а., Чорголу а.
Чалдыбар айыл аймагы Биринчи Май а., Озёрное а., Октябрь а., Ойронду а.
Сокулук району
194 579 Шопоков шаары жок
Асылбаш айыл аймагы Асылбаш а., Киров а.
Ат-Башы айыл аймагы Ак-Жол а., Манас а., Лесное а., Төрт-Көл а.
Биринчи Май айыл аймагы Бирнчи Май а., Национальное а., Панфилов а.
Военно-Антоновск айыл аймагы Военно-Антоновка а.
Гаврилов айыл аймагы Гавриловка а., Жангарач а., Романовка а., Шалта а.
Жыңы-Жер айыл аймагы Жаңы-Жер а., Верхневосточное а., Западное а., Зелёное а., Нижневосточное а.
Жаңы-Пахта айыл аймагы Жаңы-Пахта а., Ак-Кашат а., Заря а., Май а., Мирный а.
Кайназарова атындагы айыл аймагы Белек а., Чат-Көл а., Түз а.
Крупская атындагы айыл аймагы Жакынкы Арал а., Алыскы Арал а., Бирнчи Май а., Сокулук а.
Камыш айыл аймагы Камышановка а.
Күнтуу айыл аймагы Күнтуу а., Достук а., Кичи Шалта а., Шалта а., Чоң-Жар а.
Кызыл-Туу айыл аймагы Кызыл-Туу а., Кара-Сакал а., Маловодное а., Новое а., Токбай а.
Төмөнкү Чүй айыл аймагы Төмөнкү Чүй а., Мирное а., Садовое а., Северное а., Степное а., Талтак а.
Новопавловка айыл аймагы Новопавловка а., Учкун а.
Орок айыл аймагы Жал а., Жогорку Орок а., Калтар а., Кашка-Баш а., Төмөнкү Орок а., Плодовое а., Сарбан а., Селекционное а.
Саз айыл аймагы Саз а., Конуш а.
Сокулук айыл аймагы Сокулук а.
Төш-Булак айыл аймагы Төш-Булак а., Бөрүлү а., Четинди а.
Фрунзе айыл аймагы Фрунзе а., Комсомольское а., Озёрное а., Студенческое а.
Чүй району жок 54 622 Ак-Бешим айыл аймагы Ак-Бешим а., Жаңы-Жол а., Калыгул а.
Бурана айыл аймагы Бурана а., Алга а., Дөң-Арык а., Мээнеткеч а.
Ибраимов айыл аймагы Кошой а., Кара-Ой а., Кызыл-Аскер а., Ленин а., Ленин-Жол а., Талды-Булак а.
Искринск айыл аймагы Искра а., Восточное а., Жаңы-Турмуш а., Железнодорожное а., Кара-Дөбө а.,
Кегети айыл аймагы Кегети а., Арпа-Тектир а., Акматбек а., Советское а., Чапаев а.
Кош-Коргон айыл аймагы Кош-Коргон а.
Он Бир-Жылкы айыл аймагы Он Бир-Жылга а., Маданият а., Кайырма а., Прогресс а.
Сайлык айыл аймагы Сайлык а., Жаңы-Чек а., Виноградное а.
Чүй айыл аймагы Чүй а., Арал а., Садовое а.
Шамшы айыл аймагы Шамшы а., Карагүл а., Кош-Кашат а., Чоң-Жар а.
Ысык-Ата району жок 154 340 Кант шаары жок
Ак-Кудук айыл аймагы Ак-Кудук а., Биринчи Май а., Киров а., Котовское а., Хун Чи а.
Бирдик айыл аймагы Бирдик а., Хун Чи а.
Жээк айыл аймагы Жээк а., Дмитриевка а., Гагарин а.
Иванов айыл аймагы Ивановка а.
Интернационал айыл аймагы Интернационал а., Жар-Башы а.
Ысык-Ата айыл аймагы Алмалуу а., Горная Серафимовка а., Жогорку-Ичке-Суу а., Ичке-Суу а., Карагай-Булак а., Норус а., Таш-Башат а., Тогуз-Булак а., Үч-Эмчек а.
Кең-Булуң айыл аймагы Кең-Булуң а., Гидростроитель а., Дружба а., Чолпон а.
Кочкорбаев айыла аймагы Кеңеш а., Доктурбек Курманалиев а., Будённовка а.
Краснореченск айыл аймагы Красная Речка а.
Логвиненко айыл аймагы Новопокровка а., Чоң-Далы а.
Люксембург айыл аймагы Люксембург а., Киршёлк а.
Милянфан айыл аймагы Милянфан а.
Сын-Таш айыл аймагы Сын-Таш а., Ак-Сай а., Жетиген а., Кызыл-Арык а., Өтөгөн а., Рот-Фронт а., Советское а., Тельман а.
Новопокровка айыл аймагы Новопокровка а., Ленин а., Сары-Жон а.
Нурманбет айыл аймагы Нурманбет а., Алиаскар Токтоналиев а., Биринчи Май а.
Туз айыл аймагы Туз а., Дайырбек а., Жайалма а., Төмөнкү Серафимовка а.
Узун-Кыр айыл аймагы Дружба а., Жер-Казар а., Нижний Норус а.
Юрьевка айыл аймагы Юрьевка а., Ысык-Ата а.
Токмок шаары
71 443 жок жок

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 2014-жылга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистикалык Комитетинин маалыматы. Текшерилген күнү 10 -май (бугу) 2016. Түп булактан архивделген күнү 22 -июль (теке) 2011.
  2. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны.
  3. Мамлекеттик классификатор, 11.05.2021, к. 64—78