Айыл чарба

Wikipedia дан
Айыл чарба.

Айыл чарба - мал чарба жана дыйканчылык азык-түлүгүн алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мал асыроо. Айыл чарбасы калкты тамак-аш, азыктүлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылуу максатын көздөйт.

Кыргызстандын калкынын кылымдар бою калыптанган мал чарбачылыгы, дыйканчылыгы, жалпы калкынын 65%и айыл жеринде жашашы аграномиялык өлкө болушуна жана айыл чарбанын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүүсүн тарыхый үч мезгилге, башкача айтканда Улуу Октябрь социалистик революциясына чейинки, СССР убагындагы жана эгемендүү мамлекет учурундагы мезгилге бөлүп кароого болот. Алгачкы мезгилде социалистик-экономикалык шарттарга ылайык керектөөлөрдү гана канааттандыруу максаты болгон. Совет бийлигинин мезгилинде айыл чарбасында негизги өндүрүш каражаттарына коомдук менчик болгондуктан, ири чарбалар - колхоз, совхоздордо өндүрүштү пландуу түрдө өнүктүрүү менен анын илимий техникалык прогресске таянган жаңы материалдык-техникалык базасы түзүлгөн. Капиталдык салымдарды ургаалдуу колдонууга, алардын кайрымдуулугуна, интенсивдүү технологияны өндүрүшкө киргизүүгө зор көңүл бурулган. Чарбанын социалдык формасы, айыл чарба техникасын пайдалануу, квалификациялуу кадрлардын көбөйүшү, илимдин жана алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин өндүрүшкө системалуу жайылтуу айыл чарбанын экономикасында жогорку натыйжалуулукту камсыз кылган. Айыл чарба ички дүң продукциянын 36-40%ин түзөт, өз ара тыгыз байланыштуу эки ири тармакка (дыйканчылык жана мал чарбасы) бөлүнөт. Дыйканчылык тармагына эгилме өсүмдүктөрдү өстүрүү, башкача айтканда, дан, жашылча, жемиш, картошка, техникалык жана май алынуучу өсүмдүктөр, тоют өсүмдүктөр жана тамеки өстүрүү кирет. Айыл чарба өсүмдүктөрү коомдун өндүргүч күчтөрүн өркүндөтүүдө зор роль ойнойт, себеби аларды өстүрүү айыл чарбаны техникалык жактан жабдуу деңгээлин көтөрүү менен азык-түлүктү кайра иштетүүнү шарттайт. Мал чарбасына кой, бодомал, жылкы, чочко, топоз ж. б. чарбалары кирет. Бул эки тармакты айкалыштыра өнүктүрүү материалдык, акча жана эмгек ресурстарын ургаалдуу пайдаланууну камсыз кылат. Дыйканчылыксыз туруктуу тоют базасын түзүү, мал чарбасын илгерилетип өстүрүү мүмкүн эмес, ал эми мал чарбасы өз кезегинде дыйканчылыкка эң баалуу органикалык жер семирткич (кык) берет. Айыл чарбасында негизги өндүрүштүк каражат жер болуп эсептелет. Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү жана жайгаштыруу жердин өзгөчөлүгүнө, базардан алыс же жакын орун алышына жана табигый-климаттык шарттарга жараша болот. Бул өзгөчөлүк кыртыштын кунардуулугун жакшыртууда илимий жактан негизделген дыйканчылык системасын, айыл чарбаны жүргүзүү системасын иштеп чыгып, колдонуу зарылчылыгын туудурат. Кыргызстанда 19,95 млн га, жалпы жер аянтынын 54%и (10,797 млн га), айыл чарбасында пайдаланылат. Анын 1,237 млн гасы айдоо жер, 9,2 млн гасы жайыт жана 0,17 млн гасы табигый чөп чабынды. 1991-жылдан кийин айыл чарбаны реформалоонун натыйжасында ири колхоз-совхоздордун базасында жеке менчикке негизделген жаңы өндүрүштүк система дыйкан жана фермердик чарбалар уюштурулган. Натыйжада 2004-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 267,8 миңди түзүп, анын ичинде 266,0 миң дыйкан жана фермер (99,3%), 1830 мамл. чарбалар жана ар кандай кооперативдер (0,7%) болгон. Эгерде Советтер Союзунун убагында айыл чарба азык-түлүктөрүн негизинен колхоз-совхоздор өндүрсө, реформанын натыйжасында айыл чарба продукцияларынын 5%и гана мамлекеттик жана коллективдик, 32%и калктын көмөкчү жана 63%и дыйкан-фермердик чарбаларда өндүрүлүүдө. 2003-ж. айыл чарбанын дүң продукциясы 53565,2 млн. сомду түзүп, анын ичинде дыйканчылыктын үлүшү 55,5%, мал чарбачылыгы 44,5% болгон. 2003-жылдын 1-январына карата республтикада 9,2 млн га жайыт жердин 4,13 млн гасы жайкы, 2,95 млн гасы жазгы-күзгү жана 2,1 млн гасы кышкы жайыт. Жайыт жери мамлекеттин менчиги болгондуктан аны эл ижарага алуу жолу менен пайдаланышат. Ири жайыттар Аксай, Арпа, Суусамыр, Чоңалай, Чаткал, Кара-Кужур өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл сырттарында. 1990-ж. өлкөдөгү койдун саны 17,87 млн башты түзүп (шарттуу түрдө), бир гектар жайытка 1,94 баш туура келип, экологиялык жактан негизделген нормадан 2,2 эсеге көп болгон, ал эми 2003-ж. шарттуу түрдө кой 10,89 млн баш болуп, бир гектар жайытка 1,18 баш туура келген. Бирок, эл жашаган кыштактардын тегерегиндеги жайыттын бир гектарына 2,74 баш шарттуу кой туура келгендиктен, айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизбей, жайытты ырааттуу пайдалануу учурдун маанилүү маселеси. Республикада 2003-ж. 1,094 млн га бардык айдоо жердин өсүмдүктөрү (миң га) 619,0 (56,5%); техникалык өсүмдүктөр - 147,2 (13,5%); картошка жана жашылча-бакча өсүмдүктөр - 124,1 (11,3%) жана тоют өсүмдүктөрү 203,6 миң га (18,6%) аянтын ээлейт. Айыл чарбасынын дүң продукциясынын динамикасы, % м-н (1990 — 2003-ж.):

Жылдар Млн сом 1990-ж-га, %
1990 52161,9 100,0
1991 46945,7 90,0
1992 44363,7 85,1
1993 40016,1 76,7
1994 32613,1 62.5
1995 31960,8 61,3
1996 36850,8 70,6
1997 41346,6 79,3
1998 42545,7 81,6
1999 46034,4 88,3
2000 47231,3 90,5
2001 50679,2 97,2
2002 52250,3 100,2
2003 4253,8 104,0

Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү ар гектарынан 27,3 ц, кант кызылчасыныкы - 260,3 ц; пахтаныкы - 26,1 ц; тамекиники - 24,1 ц; картошконыкы - 155,0 ц жана жашылчалардыкы - 178 цди түзөт. Үрөнчүлүк - дыйканчылыкты өнүктүрү үчүн негизи. 1991-93-жылдарда объективдүү жана субъективдүү себептерден үрөнчүлүк чарбалар жоюла баштаган, ал эми 1995-ж. кайра жанданып 46, ал эми 2004-ж. республикада үрөнчүлүк чарбалардын саны 223кө жеткен. Сокулук районундагы кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясы, «Жаңы пахта» эксперименттик чарба, Кара-Суу районундагы пахтачылык тажрыйба, Ак-Суу районундагы Ысык-Көл тажрыйба, Өзгөндөгү «Тамеки» илимий өндүрүштүк станциялары жогорку категориядагы үрөнчүлүк чарбалар, буларда жаңы сорттор чыгарылып, райондоштуруу боюнча селекциялык иштер жүргүзүлөт. 2004-жылдын 1-январына карата республикада 1003,4 миң мал, анын ичинде 538,5 миңи уй, 3677,3 миңи кой-эчки, 340,2 миңи жылкы, 82,8 миңи чочко жана 4332,2 миңи үй канаттуулары болгон.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымынын динамикасы (1990 - 2003-ж.), миң:

А.ч.өсүмдүктөрү 1990 1993 1995 1997 2000 2003
Дан 1572,2 1507,7 913,3 1618,9 1568,7 1670,5
Кант кызылча 1,7 220,2 107,4 205,5 449,8 812,2
Пахта чийки заты 80,9 49,2 71,5 62,4 87,9 105,9
Тамеки 52,9 48,6 17,6 25,7 34,6 8,7
Картошка 342,6 308,3 431,6 678,0 1045,6 1308,2
Жашылча 404,8 259,3 318,4 478,7 746,8 678,0

2002-ж. КР эт жана сүт өндүрүү боюнча шериктеш өлкөлөрдүн ичинде алтынчы, Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунду ээлеген. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарында мал чарбасы жана анын азык-түлүктөрүн өндүрүү деңгээли төмөндөп кеткен, ал эми 1995-жылдан кийин гана бул тармактагы абал турукташып, өсүү темпи камсыз болууда. 2003-ж. бир саан уйдан орточо сүт саап алуу 2154 кг, бир койдун орточо жүн кыркымы 3,5 кг жана бир мекияндан алынган жумуртка 118 даананы түзгөн. Асылдандыруу иши - мал чарбасынын негизи. Бүгүнкү күндө мал чарба фермасында, калктын короосунда жергиликтүү табигый климаттык шартка жакшы көнүккөн, жогорку азыктуу койдун кыргыз уяң жүндүү, тяншань, алай, уйдун алатоо, олуяата, жылкынын кыргыздын жаңы, эчкинин тыбыт жана жүн берүүчү, тооктун кыргыз тукумдары өстүрүлүүдө. Мал чарба продукцпяларын өндүрүүнүн дпнамикасы (1990-2003-жж.), миң:

Продуктулар 1990 1993 1995 1997 2000 2003
Эт (союлган салмак) 254,0 214,3 179,9 186,3 196,1 200,9
Сүт 1185,0 946,0 864,2 910,9 1105,2 1191,8
Жүн 39,0 31,2 14,8 11,4 11,7 11,6
Жумуртка (млн даана) 717,0 388,9 146,7 163,8 207,4 267,6

Асыл тукум мал чарбасын 228 чарба жүргүзүүчү субъект түзөт. Айыл чарбаны пландоо жана кеңеш берүү жактан камсыз кылуу үчүн агрардык илим жана консулътациялык кызмат борбору, анын карамагындагы төрт илимий-изилдөө институттары, айылдык кеңеш берүү кызматы окутуу-кеңеш берүү борбору менен тыгыз байланышта иш жүргүзүшөт. Кыргыз агрардык университети жана техникумдар агро-өнөр жай комплекси үчүн жогорку жана атайын орто билимдүү адистерди даярдашат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1