Англия

Википедия дан

Иңглан

Герб
Туу Герб
Урааны: «Dieu et mon droit»
«Кудай жана менин укугум»
Мамлекеттик Гимни
Негизделген 928-жыл
Расмий тили Иңглиш тили
Борбор шаары Лондон
Ири шаарлар Лондон, Бирмиңгем, Лидс, Шеффилд, Ливерпуль, Манчестер, Ковентри, Лестер
Башкаруу формасы конституциялык монархия
Падыша
Премьер-министр
Чарльз III
Риши Сунак
Мам. дини англикан чиркөөсү
Аянты
• Жалпы

133 396 км²
Калкы
• Бааланган (2011)
Жыштыгы

53 012 456 адам
396 ад./км²
Этнохороним иңгландык, иңгландыктар
Акча бирдиги Фунт стерлинг
Телефон коду +44

Иңглан (англ. England [ˈɪŋɡlənd]) — Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын административдик-саясий бөлүгү, анын тарыхый очогу. Аянты – 133,395 миң чарчы км. Калкы – 50,7629 млн. (2006). Калк жыштыгы – 395 киши. Улуу Британиянын аянтынын 54%, калкынын 83% Иңгланга туура келет. Борбору – Лондон. Урааны - Dieu et mon droit / Кудай жана менин укугум. Тили – иңглишче. Мамлекеттик дини – иңгликан чиркөөсү.

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Иңглан" деген ат көп учурда Улуу Британия мамлекетин билдирет. Кээде Иңглан деп Улуу Британияны жана Түндүк Ирландияны да аташат.
Иңглан 5, 6-кылымдарда Британиянын аймагына көчүп келген герман уруусу англдардын атынан аталып калган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

927-жылы негизделген. Уэссекс Падышалыгын түзүлүп (519-917-жж.), кийин Улуу Британия Падышалыгына негиз болду (30 апрель 1707 жыл – 1 январь 1801 ж.).

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу Британия аралынын чоң бөлүгүн ээлейт. Түндүктө - Шотландия, батышта – Ирландия менен чектеш. Ири шаарлары: Лондон, Бирмингем, Лидс, Шеффилд, Ливерпул, Манчестер.
Борбор шаары - Лондон

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акча бирдиги - фунт стерлинг.
Улуу Британиядагы казылып алынган темир жана көмүр кенинин дээрлик баары Англиядан чыгат. Машина куруу, химия, тамак-аш (Лондон, Манчестер, Ливерпул), кара металлургия, оор машина (Шеффилд, Дерби), кеме (Ньюкасл, Мидлсборо) куруу, болот эритүү , металл иштетүү (Бирмингем), көмүр казып алуу, кездеме токуу (Брадфорд, Лидс) ж.б. өнөр жай тармактары өнүккөн. Айдоо аянттарында буудай, арпа, кант кызылчасы өстүрүлөт. Уй, кой, үй куштары багылат. Транспорттун бардык түрү өнүккөн. Ири порттору: Лондон, Ливерпул, Манчестер, Саутхемптон, Халл, Бристол ж.б.

Саясий түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкаруу формасы – Конституциялык монархия.
Улуу Британияны монархы – Чарльз III.
Улуу Британияны премьер-министри - Риши Сунак.

Административдик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иңглан административдик-аймактык жактан 46 графтыкка жана Чоң Лондонго бөлүнөт.

Маалымат булактары:

  • Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Бишкек, 2006. 393, 394-бб.