Жибекчилик

Википедия дан

Жибекчиликайыл чарбанын жибек куртун өстүрүүчү тармагы. Мында пилла алуу максатында бакма (тыт жибек курту) жана жапайы жибек курту багылат. Жибек куртунун бирден-бир азыгы тыт жалбырагы болгондуктан, жибек куртун асыроо тыт дарагын өстүрүү менен айкалыштырылат. Табигый нукура жибек алуу үчүн тыт жибек курту Кытайда мындан 5 миң жыл мурда эле өстүрүлгөн. КМШ аймагында Орто Азия менен Закавказьеде 5–7-кылымда пайда болгон. Жибекчиликтин өндүрүштүк процесстери – тыт өстүрүү, грена чыгаруу, жибек куртун тоюттандыруу, пилланы алгачкы иштетүү (пилланын ичиндеги курт куурчакчасын өлтүрүү, пилланы кургатуу). Жибек куртунун породасын жакшыртуу, көбөйтүү иштерин жибекчилик ИИИ жана асыл тукумдаштыруу станциялары жүргүзөт. Чет мамлекеттерден жибекчилик Япония, Кытай, Индия, ошондой эле Корея, Түркия, Бразилия жана башка бир катар өлкөлөрдө дурус жолго коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1