Евразия

Wikipedia дан

ЕвразияЖер шарындагы эң чоң материк (континент). Түндүк жарым шарда (айрым аралдары Түштүк жарым шарда). Ал Европа жана Азия дүйнө бөлүгүнөн турат. Батыштан чыгышка 16 миң км, түндүктөн түштүккө 8 миң кмге созулат. Аянты аралдары менен кошо 54,9 млн км2дей (кургактыктын 1/3инен көбүрөөгү), анын ичинде аралдарынын аянты 2,75 млн км2дей. Калкы 4,57 млрд (2000). Аймагынын деңиз деңг. орт. бийикт. 840 м; эң бийик жери – 8848м, ал –Гималайдагы Жомолунгма чокусу. Материктин эң четки тумшуктары: түндүгү – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы – Рока, чыгышы – Дежнёв тумшуктары. Батышынан Атлантика, түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары жана алардын деңиздери менен чулганат. Түштүк-чыгышында Австралия, Азиянын деңиздери Евразияны Австралиядан, Түндүк-чыгышта Беринг кысыгы Түндүк Америкадан, Түштүк-батышында Гибралтар кысыгы, Жер Ортолук деңиз, Кызыл деңиз Африкадан бөлүп турат. Суэц мойногу Евразияны Африка материги менен туташтырат. Европанын жээктери Азияныкына караганда көбү­рөөк тилмеленген. Кургактыктын тутумдаштыгы, материктин азыркы тектон. биримдиги, климаттык процесстердин негизинен окшоштугу, органика дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн жалпылыгы жана башка факторлор материкти «Евразия» деп атоого негиз болгон.

Орографиясы, рельефи жана геололгиялык өнүгүү тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Евразиянын аймагынын 2/3 бөлүгүн тоолор менен бөксө тоолор ээлейт. Негизги тоо системалары: Гималай, Альп, Кавказ, Карпат, Пиреней, Апеннин, Гиндукуш, Каракорум, Памир, Теңир-Тоо, Куньлунь, Алтай, Саян, Түндүк-Чыгыш Сибирь, Урал тоолору; тайпак тоолору – Алдыңкы Азия, Тибет, Саян-Тува; бөксө тоолору – Декан, Орто Сибирь. Ири түздүктөрү менен ойдуңдары: Чыгыш Европа, Батыш Сибирь, Туран, Кашкар, Улуу Кытай, Инд-Ганг, Жунгар, Месопотамия жана башка Евразия өнүгүү мезгилдеринин кыйла татаалдыгы жана геология түзүлүшүнүн өтө ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Континенттин негизи бир нече байыркы материктин ажырашынан же биригишинен калыптанган: Түндүк-батышта Лавренциянын чыгыш бөлүгү кайнозойдо төмөн чөгүп, Атлантика океаны аркылуу Түндүк Америкадан бөлүнүп, Европа пайда болгон; Түндүк-чыгышта Ангарида палеозойдун аягында Урал бүктөлүшү аркылуу Лавренцияга туташып, натыйжада Лавразия пайда болгон; Лавразия мезозойдун ортосуна чейин сакталган; ал эми түштүктөгү байыркы Гондвана материги ажырап, анын Түндүк-чыгыш бөлүгү (Араб жана Инди платформалары) Евразияга туташкан. Евразиянын структурасынын негизги элементтерин байыркы структуралар – Чыгыш Европа (Балтика жана Украина калкандары), Сибирь (Алдан калканы), Кытай-Корей, Түштүк Кытай, Инди платформалары жана Нубия-Араб калканынын бир бөлүгү түзөт. Евразиянын азыркы рельефи неоген жана антропогенде ушул аймакты бүт камтыган ургаалдуу тектоникалык кыймылдан калыптанган. Альп-Гималай жана Чыгыш Азия геосинклиналдык кырчоолору активдүү тектоникалык кыймылда болгон. Ургаалдуу жаңы тектон. кыймылдан Евразияда тоолор үстөмдүк кылып (алардын орточо бийиктиги 840 м), ири тоо тизмектери (Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Теңир-Тоо) пайда болгон; алардын бийиктиги 7–8 миң мден ашкан. Ошондой эле массивдүү Алдыңкы Азия тайпак тоолору, Памир, Тибет да бийик көтөрүлгөн. Бул көтөрүлүүдө Ысар-Алайдан Чукоткага че­йинки тоолуу кеңири тилке, Куньлунь, Скандинавия жана башка тоолор кайра жаралган. Жаңылануу процессине орто бийиктиктеги Урал, Ортоңку Европа тоолору, ошондой эле бир аз Орто Сибирь, Декан жана башка бөксө тоолор да дуушарланган. Материктин чыгышында четки кырка тоолор (Коряк тайпак тоосу, Сихотэ-Алинь жана башка) жайгашып, аларды тоо-аралдар доголору (Чыгыш Азия, Малайя жана башка) улап кетет. Евразиянын рельефинде ошондой эле рифт түзүлүшүнүн да мааниси зор; ага Рейн грабени, Байкал, Жансыз деңиз ойдуңдары жана башка кирет. Жаш бүктөлүү алкактарына жана кайра жаралган тоолордун структураларына ургаалдуу жер титирөө мүнөздүү. Жер титирөөнүн ургаалдуулугу жана кыйраткычтыгы боюнча Евразияга Түштүк Америка гана теңдеше алат. Жаш тоолордун рельефинин калыптануусуна жанартоолордун таасири бар; аларга Исландия менен Армян тайпак тоосунун лава катмарлары жана жанартоо конустары, Италиядагы, Камчаткадагы, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы аракеттеги жанартоолор, Кавказ, Карпат, Эльбурс жана башка тоолордогу өчкөн жанартоолор кирет. Жер кыртышынын төмөн чөгүүсүнөн материктин чет-жакаларын суу каптап, Евразияга жакын жайгашкан архипелагдар (Ы. Чыгыш, Британ а., Жер Ортолук деңиз алабы жана башка) обочолонгон. Мурда Евразиянын ар кайсы жерин деңиз бир нече жолу каптаган. Алардын чөкмө тектери деңиз түздүктөрүн түзүп, кийин мөңгү, агын суу жана көл суулары менен тилмеленген. Евразиянын эң ири түздүктөрүнө Чыгыш Европа (Орус), Ортоңку Европа, Батыш Сибирь, Туран, Инд-Ганг кирет. Евразияда жантайыңкы жана цоколдук түздүктөр да кеңири таралган. Евразиянын Түндүк жана бир катар тоолуу аймактарынын рельефинин калыптанышына байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Евразияда плейстоцендин муздуктары жана суу-муздуктары пайда кылган чөкмө тектер ээлеген жерлердин дүйнөдөгү эң ири аянттары бар. Азыркы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 230 миң км2дей; алардын көбү Арктиканын аралдарында, Исландияда жана Азиянын бийик тоолорунда (Гималай, Каракорум, Тибет, Куньлунь, Памир, Теңир-Тоо жана башка), ошондой эле Альп, Скандинавия тоолорунда жайгашкан. Көп жылдык тоң Евразиянын 11 млн км2дей аянтын (негизинен Сибирди) ээлейт. Акиташ тегинен жана гипстен түзүлгөн аймактарда карст процесстери өөрчүгөн. Азиянын кургакчыл аймактарына рельефтин чөлдүк формалары жана типтери мүнөздүү.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Евразиянын климатына жыл бою өкүм сүргөн Азор, Гавайи антициклондорунун, Исланд, Алеут депрессияларынын, ошондой эле сезондук Азия антициклонунун таасири зор. Азия антициклонунун борбору кышында Моңголиянын, жайкы депрессиясы Түштүк Азиянын үстүндө жайгашат. Евразиянын аянтынын өтө зордугу жана рельефинин татаалдыгы анын климатынын өтө ар түрдүү болушуна шарт түзөт; башка материктерден континенттик типтеги климаттын кеңири таралышы менен өзгөчөлөнөт. Суук, мелүүн жана ысык климаттык алкактардын ортосундагы кеңдик айырмачылык өтө зор. Арктикада жана субарктикада жыл бою – арктикалык, мелүүн кеңдиктерде – уюлдук, салыштырмалуу төмөнкү кеңдиктерде – тропиктик фронттордун (тайфун) циклондору аракетте болот. Тропиктик тайфун толкун менен коштолгон өтө катуу шамалды пайда кылат. Атм. жалпы циркуляциянын мезгил боюнча өзгөрүүсү субтропиктик алкактын батыш секторунда жайы кургакчыл, кышы нымдуу – жер ортолук деңиздик климатты пайда кылат. Мындагы кышкы жамгыр уюлдук фронттун циклондору менен байланыштуу. Тропиктик алкак Европада жок, ал эми Азияда анын Түштүк-батыш бөлүгүн – Араб жарым аралын жана Тхар (Тар) чөлүн камтыйт. Анда тропиктик чөл климаты өкүм сүрүп, чыгышта субэкватордук климатка өтөт. Экватордук алкакта түндүктөн жана түштүктөн соккон аба массалары кошулуп (конвергенция процесси жүрүп), жыл бою жаан-чачынды арбын жаадырат. Климаттын сектордук айырмачылыгы да даана байкалат: материктин ички бөлүгүнө мүнөздүү континенттик жана өтмө климат чет-жакаларын карай океандык климатка өтөт. Океандын климатка тийгизген таасири айрыкча Батыш Европада даана байкалат; анда батыштан соккон аба массасына Азор антициклонунун чет-жакасынан келген аба кошулат. Ушул эле багытта Исландия депрессиясынан пайда болуп, арктикалык жана уюлдук фронттор аркылуу соккон циклондор аракеттенет.
Атлантика аба массасы чыгышты карай жылган сайын акырындап нымын жогото баштап, континенттик абага өтөт. Ал эми Тынч океан менен Инди океанынан соккон аба массалары циклон жана муссон түрүндө кургактыктын ички бөлүктөрүнө айрым сезондордо гана кире алат. Түндүктөн соккон арктика абасы кургактыкка тоскоолсуз кирип, аны материктин ички бөлүгүндө кеңдик багытта жайгашкан тоолор гана тосуп калат. Евразиянын ички аймактарында кыш мезгилинде атмосферанын жогорку басымы үстөмдүк кылып, абанын төмөн чөгүп токтоп калышына, жылуулуктун өтө нурлануусуна, жер бетине жакын төмөн болушуна шарт түзөт. Анда кышкы континенттик муссондор пайда болуп, чыгышты жана түштүктү карай согот. Абанын жайкы температурасы, тескерисинче, ысык болот. Сектордук климаттык айырмачылыкты деңиз агымдары ого бетер күчөтөт. Жылуу агымдар Европанын Түндүк-батыш жана Япон аралынын жээктеринде – кышкы жана жылдык оң температуралуу аномалияны, муздак агымдар Азиянын чыгыш жээктеринде – жайкы жана жылдык терс аномалияны пайда кылат. Тоолуу аймактарында климаттык бийиктик алкактуулугу жана анын тоо капталдарынын экспозициясына карата алмашуусу даана байкалат. Евразиянын ички аймактарынын туюктугу менен нымдуулуктун контрасттуулугу байланыштуу. Ири тайпак тоолордун үстүндө муздак аба туруп калат, атмосферанын жергиликтүү борборлору түзүлүп, өзгөчө бийик тоо климаты (мисалы, Памир жана Тибеттеги бийик тоо чөл климаты) пайда болот. Арктикалык климаттан экватордук климатка чейин өзгөрөт. Чет-жакаларында океандык климат (Түштүк жана чыгыш жактарына муссондук), ички аймактарына континенттик жана кескин континенттик климат мүнөздүү. Түндүк-Чыгыш Сибирдеги Верхоянск менен Оймякон – Түндүк жарым шардын суук уюлу, анда –70°Сге чейин суук болот. Араб жарым аралы – Жер шарындагы эң ысык жана кургакчыл жерлердин бири; анда жылына 44 мм гана жаан-чачын жаайт; азиялык бөлүгүндө Түштүк-батыштан Түндүк-чыгышты карай чөл тилкеси созулуп жатат, мында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ммден ашпайт, ал эми Чыгыш Индия Жер шарындагы эң жаанчыл жер (Черапунжиде жылдык жаан-чачындын өлчөмү 12 000 ммге чейин).

Дарыялары[оңдоо | булагын оңдоо]

Евразиянын дарыялары 4 океандын алабына кирет. Европанын эң ири дарыялары (Волга, Дунай жана башка) Азиянын Лена, Енисей, Амур, Обь, Янцзы сыяктуу чоң дарыяларынан өлчөмү боюнча кыйла артта турат. Негизги дарыялары: Янцзы (Е-дагы дарыялардын эң чоңу, узундугу 5800 км, суусунун жылдык орт. чыгымы 34 миң м3/сек), Обь, Енисей, Лена, Амур, Хуанхэ, Меконг, Брахмапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат, Волга, Дунай. Булардын көбү маанилүү транспорт жолу, гидроэнергиянын ири булагы болуп, сугатка кеңири пайдаланылат. Евразияда дүйнөдөгү эң ири туюк облустар (Каспий менен Арал деңиздеринин, Балкаш жана Лобнор көлдөрүнүн алаптары) жайгашкан. Суу агып чыгуучу ири көлдөрү – Байкал (дүйнөдөгү эң терең көл, анын тереңдиги 1620 м), Ладога, Онега.

Флорасы жана фаунасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Евразиянын аянтынын жарымынан көбү флорасы жана фаунасы боюнча Голарктикага кирет; анын көп жерлеринде кийинки көтөрүлүүнүн, муз жана деңиз каптоонун натыйжасында орг. дүйнөсү кыйла азайып кеткен. Евразиянын түштүгүн Палеотропик облусунун флорасы, Инди-Малайя облусунун фаунасы ээлейт. Евразия башка материктерден тайга-тоң, күл жана чөл-талаа тибиндеги топурак кыртыштын кеңири таралышы, ошондой эле тоо топурактарынын түрлөрүнүн көптүгү менен өзгөчөлөнөт. Топурак кыртышынын жана орг. дүйнөсүнүн түрлөрү негизинен кеңдик зоналуулукка (тундрадан баштап, мелүүн алкактын токой зонасы, субтропиктик талаа, чөл зоналары, саванна, кургакчыл тропик аркылуу нымдуу дайыма жашыл экватордук токойго чейин), ошондой эле океан жээктеринен алыстаган сайын, тоолордо бийиктик алкактуулукка жараша өз­гөрөт.

Табигый секторлору, алкактары жана зоналары[оңдоо | булагын оңдоо]

Евразияда табигый өзгөчөлүктөрү боюнча кыйла айырмаланган секторлордун бөлүнүүсү кургактыктын айрым бөлүктөрүнүн ным булагынан түрдүүчө алыстыкта жайгашуусуна жана ал аймактардын обочолонуу деңгээлине байланыштуу. Евразиянын аймагы 6 секторго бөлүнөт: 2 океандык – батыш жана чыгыш; 2 өтмө; континенттик жана кескин континенттик. Батыш океандык сектор Батыш Европаны бүт жана Батыш Азиянын басымдуу бөлүгүн камтыйт. Чыгыш океандык сектор Тынч океандын кууш жээк тилкесин гана камтып, табиятына түрдүүчө таасирин тийгизген муссондук климаты менен өзгөчөлөнөт. Евразиянын калган секторлору материктин ички бөлүгүн ээлейт; ал эми Евразияга гана мүнөздүү кескин континенттик сектор континенттик сектордун чыгышында жайгашат; ал болсо батыштан соккон аба массасына жана нымды сырткы айдарым капталдары өзүнө кармап калган орогр. тоскоолдордун болушуна байланыштуу. Евразиянын табияты кеңдик боюнча өзгөрүп, ага төмөнкү географиялык алкактар мүнөздүү: арктика, субарктика, мелүүн, субтропик, тропик, субэкватор, экватор. Ар бир алкак өз ичинен зоналарга жана зоначаларга бөлүнөт. Арктика алкагынын арктикалык чөл зонасы муздуу жана таштуу чөл, ошондой эле тоо ландшафтынын суук чөл тибиндеги зоначаларына, субарктика алкагы тундра жана токойлуу тундра зоналарына бөлүнөт; тоолоруна тундра-суук чөл бийиктик алкактары мүнөздүү; чыгышында тундранын жапалак токойлору кеңири таралган. Мелүүн алкакта кеңдик зоналуулук (токой зонасы тайга, аралаш, жазы жалбырактуу токой зоначалары менен токойлуу талаа, талаа, жарым чөл, чөл) континенттик секторго мүнөздүү. Евразиянын кескин континенттик секторунда тоолор кеңири аянтты ээлегендиктен, кеңдик зоналуулук көбүнчө бийиктик алкактуулуктун спектринде байкалат. Өтмө жана океандык секторлордо зоналардын чегинде океандардын таасиринен өзгөрүүлөр болот, мисалы, Чыгыш Европа (Орус) түздүгүндө зоналар Түндүк-батыштан Түштүк-чыгышты, мелүүн алкактын четки түштүгүндө батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Франциянын токою, Карпат өндүрүнүн токойлуу талаасы, Украинанын түштүгүндөгү талаа, Казакстандын жана Борбордук Азиянын чөлдөрү жана жарым чөлдөрү, Моңголиянын жана Дунбэйдин талаалары жана токойлуу талаалары, Манжур-Корей тоолорунун жана Япониянын Түндүк аралдарынын токойлору. Тоолоруна бийиктик алкактуулуктун токойлуу-тундра, токой-жапалак токой, токойлуу шалбаа жана чөл-талаа спектрлери мүнөздүү. Суб-тропик алкагынын зоналары да батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Жер ортолук деңиз аймагынын катуу жалбырактуу токойлору жана бадалдары, Закавказье менен Кичи Азиянын талаалары жана жарым чөлдөрү, Иран тайпак тоосунун, Түркмөнстан менен Борбордук Азиянын Түштүк бөлүктөрүнүн чөлдөрү. Субтропик алкагынын океандык секторундагы тоолорго көбүн токой түзгөн бийиктик алкактуулуктун батышына токой-шалбаалуу талаа, чыгышына токойлуу шалбаа зоналары мүнөздүү. Евразиянын ички аймактарында чөл-талаа, Памир, Тибет тайпактоолорунда бийик тоо чөл ландшафттары үстөмдүк кылат. Тропиктик алкагы Араб жарым аралын жана Тар чөлүн камтып, аларга тропиктик жарым чөл жана чөл, тоолоруна бийиктик алкактуулуктун чөл-талаа жана чөл зоналары мүнөздүү. Чыгышыраакта, тропиктик кеңдиктерде Түндүк субэкватордук алкак таралып, ал нымдуу субэкватор токою (негизинен тоолордун айдарым капталдарында) жана саванна (негизинен Индстан жана Индикытай жарым аралынын ички бөлүктөрүндө) зоналарына бөлүнөт. Бул аймакта жайгашкан тоолорго бийиктик алкактуулуктун токойлуу шалбаа жана токойлуу талаа зоналары мүнөздүү. Экватордук алкак Шри-Ланканын Түштүк-батышын, Малакканын жана Филиппин аралынын Түштүк бөлүктөрүн, Чоң Зонд аралын камтып, ага нымдуу экватор токою – гилея, тоолоруна гилея менен парамостун (тоо-экватордук өзгөчө ландшафт) айкалышы мүнөздүү. Кичи Зонд аралында Түштүк экватор алкагынын токой жана саванна ландшафттары үстөмдүк кылат.

Табигый аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Табигый аймактарынын жалпы кабыл алынган бөлүнүшү жок, бул физико-географиялык райондошторуудан башка да бир нече схема бар. Төмөндө келтирилген Евразиянын физико-географиялык райондоштуруусунун схемасы – табигый-ландшафттык өлкөлөрдүн ар бирине морфология-тектоникалык биримдиги, жаңы тектоникалык өнүгүүсүнүн, климатты пайда кылуучу циркуляциялык процесстердин жалпылыгы, табигый зоналардын мыйзам ченемдүү таралуусу мүнөздүү. Айрым өлкөлөрдүн ортосунда айырмачылыктар болсо дагы, аларды ири топторго бириктирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн окшоштук белгилери да болот. Евразиянын аймагын төмөнкү физико-географиялык өлкөлөрдүн топторуна бириктирүүгө болот: Атлантика бою өлкөлөрү; Түндүк Евразия; тоо-аралдуу Арктика; Бийик Сибирь жана Моңголия; Ички Евразия; Чыгыш Азия, Түштүк Азия; Европалык Жер Ортолук деңиз аймагы, Алдыңкы Азия тайпак тоолору жана Кавказ; Түштүк-Батыш Азия.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1