Өзгөн

Отурукташкан жай
Өзгөн
Өлкө Кыргызстан
Облус Ош
Район Өзгөн району
Координаттар 40°46′ с. ш. 73°18′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 62,802 адам (2021)
Сандык идентификаторлор
Өзгөн (Кыргызстан)

ӨзгөнКыргызстандагы байыркы шаарлардын бири. Б. з. ч. 2–1-к-да алгачкы отурукташкан жайлардан шаар өсүп чыккан. Өзгөн шаары тууралуу алгачкы маалыматтар 9–10-к. араб, фарсы тилдеринде жазылган даректерден белгилүү. Бул мезгилде ал чоңдугу боюнча Фергана өрөөнүндөгү төртүнчү (Аксыкен, Куба, Оштон кийинки) калаа болгон. 10-к-дын 30-жылдарында Ө-дө кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн; алгачкы тыйын акчалар чыгарылган. 11-к-дын 2-жарымынан 13-к-га чейин Караханийлер мамлекетиндеги Фергана дубанынын борбору болгон.

10–12-к. шаардын аянты 12–15 км2ге жеткен. Моңгол жапырыгына чейин Өзгөндөн көптөгөн окумуштуулар чыккан, алар «ал-Узженди» ныспасын алышкан. Аксак Темирдин тушунда бул шаар баштагыдай эле соода жайларында саясий борбор боюнча кала берген. Кийин ири саясий ж-а акимдик борбор катары маанисин жогото баштаган. Орто кылымдардын акырында шаардын аймагы бир кыйла кичирейип, чакан шаарга айланган. 19-к-дын башында Кокон хандыгына өткөн. Кыргызстан Россиянын курамына киргенден кийин Анжиян уездине карап калган. 1924-жылдан Ош округундагы Өзгөн болушунун, 1928-жылдан Өзгөн районунун борбору. Архитектуралык эстеликтер бар.

“Өзгөн” деп аталып калышы Жазы дарыясына байланыштуу. Алгач Жазыкент деп аталып, кийинчерээк Жазкент, Язкенд, Язкен, Өзгөн деген аталыш келип чыккан. Бул жөнүндө маалыматты "Мажму-ат-Таварихтен” тапсак болот. [1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5