Мал чарбасы

Википедия дан
Мал чарбачылык‎»‎ барагынан багытталды)
Мал чарбачылык.
Мал чарбачылык.

Мал чарбасы — үй жаныбарларын багууга жана асырап өстүрүүгө негизделген чарбанын тиби же чарбалык уклад. Мал чарбачылык мезолит-неолит доорлорунда, мындан 10-8 миң жыл мур- да жаныбарларды колго үйрөтүп, бакмалаштыруу менен катар пайда болгон. Мал чарбасынын үстөмдүк кылган алдыңкы түрү да, ошондой эле багыныңкы түрү да болушу мүмкүн. Ошого ылайык уюлдун бир жагында көчмөн мал чарбалыкты, экинчи жагында отурукташкан дыйкандар общинасындагы аз сандагы мал багуу жана өстүрүүнү көрүүгө болот. Бул эки уюлдун арасында көптөгөн өтмө типтер жайгашкан. Алардын баары тигил же бул деңгээлде адамдардын жашоо ыңгайын аныктайт, ал өз кезегинде бул чарбаларды типологиялаштыруусунун негизги критерийи болуп кызмат кылат. Мал чарбалыктын башкы типтери: атайын малчы баккан, алыскы жайытта багуу, жарым көчмөн, көчмөн түрлөрү. Бул типтер ырааттуу түрдө ар кайсыл негизде мал чарбалык техникалык жана жаюу ыкмаларын өркүндөтүүгө, малды пайдалануунун жаңы формаларынын пайда болушуна жана малдын күчүн, мал чарбалык продукциясын пайдаланууга керектөөнүн өсүшүнө, айрым адам топторунун социалдык структурасынын өзгөрүшүнө, малчылыктын жаратылыш шарттары башка райондорго таралышына жана башкалар байланыштуу калыптанган. Алгачкы учурда үй жаныбарларды эт үчүн багышкан жана этинен башка терисин, сөөгүн, мүйүзүн, кылын өндүрүшкө чийки зат катары колдонушкан. Кийинчерээк малды саап сүтүн пайдалануу пайда болгон. Ал б.з.ч. 4-3-миң жылдыктан тартып уйду саай баштаганда жана сүттөн түрдүү азыктарды жасоону үйрөнгөндөн кийин чоң чарбалык мааниге ээ болгон. Ушул эле өңүттөн алганда жүндөн буюмдарды токуу пайда болгон жана таралган. Эчкинин кылынан токулган кездемелер пайда болгон. Малдын күчү алгач үрөндү тебелетип топуракка көмүүдө, дан ташууда, жүк ташууда, бир аз кийинчерээк гана чийнелерге чегүүдө пайдаланган. Жер айдоочу куралдар пайда болгондон кийин мал күчүн колдонуу дагы кеңейди. Үй жаныбарларынын түрүнө, аларды багуунун, пайдалануунун ыкмаларына жана техникасына, климаттык жана физикалык-географиялык шарттарга жараша дүйнөнүн ар кайсы райондорунда түрдүү мал чарбалык системасы калыптанган:

  1. Түндүк Африка менен Түштүк Европадан Түндүк Кытайга, Түштүк Африкага чейинки жарым талаалуу, тоолуу райондордогу алыскы жайытта багууга жана жайлоодо багууга негизделген кой жана эчки чарбасы;
  2. Чыгыш Африкада, Батыш Африканын айрым жерлеринде, Азиянын айрым райондорунда салыштырмалуу нымдуу талаалуу аймактарда алыскы жайытка айдап багууга жаңы жарым көчмөнчүлүккө негизделген бодо мал өстүрүү;
  3. Евразия талааларында көчмөн жана жарым көчмөн чарбадагы кой, эчки, жылкы чарбасы;
  4. Түштүк-Батыш Азиядагы, Сахарадагы жана Орто Азия менен Борбордук Азиянын бир катар райондорундагы көчмөн жана төө чарбасы;
  5. Тибеттеги жайлоодо багылуучу кой, ачки жана топоз чарбалыгы;
  6. Евразия түндүгүндөгү жарым көчмөн жана көчмөн бугу чарбасы;
  7. Анд тоолорундагы отурукташкан шарттарда атайын малчы баккан же жайытта айдап багылуучу лама чарбасы.

Отурукташкан дыйканчылык общиналарында аз сандагы үй жаныбарларын асыроо дыйканчылыкка багытталган чарбанын чегиндеги уклад гана болгон. Өзгөчө чарбалык системалар бир кыйла өнүккөн кошуналарынан транспорттук жаныбарларды кабыл алган аңчыларда калыптанган. Эреже катары, алар аңчылык менен байланышкан көчмөн жашоо ыңгайын уланта беришкен. Жаныбарларды транспорт катары пайдалануу чарбанын эффективдүүлүгүн арттырып, аңчылыктын продуктивдүүлүгү өсөт. Бул Сибирдин жана Түндүк Евразиянын бугу менен аңчылык кылуучулар, Түндүк жана Түштүк Американын талааларынын атчан аңчылары, Түндүк-Батыш Африканын төөчөн аңчылары. Үй жаныбарларын кармаган бардык элдерде аларды тоюттандыруу, дарылоо, сактоо, бир кыйла өнүккөн элдерде малдын башын өстүрүү сыяктуу милдеттери болору шексиз. Үй жаныбарларына кам көрүү эркектер- дин да, аялдардын да жумушу болгон, бирок ар кайсы коомдордо алардын бул ишке катышуусу ар түрдүү болгон. Көбүнчө эркектер мал жайып кеткен, ал эми аялдар айылда калган малга кам көргөн. Бир нече түрдүү мал болсо, анда эркектер ирилерин (төө, жылкы, уй), ал эми аялдар майда жандыктарды (кой, эчки) багышкан. Саан, сүттөн азыктарды жасоо көбүнчө аялдардын жумушу болон, бирок бир катар элдерде (Индияда тода, Түштүк Суданда динка жана башкалар) уйларды эркектер саайт. Көчмөн сомалилерде аялдар майда жандыктарды, ал эми эркектер уйлар менен төөнү саашат. Туарегдердин айрымдарында эркектер төөнү гана, ал эми аялдар уйларды, кой- эчкилерди саашат. Мал чарбачылык техникасынын эволюциясында малды короодо багуунун пайда болушу белгилүү бир кадам болгон. Ал Европада коло доорунан бери белгилүү. Мал жаюуда аны көзөмөлдөө жана жырткычтардан коргоо үчүн көпчүлүк малчылар мурдатан эле итти пайдаланып келатышат. Малчылыктын пайда болушу менчик укугунун өнүгүүсүнө кыйла таасир берди. Үй жаныбарлары башынан эле индивидуалдык менчикте эле, ал эми жайыттар көпкө чейин айрым общиналарга таандык болгон. Малга ээ болуу социалдык мамилелерге чоң роль ойногон, анткени мал калыңга кошулган, мал менен эмгек акы төлөшкөн, эти сыйлуу тамак болгон жана ар кандай тойлорду, ошондой эле арбактарга, кудайларга багышталган ритуалдарды өткөрүүдө кеңири пайдаланылган. Ошондуктан малчылык дыйканчылыкка караганда кадыр-барктуу кесип болгон. Ал турсун дыйканчылык чоң чарбалык мааниге ээ болгон элдерде да малчылык кесипти урматташкан. Мунун негизинде малга карата рухий турмуштун өнүгүүсүнө кыйла таасир берген өзгөчө сый мамиле, кастарлап урматтоо пайда болгон, эпостордо, мифологияда, ырларда, фольклордо, бийлерде, көркөм искусстводо малчылык мотивдерин ролу чоң, турмуш-тиричилик лексикасында да малчылык терминдер көп колдонулат.

Мала — кыртышты жумшартууда жана өсүмдүктү багууда колдонулуучу айыл чарба шайманы. Мала жөнүндөгү алгачкы маалыматтар Рим империясынын мезгилине таандык. Аны славян уруулары биздин замандын 1-миң жылдыгында чарбага, жер иштетүүдө колдоно баштаган. Алгачкы мезгилдеги мала жалаң жыгачтан, кийинчерээк болсо, рамасы жыгачтан, тиши темирден жасалган. Ага күч унаа (өгүз, качыр, ат жана башкалар) чегилген. Азыркы мала темирден жасалып, тракторго чегилет. Ал тиштүү жана дискалуу, ошондой эле жалпы жана атайын мала болуп бөлүнөт.

Маллицкий, Николай Гурьевич (1873-1947). 1901-1906-жж. «Туркестанские ведомости» газетасынын редактору, ал эми 1906-1917-жж. Россия Географиялык коомунун Түркстан бөлүмүнүн башчысы кызматын өтөгөн. Өз кызматына байланыштуу Кыргызстандын түштүк аймактарын, кыргыздар жыш байырлаган Фергана өрөөнүн терең иликтөө менен бирге, кыргыздардын чарбалык укладын, каада-салтын, калктын социалдык курулушун, шайлоолор жөнүндө (Чаткал аймагы) маалыматтарды берген. Мындан сырткары, кыргыз урууларынын эн тамгалары, могол (моңолдор) уруусу жөнүндө жазган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]