Акча бирдиги

Википедия дан

Акча бирдиги – улуттук акча тутумунун катышы, өлкөнүн аймагында бирдей наркта милдеттүү түрдө кабыл алына турган мыйзамдуу төлөм каражаты. КР ырасмий Акча бирдиги – сом. КР аймагында башка Акча бирдигин киргизүүгө жана акча суррогаттарын чыгарууга тыюу салынган. КР аймагында башка Акча бирдиктери (чет өлкө валютасы) менен эсеп-кысап жүргүзүү шарты менен тартиби мыйзамдар тарабынан аныкталат.<ref>Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7 Өлкөдө акчаны сунуш кылуу базасын аныктоочу накта акчанын типтүү бирдиги, мисалы: сом - Кыргызстанда, манат - Туркменистанда, сомони - Тажикстанда, сум - Өзбекстанда, тенге- Казакстанда, юань - Кытайда, россиялык рубль - Россияда, белорусcиялык рубль - Белоруссияда, америкалык доллар - АКШда, австралиялык доллар - Австралияда, канадалык доллар - Канадада.
Ар бир А.б. эларалык соода жүргузүүдө башка акча бирдигине белгилүү бир катышта болот.

Маалымат булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Том 1. Бишкек-2006. 254-б.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Улуутук банкынын валюталардын расмий курсу