Букар (шаар)
Букар (Бухара) – Өзбекстан Республикасындагы шаар. Заравшан дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Букар вилайетинин администрациялык борбору. Калкы 248,4 миң (2006). Темир жол бекети. Жолдор тоому. Археологиялык маалыматтар боюнча биздин замандын 1-кылымынан мурда негизделген. Жазуу эстеликтеринде 5-кылымдан эскерилет. 709-ж. аны араптар басып алган. Букар байыртадан эле Орто Азиядагы соода, кол өнөрчүлүк, маданияты өнүккөн шаар болгон. Анын калкы Иран, Индия, Кытай жана башка өлкөлөр менен соода кылган. 9–10-кылымда Букарды Саманиддер каратып, өздөрүнүн зор мамлекетинин борборуна айландырган. Шаарды 1220-ж. Чыңгызхан, 1370-ж. Тимур басып алган. 16-кылымдын башында Букар көчмөн өзбек урууларынын ээлигине өтүп, Шейбаниддер мамлекетинин баш калаасы болгон. 16-кылымдын ортосунан 1920-жылга чейин Букар хандыгынын, Букар эмирлигинин, 1920–24-ж. Букар Республиканын борбору. 17–18-кылымда Букарга парс шахтары бир нече жолу басып кирген.
Каракөл терисин иштетүү, пахта тазалоо заводдору, кебез-кездеме, текстиль комбинаты, шарап, тамак-аш жана башка ишканалары иштейт. Илгертен көркөм промысели (алтын жип менен тигүү, жибек токуу, металлга чегелөө жана башка) өнүккөн. Эки жогорку окуу жайы, бир катар атайын орто окуу жайлары, мамлекеттик архитектура, көркөм сүрөт музей-коругу, театр, тарых, край таануу музейи бар. Анда 140ка жакын архитектура эстеликтери сакталып калган. Орто Азия зодчийлигинин шедеврлери борбордук чамгарактуу Саманиддердин күмбөздөрү (Исмаил Саманинин күмбөзү, 9-кылымдын аягы – 10-кылымдын башы) салынып, ичи-сырты бышкан кыштан оймо-чиймеленген. Пои-Калян ансамблине кирген Калян мунарасы (1127) тегерете кыш менен оймолонгон. Ортоңку Чыгыштын көрүнүктүү архитектуралык эстелиги Калян мечити (12-кылым, 15–16-кылымдар) жана 2 чамгарактуу Сейфад-Дин Бохарзи күмбөзү (13-кылым, 14–15-кылым кайра курулган). БуянКулихандын чакан күмбөзүнүн (14-кылым) сырты бышырылган сары, кызыл чопо менен кооздолгон; Улугбектин медресесинин (1417) жанында кооздолуп курулган Абдулазис хандын медресеси (1652) орун алган. 16-кылымдын архитектуралык курулуштарына жасалгаланган Балянд мечити жана Кожо Зайнуддиндин ханагы, Орто Азияда эң чоң Кукельташ медресеси, чамгарактуу соода курулуштары Заргаран, Тельпак-Фурушан жана Саррафан, үстү жабык (тим), Абдулла-хандын базары, ЧарБакр мемориалдык ансамбли (1560–63), Файзабад ханагы (1598–99); 18–19-кылымдагы курулушка Арк (цитадель), 4 мунаралуу эшиги бар ЧарМинар медресеси (1807) кирет. Сов. мезгилде шаар көрктөндүрүлүп, көптөгөн жаңы курулуштар салынган. 1964-ж. кайра куруу планы бекитилип (архитектор В. П. Чунихин, В. Н. Слонимский, Т. Н. Калиновская), байланыш үйү (1966, архитектор М. Чернов), облусу менчик китепкана (1969, типтүү долбоор менен) жана башка көптөгөн имараттар курулган. 1993-ж. Б-нын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мураска киргизилген. 13–18-кылымда Б. Орто Азиядагы музыка маданиятынын көрүнүктүү борбору болгон. Өзгөчө оозеки чыгармачылык өнүккөн. Белгилүү музыка теоретиктери Нажмиддин Кавлаби Бухари (16-кылым.), Дервеш Али Чанги (16–17-кылымдарда) жашашкан. С. Айни атындагы музыкалык драма жана комедия, куурчак театрлары бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4