Өзбекстан
|
Өзбекстан Республикасы | |||||
| |||||
| Мамлекеттик Гимни | |||||
| Негизделген | Өзбек хандыгы 1428-жылы | ||||
| Эгемендүүлүк күнү | 31-август 1991-жыл
( СССРден) | ||||
| Расмий тили | өзбекче | ||||
| Борбор шаары | Ташкен | ||||
| Ири шаарлар | Ташкен, Баргана, Букар (шаар), Самаркан, Наманган, Анжыян, Нукус | ||||
| Башкаруу формасы | Президенттик республика | ||||
| Президент Премьер-министр Сената төрагасы | Шавкат Мирзиёев Абдулла Арипов Танзила Нарбаева | ||||
| Мам. дини | Динден тышкары | ||||
| Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 56чы - дүйнөдө 448 978 км² 4,9 | ||||
| Калкы • Бааланган (2016) • Жыштыгы | ▲37 535 605 [1] адам (41чи) 77 ад./км² | ||||
| ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
▲ 428,210 млрд. [2] $ (57-чү) | ||||
| ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
▲ 130,321 млрд.[3] $ (67-чү) ▲ 3.380 [4] $ | ||||
| АДӨИ ( 2024) | ▲ 0,727 (жогору) (101-чи) | ||||
| Этнохороним | өзбекстандык, өзбекстандыктар | ||||
| Акча бирдиги | Өзбек сому (UZS, код 417) | ||||
| Домени | .uz | ||||
| ISO коду | UZ | ||||
| ЭОК коду | UZB | ||||
| Телефон коду | +998 | ||||
| Убакыт аралыгы | UTC 5 | ||||
Өзбекстан (өзб. O’zbekiston, Ўзбекистон), расмий түрдө — Өзбекстан Республикасы (өзб. O'zbekiston Respublikasi, Ўзбекистон Республикаси) — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. Чектеш мамлекеттер: чыгышта ― Кыргызстан, түндүк-чыгыш, түндүк жана түндүк-батышта ― Казакстан, түштүк-батыш жана түштүктө ― Түркмөнстан, түштүктө ― Ооганстан жана түштүк-чыгышта ― Тажикстан. Борбору — Ташкент шаары. Расмий тили — өзбек. Аянты 448978 км2. Учурда өлкөнүн калкынын саны 37,5 миллион адамдан ашат [5] Валюта – сум. Өзбекстан жарым президенттик конституциялык башкаруу формасына ээ светтик мамлекет. Өзбекстан 12 облустан (вилаят), Ташкент шаарынан жана Каракалпакстан автономиялуу республикасынан турат. Өзбекстан Түрк мамлекеттер уюму, КМШ, БУУ, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ), ШКУ мүчөсү. Негизги дини Ислам, өзбектердин басымдуу бөлүгү мусулмандар.
Ири шаарлары — Ташкен, Фергана, Самаркан, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өзбек элинин тарыхы Борбор Азиянын башка түрк элдеринин тарыхы менен тыгыз байланыш жана азыркы Өзбекстандын чегинен ары чыгат. Өзбекстандын аймагында эң алгачкы мамлекеттердин пайда болушу биздин заманга чейинки VIII-VII кылымдарга тийиштүү. Ал кезде Хорезм жана Бактрия сыяктуу мамлекеттер түзүлгөн. Заманбап Өзбекстандын аймагындагы байыркы шаарлар болуп Ташкен, Букар, Самаркан, Хива, Шахрисабз, Карши, Термез жана Маргалаң эсептелет.
Биздин заманга чейинки 329-327 жылдары Искендер Зулкарнайн Согдиана жана Бактрияны басып алып, Бактриянын жергиликтүү башкаруучунун кызы Роксанага үйлөнгөн. Басып алуучуларга катуу каршылык көрсөтүлүп, Александрдын аскерлерин ушул аймакта кармап калуусун көздөшкөн.
Биздин заманга чейинки IV кылымдан баштап байыркы Хорезмдин гүлдөшү башталат. 305-995-жылдары Хорезмди Афригидтердин хорезмшахтарынын династиясы башкарган.
VI—VII кылымдарда Өзбекстандын аймагынын бөлүгү Түрк Каганаты жана Сасанид Империясынан көз каранды болгон Согдиана жана Бактриянын курамына кирген. Араптар басып алгандан кийин Арап Халифатынын курамына кирген. Улуттук-боштондук кыймылдардан улам Тахириди жана Якубийон сыяктуу династиялар пайда болгон. IX кылымдын экинчи чейрегинен баштап Саманийлер Мовароуннахр жана Хоросондун аймактарын бириктирип, Саманийлер мамлекетин түзүшкөн. Саманийлер башкарган учурда X кылымга чейин сакталган мамлекетти башкаруу негиздери түзүлгөн. Ушул мезгилде региондо илим, маданият, поэзия өнүгүп баштаган.
X кылымдын аягында Саманийлер мамлекети Караханийлер жана Газневилер көчмөн элдеринин кысымынан улам кыйраган.
XII — XIII кылымдын башында азыркы Өзбекстандын аймагы, 1219-1221 жылдары Чыңгызхандын моңголдору басып алган Хорезмшахтар мамлекетинин курамына кирген. Кийин Өзбекстандын аймагы Чыңгызхандын уулдары Жучу Хан менен Чагатайдын улустарынын курамына кирген.
XIV кылымда Амир Темир башкарган (1336-1405). Согуштук жүрүштөрүндө мамлекетинин аймагын бир кыйла кеңейткен жана көп чектеш аймактарды басып алган. ал аймактардын ичинде: Персия, Кичи Азия, Түндүк Индия, Закавказье, Чыгыш Дашт-и-Кыпчак жана башка. Амир Темирин мамлекетинин борбору Самарканд болгон. Тимурийлер доорунда аймактын илими жана маданияты гүлдөйт.
1499-жылы Дашт-и-Кыпчак талаасынан азыркы Өзбекстандын аймагына Мухаммед Шейбани хандын аскерлери кирип келет. Шейбанийлер 1500-1501-жылдары Тимурийлердин борбору Самарканды басып алгандан улам Тимурийлер мамлекети кулаган жана Шейбанийлер мамлекети негизделген.
Убакыт өткөн соң Шейбанийлер мамлекети Хива хандыгы жана Букар хандыгы болуп экиге бөлүнүп калган. Хорезмде такка Шейбанийлердин туугандары Арабшахийлер чыгышкан. Букар хандыгында башкарган династия болуп Шейбанийлер болуп турган (1500-1601). Андан соң Аштарханийлер бийликке келген. Аштарханийлерден кийин такка Маңгыттар чыгып, хандыкты Букар эмирлигине айлантышкан.
XVIII кылымдын башында Кыйба хандыгындагы бийлик Арабшахийлерден казак чингизидтерине өткөн, кийин 1770 жылдан 1920 жылга чейин коңурат уруусунун династиясынын колунда болгон.
1709-жылдан 1876-жылга чейин азыркы Өзбекстандын аймагында, «миң» деген уруусу түптөгөн Кокон хандыгы бар болгон.
Орусия империясы Өзбекстандын аймагын басып алуу аракетинин башында, бул аймакта үч мамлекеттик түзүлүш бар болчу, алар: Бухара эмирлиги, Кокон хандыгы жана Кыйба хандыгы. 1876-жылы Орусия империясы Кокон хандыгын талкалаган, хандык жоюулуп, борбордук аймактары Фергана облусунун курамына кирген.
XX кылымдын башында Борбор Азия Орусия империясынын курамында болот. Советтик бийлик орноп баштаганда, бүткүл Борбор Азия Советтик Союздун бөлүгү болот. 1924-жылдын 27-октябрында Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы түзүлөт, борбор шаары - Самарканд.
1930-жылдын 1-сентябрында Өзбек ССРинин борбор шаары Самаркандтан Ташкенге которулат.
1991-жылдын 31-августунда Президент Ислам Каримовдун демилгеси менен Өзбекстандын көз карансыздыгы жарыяланган. Ошол эле күнү Өзбекстандын Жогорку Кеңеши “Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” токтомун жана "Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн негиздери жөнүндөгү" Мыйзамын кабыл алган. Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы Өзбекстан Республикасы деп аты алмаштырылган.
1-сентябрда Өзбекстандын Эгемендүүлүк Күнү белгиленет.
Өзбекстандын Конституциясы 1992-жылдын 8-декабрында кабыл алынган.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чек аранын узундугу — 6221 чакырым.
Деңиз деңгээлинен эң жогорку бийиктиги: Азирет-Султан чокусу, бийиктиги — 4643,3 м (Ысар тоо кыркасы). Деңиз деңгээлинен эң төмөнкү бийиктиги: Миңбулак чуңкурундагы Кулатай шордуу жери — −12,7 м (Кызыл-Кум чөлү).
Климаты чукул континенталдык. Январдын орто температуралары — +4 °Cдан −10 °Cга чейин, Июль айынын орто температурасы +22 °Cдан +32 °Cга чейин. Эң төмөнкү температура — -38°С.
Өзбекстандын аймагы ар түрдүү, бирок бул өлкөнүн чоң мейкиндиктери жашоого жарактуулугу начар, булар: чөлдөр, талаалар жана тоолор. Өзбекстандын эли жашаган шаарлардын көпчүлүгү өзөндөрдө жайгашкан.

Административдик-аймактык бөлүнүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өзбекстан Республикасы Каракалпакстан Республикасынан (картада – 14), облустардан (өзб. viloyat), айыл тибиндеги райондордон (өзб. tuman), шаар тибиндеги райондордон, облус карамагындагы шаарлардан, район карамагындагы шаарлардан, айылдардан турат. Өзбекстандын борбору — Ташкент(картада – 1), борбордук кармагындагы шаардын статусуна ээ.
Өзбекстан Республикасынын облустары:
- Анжыян облусу (2)
- Букар облусу (3)
- Жызак облусу (5)
- Кашка-Дарыя облусу (8)
- Навои облусу (7)
- Наманган облусу (6)
- Самаркан облусу (9)
- Сурхан-Дарыя облусу (11)
- Сыр-Дарыя облусу (10)
- Ташкен облусу (12)
- Баргана облусу (4)
- Хорезм облусу (13)
| Шаар | Калкынын саны миң адам 1.01.2014 карата |
|---|---|
| Ташкент | 3,112,800 [6] |
| Самаркан | 509,0 |
| Наманган | 475,7 |
| Анжыян | 403,9 |
| Нукус | 295,2 |
| Букар | 272,5 |
| Фергана | 264,9 |
| Каршы | 254,6 |
| Кокон | 233,5 |
| Маргалаң | 215,4 |
| Ангрен | 175,4 |
| Жызак | 163,2 |
| Чырчык | 149,4 |
| Үргөнч | 137,3 |
| Термез | 136,2 |
| Навои | 134,1 |
| Алмалык | 121,1 |
| Кожолу | 104,5 |
| Денау | 104,4 |
| Бекабад | 101,2 |
| Шахрисабз | 100,3 |
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2014-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын калкынын саны 30 миллион адамдан ашкан, анын ичинен 51% — шаар калкы, 49% — айыл калкы. Бир жыл аралыгында 2013-жылдын 1-январынан 2014-жылдын 1-январына чейин Өзбекстандын калкы 495,1 миң адамга көбөйгөн. 2013-жылы туулгандардын саны 674,9 миң, каза болгондордун саны 145,0 миң адамды түзгөн.
Калктын орто жыштыгы 1 чарчы чакырымга 65,8 адам. Калкынын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында Орусия жана Украинадан кийин үчүнчү орунда турат.
Калктын улут курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2000-жылга карата калктын улут боюнча бөлүштүрүүсү
- өзбектер — 28 млн. 959 миң адам (калктын 88 %)
- орустар — 399 миң адам
- тажиктер — 299 миң адам
- казактар — 390 миң адам
- каракалпактар — 504 миң адам
- татарлар — 324 миң адам
- кыргыздар — 551 миң адам (2021)
- корейлер — 164 миң адам
- түркмөндөр — 152 миң адам
- украиндер — 105 миң адам
- армяндар — 42 миң адам
- азербайжандар — 36 миң адам
- парстар — 30 миң адамдын тегерегинде
- уйгурлар — 20 миң адам
- беларустар — 20 миң адам
- кырым татарлары — 10 миң адам
- жөөттөр — 10-20 миң адамдын тегерегинде
- букар жөөттөрү — 9,7 миң адам
- түрктөр — 10 миң адам
- немистер — 7,9 миң адам
- гректер — 10 миң адам жана башкалар.
Тили
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик тили — өзбек тили. Маанилүүлүгү боюнча орус тили экинчи орунда турат. Орус тилин калктын чоң бөлүгү колдонот. Англис тилин үйрөнүү мамлекет үчүн абдан маанилүү. 2013/2014-окуу жылынан баштап мектепте 1-класстан баштап англис тилин сөзсүз үйрөнүү киргизилген.
Өзбек тилинен тышкары, бир катар аймакта башка тилдер да колдонулат. Каракалпакстан автономиялуу республикасында каракалпак тили да ырасмий тил болуп саналат.
Жалпысынан Өзбекстанда өзбек мектептеринен тышкары 848 орус, 417 казак, 377 каракалпак, 256 тажик, 60 кыргыз, 43 туркмөн мектептери бар.
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өзбек улуттук каада-салттары жана дөөлөттөрү – этникалык жана адеп-ахлактык – байыртадан бери үй-бүлөнү бузулуудан жана бузулуудан сактоого, улуу муундардын урмат-сыйына, урмат-сыйына жана кадыр-баркына, чет өлкөлүктөргө меймандостугуна багытталган.
Өзбектердин маданияты жаркын жана оригиналдуу, ал миңдеген жылдар бою калыптанган жана ар кайсы доордо азыркы Өзбекстандын аймагында жашаган элдердин салттарын,салттарын өзүнө сиңирген. Ага байыркы перстер, гректер, көчмөн түрк уруулары, арабдар, орустар өз салымын кошушкан. Көп улуттуу Өзбекстандын салттары музыка, бий, живопись, колдонмо искусство, тил, ашкана жана кийим-кечелерде чагылдырылган. Өзбек маданияты Борбордук Азия маданияттарынын квинтэссенциясы болуп саналат, бирок ошол эле учурда Өзбекстандын ар бир аймагынын улуттук кийимдеринде жана жергиликтүү диалектилерде эң айкын көрүнүп турган өзүнүн уникалдуу түсы бар.
Өзбекстанда маданият жана коомдук мамиле көп кылымдуу тарыхка ээ. Массалык маалымат каражаттарынан (1300дөн жогору) Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясын, аймактык теле жана радиокомпанияларын, FM-радиостанцияларын, өкмөттүк гезиттерди жана интернет-каражаттарды белгилесе болот. Санариптик технологияга өтүүнүн натыйжасында Өзбекстандын теле жана радиоиндустриясынын өнүгүүсү күчөдү.
Өзбекстанда гезиттер өзбек, каракалпак, тажик, казак, орус жана башка тилдеринде басып чыгарылат.
Маданият мекемелери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Өзбектеатр» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси
- «Өзбекнаво» эстарда бирикмеси
- «Шарк тароналари» эл аралык музыкалык фестивалынын башкы дирекциясы
- Академиялык, элдик жана көркөм коллективтердин дирекциясы
- Оркестрлер (симфониялык, камералык, элдик аспаптарынын)
- «Өзбекракс» улуттук бий бирикмеси
- «Өзбекмамцирк» Республикалык бирикмеси
- Республикалык методикалык жана маалымат борбору
- Чыгармачыл жаштар үйү
- Элдик чыгармачылыктын жана маданий-агартуу кызматынын Республикалык илимий-методикалык борбору
- Маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу боюнча башкы илимий-өндүрүштүк башкарма
- Көркөм экспертиза башкармасы
- «Өзбекмузей» Республикалык фонду, республиканын музейлери
Республикада 40ка жакын театр иштейт, алардын ичинде — Алишер Навои атындагы Мамлекеттик Академиялык Чоң Театр, Илхом театры. Искусствого Өзбекстан Улуттук симфониялык оркестри чоң салымын кошот.
ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас объектилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өзбекстандын ЮНЕСКО Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинде беш маданий жана эки жаратылыш объектилери бар. Маданият объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Итчан Кала (Кыйба), 1990-жылы кошулган
- Бухаранын тарыхый борбору, 1993-жылы кошулган
- Шахрисябздын тарыхый борбору, 2000-жылы кошулган
- Самарканд – Маданияттардын кесилиши, 2001-жылы кошулган
- Улуу жибек жолу Зарафшан-Каракум коридору, 2023-жылы кошулган[7][8]
Табигый жерлер болуп төмөнкүлөр саналат:
- Батыш Тянь-Шань, 2016-жылы кошулган
- Турандын муздак кышкы чөлдөрү, 2023-жылы кошулган[9] анын болжолдуу тизмесинде отуз беш мүлк бар.
Мамлекеттик майрамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1992-жылдын 2-июлунда Олий Мажлис «Майрамдык күндөр жөнүндө» законун кабыл алып, төмөнкү күндөрдү майрамдык деп жарыялаган.
- 1-январь — Жаңы Жыл,
- 14-январь — Мекенди коргоо күнү,
- 8-март — Эл аралык аялдар күнү,
- 21-март — Нооруз,
- 9-май — Жеңиш жана Ардак күнү,
- 1-сентябрь — Эгемендүүлүк күнү,
- 1-октябрь — Мугалим жана Устат күнү,
- 8-декабрь — Конституция күнү,
- Орозо айт жана Курман айт диний майрамдары.
Мекенди коргоо күнүнөн тышкары, баардыгы иш күнү эмес деп эсептелинет.
Электрондук массалык маалымат каражаттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясын (УТРК);
- Өзбекстан өкмөттүк эмес ММК Улуттук ассоциациясы.
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
| Азия өлкөлөрү | ||
|---|---|---|
| Эгемендүү мамлекеттер | Азербайжан1 • Армения • Бангладеш • Бахрейн • Бириккен Араб Эмирликтери • Бруней • Бутан • Вьетнам • Грузия1 • Жапония • Израиль • Индия • Индонезия3 • Иордания • Ирак • Иран • Йемен2 • Казакстан1 • Камбожа • Катар • Кипр1 • Кыргызстан • Кытай • Корей Эл-Демократиялык Республикасы • Түштүк Корея • Кувейт • Лаос • Ливан • Малайзия • Мальдив • Мисир2 • Моңголия • Мьянма • Непал • Оман • Ооганстан • Орусия4 • Өзбекстан • Пакистан • Сауд Арабиясы • Сингапур • Сирия • Тажикстан • Тайланд • Түркмөнстан • Түркия4 • Филиппин • Чыгыш Тимор • Шри-Ланка | |
| Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Абхазия • Түштүк Күрдстан • Палестина • Тайвань • Түндүк Кипр • Түштүк Осетия | |
| Көз каранды аймактар | Акротири жана Декелия • Гонконг • Макао | |
| 1Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, жарым-жартылай Европада же толугу менен Азияда. 2Ошондой эле Африкада. 3Ошондой эле Океанияда. 4ошондой эле Европада. | ||
| Түркий тилдүү мамлекеттер | |
|---|---|
| Постсоветтик мейкиндик | |
|---|---|
| БУУ мүчөлөрү |
|
| Жарым-жартылай таанылган мамлекеттер |
|
| Таанылбаган мамлекеттер |
|
| Жоюлган, жарым-жартылай таанылган мамлекеттер |
|
| Жоюлган, таанылбаган мамлекеттер |
|
| Жоюлган, таанылбаган автономиялар |
|
| Эл аралык уюмдар |
|
- ↑ Өзбекстандын калкы 2024.
- ↑ World Economic Outlook Database, Uzbekistan.
- ↑ World Economic Outlook Database, Uzbekistan. International Monetary Fund.
- ↑ International Monitary Fund.
- ↑ Өзбекстан Республикасындагы демографиялык абал - 9/11/2024. Statistics Agency of Uzbekistan.
- ↑ Ташкенттин жашоочулары.
- ↑ Silk Roads: Zarafshan-Karakum Corridor has been recommended for the inscription on the UNESCO World Heritage List (англ.).
- ↑ Silk Roads: Zarafshan-Karakum Corridor. pp. 7-9. https://whc.unesco.org/document/186705. Retrieved 18 September 2023.
- ↑ Uzbek. UNESCO.