Улуу жибек жолу
Көрүнүш
Улуу жибек жолу — б.з.ч. 2-кылымдын ортосунан орто кылымдардын ортосуна чейин өкүм сүргөн эл аралык соода жана маданий-карым катнаш жолунун аталышы.
Бул жол Чыгышта - Кытай, Батышта - Рим жана Византия дөөлөттөрүн, түндүктө - Чыгыш Европаны жана Сибир аймагын, түштүктө - Түндүк Индия аймагын (айрым кылымдарда) баш коштурган.
Кыргызстан аймагы да Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.
Соода кербендери Кыргызстандагы Ош, Өзгөн, Баласагын, Суйаб, Барскан, Кочкор-Башы, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдардагы шаарлар аркылуу өткөн.
Эне-Сай Кыргыз кагандыгы менен Орто Азиянын бириктирген сода жолу Кыргыз жолу деп аталган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.