Суйаб

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Суйаб, Суяб, Ордукент (кыт. 碎葉/碎叶) – 6–10-кылымга таандык шаар. Соңку орто кылымдагы Батыш Түрк жана Түргөш кагандыктарынын баш калаасы. Суяб азыркы Токмок шаарынан анча алыс эмес жердеги Акбешим чалдыбарынын ордунда жайгашкан. Шаар тууралуу алгачкы маалымат кытай булактарында 7-кылымдын 1- жарымында кездешет. Будда кечили Сюань Цзань 629-жылы Индияга жасаган сапарында Жетисуу аймагы аркылуу өтүп баратып, өзөн жээгиндеги шаар жөнүндө эскерет. Шаарда негизинен соодагерлер, кустар (согдулуктар) жашаган. Кытайлар аны Суйе деп аташкан. 748-жылы Суяб кытай аскерлери тарабынан кыйроого учураган. Түргөштөрдүн учурунда мында каганадыктын баш ордосу жайгашкан.

Бул тууралуу 8-кылымдын башында түргөш кагандыгындагы ичара чатактарга байланыштуу эскерилет. 766-жылы Суябды карлуктар басып алып, аны өз ордосуна айланткан. Ушул кездеги мусулман маалымат булактары Жетисуу шаарынын катарында Суябды да аташкан. Ибн Хордадбек менен Кудама Батыштан Чыгыш Түркстанга бараткан жолдогу шаарлардын катарына киргизет. Автору белгисиз «Худуд ал-Аалам» жана Гардизинин «Зайн ал-Акбар» чыгармасында 8-кылымдын орто чениндеги шаар турмушу кыйла кеңири мүнөздөлгөн. Кийинки тарыхый булактардан Суяб тууралуу маалыматтар кездешпейт.

Орто кылымдагы авторлордун маалыматтарына караганда Суяб Чүй өрөөнүндө жайгашкан,бирок андагы орду али тактала элек. Айрым окумуштуулар Суябды Чоң Кемин өрөөнүндөгү Шабдан кыштагынын жанындагы шаар чалдыбары менен байланыштырат.

Англиялык окумуштуу Ж. Клоссондун пикири боюнча Суяб Акбешим шаар чалдыбарына (Токмоктон 10–12 км түштүк-батыш тарапта)окшоштурулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2
  • (en) Cui Mingde (2005), The History of Chinese Heqin, Beijing, People's Press ISBN 7-01-004828-2.
  • (en) David Nicolle (1990), Attila and the Nomad Hordes, Osprey Publishing ISBN 0-85045-996-6.
  • (en) Ji Xianlin (1985), Journey to the West in the Great Tang Dynasty, Xi'an, Shaanxi People's Press.
  • (en) Xue Zongzheng (1992), A History of Turks, Beijing, Chinese Social Sciences Press ISBN 7-5004-0432-8.
  • (en) Xue Zongzheng (1998), Anxi and Beiting Protectorates: A Research on Frontier Policy in Tang Dynasty's Western Boundary, Harbin, Heilongjiang Education Press ISBN 7-5316-2857-0.

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]