Анжыян облусу
Өлкө |
Өзбекстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Б.ири шаары | |
Облус акими |
Шухратбек Абдурахманов |
Расмий тили | |
Калкы |
2 672 300 |
Жыштыгы |
636,26 адам/км² |
Аянты |
4 240 км² (13- орунда) |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Убакыт аралыгы | |
Аббревиатурасы |
UZ-AN |
Коду ISO 3166-2 |
UZ-AN |
Автоунаа номурунун коду |
17 (эски үлгүсү 1998—2008), |
Расмий сайты | |
Анжыян облусу (өзб. Andijon viloyati) — Өзбекстандын эң чыгыштагы облусу болуп саналат Административдик борбору — Анжыян шаары. Облустун батышы кыр-адырлардан турат, чыгышы тоо кыркаларына туташкан. Күчтүү жер титирөөлөр болуп турат.
Облустун эгин аянттарынын саны менен курамы көз карандысыздыктан кийин өзгөрдү. Дың жерлер жокко эсе. Пахтанын дүң түшүмү түшүмдүүлүк эсебинен гана жогорулатылат. Жашылча, картөшкө жана бакча эгиндери негизинен шаарлардын айланасында өстүрүлөт. Облуста дан эгиндери аянттарынын үлүшү да аз. Айыл чарбасында багдарчылык салмактуу орун ээлейт. Бактар жана жүзүмзарлар адырлардын эсебинен гана кеңейүүдө. Адистештирилген багдарчылык чарбалары бар.
Мал чарбасында кой менен эчкилердин үлүшү чоң. Бодо мал негизинен эт жана сүт үчүн асыралат. Жибекчилик облустун чарбасында чоң мааниге ээ.
Облуста өнөр жай да жогору деңгээлде өнүккөн. 160-тан ашуун өнөр жай ишканалары бар. Ишканалардын арасынан Анжиян автомобиль отургучтары заводу, ирригациялык машина куруу заводу жана «Семург» трикотаждык акционердик бирикмеси ири ишканалар эсептелет. Алар негизинен Анжиян өнөр жай түйүнүндө жайлашкан, облус электр энергиясын экономикалык географиялык райондун бириккен энергетика системасынан алат. Кемпир-Абад суу сактагычында кубаттуулугу 100 миң киловаттуу ГЭС курулган.
Анжиян — алгачкы мунайзат алынган борборлордон бири. Мунайзат ноо аркъшуу Ферганадагы мунайзатты кайра иштөө заводуна жиберилет. Кожоабад газы Анжиян менен Асакеге жеткирип берилет.
Административдик бөлүнүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Област 14 административдик районго бөлүнөт.
- Алтынкөл (11) — борбору Алтынкөл
- Андижан (1) — борбору Куйганяр
- Асаке (2) — борбору Асаке
- Балыкчы (3) — борбору Балыкчы
- Боз (4) — борбору Боз
- Булакбашы (5) — борбору Булакбашы
- Жалакудук (7) — борбору Ахунбабаев
- Ызбаскан (6) — борбору Пайтуг
- Коргондөбө (9) — борбору Коргондөбө
- Мархамат (10) — борбору Мархамат
- Пахтабад (12) — борбору Пахтабад
- Улугнор (14) — борбору Акалтин
- Кожо-Абат (8) — борбору Кожо-Абад
Шаарлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаар тибиндеги кыштактары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Хокимият Андижанской области Archived 2009-10-11 at the Wayback Machine
- Области Узбекистана
- Анжыян облусу — статья из Большой советской энциклопедии
- Автомобильные номера Андижанской области СССР
Облус укугуна ээ шаары | Ташкент | |
---|---|---|
Республика | Каракалпакстан | |
облустар | Андижан • Бухара • Жызак • Кашкадарыя • Навоий • Наманган • Самарканд • Сурхандарыя • Сырдарыя • Ташкент • Фергана • Хорезм |