Мазмунга өтүү

Токмок

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Токмок
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөКыргызстан
ОблусЧүй
Координаттар42°44′ с. ш. 75°15′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү13-май 1864-жыл
Аянты55,35 км²
Борборунун бийиктиги800-850 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тиликыргыз тили
Калкы 71 443 адам (2021-жыл)
Улуттук курамыкыргыздар — 18,7 миң
орустар — 17 миң
дунгандар — 9,1 миң
өзбектөр — 4,9 миң
уйгурлар — 1,2 миң
казактар — 1,2 миң
башка улуттар — 6,1 миң citykr.kg
Диний курамыислам, христиан
ЭтнохоронимТокмоктук
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996-3138
Почта индекси722200
Сайтыhttp://tokmok.org/ Калып:Ref-rus
Токмок (Кыргызстан)

ТокмокЧүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Чүй дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан шаар. 19-кылымдын башында Чүй өрөөнүн Кокон хандыгы басып алып, 1825-жылы Токмок чебин курган. 1866-жылы Токмок шаар статусун алган. 1867–78-жылы Токмок уездинин борбору болуп турган. 1878-жылы уезддин борборунун Пишпек шаарына көчүрүлүшүнө байланыштуу Токмок болуштун борбору болуп калган. 2002-жылдан Чүй облусунун борбору. Токмок шаары азыр Кыргызстандагы Бишкек менен Оштон кийинки өнөр жайы өнүккөн үчүнчү чоң шаар. 2005-жылынын каттоосу боюнча, 75'000 эли бар.[1].

Токмок шаарынан түштүк-батышыраакта Бурана шаар чалдыбары жайгашкан. Ал орто кылымдардагы өтө маанилүү шаарлардын бири - Баласагын шаарынын калдыгы болуп эсептелет. Баласагын шаары Караханийлер (Каракагандар) мамлекетинин түндүктөгү борбору болгон. Бул шаар Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.

Токмок шаарынын аталышы мүмкүн токмок деген аспаптын атынан же байыркы түрктөрдүн «төкмөк»(төгүү, куюу) деген сөзүнөн пайда болгон. Себеби шаар Чүй дарыясынын жээгинде жайгашкан.

Мусульмандар бар. Орус православия христиандар бар, алардын Георгий Победоносец чиркөсү бар. Протестанттык христиандар бар, алардын "Дом Божий", "Храм Божий" жыйындары бар. "Ак бата" христиандык орто мектеби бар.

Маалымат каяктан алган

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Kyrgyzstan-geo-stub