Баласагун

Википедия дан
Башня Бурана.

Баласагун, БаласагынЧүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханид мамлекетинин борбору. Бул мунара эгиздери Тараз шаарында, жана Озбекстанда бар

Шаар жөнүндө алгач маалымат берген араб автору ал-Мукаддаси Баласагун шаарын башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндайт (10-к.). Махмуд Кашгаринин (11-к.) «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздүгүндө Баласагуни шаары, ошондо эле Куз-Ордо, Куз-Улуш деп да берилген. Ушул эле автордун картасында Баласагуни Тараз шаарынын түштүгүнө жайгаштырылып, тоолор менен курчалат. Ас-Самани (12-к.) жана Якут (13-к.) Баласагунду Кашкарга жакын жайгаштырат. 13-кылымдагы айрым авторлордун эмгектеринде шаар Чүй суусунун жээгинде жайгашкандыгы айтылат. Абу-л-Фиданын (14-к.) эмгегинде бул шаардын астрономиялык көрсөткүчтөрү берилген. Мухаммед Хайдар (17-к.) Чүй суусунун боюндагы чоң шаардын мунара, медресе сыяктуу калдыктары сакталган жерде имам Мухаммед Факих Баласагунинин мүрзөсүнүн үстүндө эстелик бар экендигин эскерген. Мунед Джим-Баши (17-к.) Баласагунду Кашкардан алыс жерге жайгаштырып, анын астрономиялык көрсөткүчтөрүн берет. 11-кылымда Баласагуни шаарында байыркы түрк жазма эстеликтеринин бири «Кутадгу билигдин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөндүгү белгилүү. Тарыхчылар В. Бартольд, А. Бернштам жана кыргыз окумуштуулары А. Абетеков, Ө. Караев, 3. Эралиев тарыхый жазуу маалыматтарга жана археологиялык табылгаларына таянышып, байыркы Баласагуни азыркы Токмок шаарынын жанындагы Бурананын аймагында болгон, Акбешим шаарчасынын уранды калдыгы Баласагуни шаарынын бир бөлүгү деп эсептешет. Шаардын ортосунда ири ак-сарай жана бийик мунаралуу жамы мечит, анын жанынан көрүстөн орун алган жана соода-сатык, мектеп, окуу жайлары, дүкөндөр, мончолор ж. б. болгон, ошондой эле элчиликтер жайгашкан. Шаардын сырты чоподон согулган дубал менен курчалган. 14-кылымдада ич ара узакка созулган согуштардын натыйжасында жок болушу ыктымал.

Пайдаланылган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.

ISBN 5-89750-028-2

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.
  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
  • Кляшторный С.Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964.
  • Кошгарий М. Туркий сузлар девони (Девону-лугот ит-турк). Таш., 1960–1963. Уч томлик.