Жакарта
Отурукташкан жай
Жакарта
|
Жакарта (инд. Jakarta, жав. Jakarta) — Индонезиянын борбор шаары. Жава аралынын түндүк-батышында, бухтадагы майда аралдарда чачыранды жайгашкан. Провинция статусуна теңдеш өзгөчө борбордук район. Калкы 8,6 млн (2007). Агломерациясы менен 18,2 млн. Агломерациядагы ири шаарлары: Бекаси, Тангеранг, Депок, Богор. Жакарта Батыш Ява провинциясынын округдары менен Жаботабек мегалополисин (калкы 23 млн; 2007) түзөт. Жолдор тоому. Ява деңизиндеги башкы порту Танжунг-Приок (жылына 20 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Жакартада 100дөн ашык ЖОЖ (анын ичинен университеттер жана башка), илимий изилдөө институттары, китепканалар, музейлер, театрлар, улуттук галерея бар. Машина жана кеме куруу (ремонттоо), электроника, химия, целлюлоза-кагаз, нефть ажыратуу, тигүү, тамак-аш, текстиль, металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Банктар көп. Жакартанын агломерациясы Түштүк-Чыгыш Азиядагы автомобиль өнөр жайынын башкы борбору [негизинен автомобиль жыйноо; жылына 300 миңге жакын; ири заводдору: «Astra Interntional» («Toyota», «Honda», «Daihatsu», «BMW», «Nissan»), «Indomobil» («Nissan», «Volvo», «Masda» жана башка)].
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жакартанын ордунда 5-кылымда эле тургун жай болгон деп божомолдонот. 1527-жылы султан Бантама ал жерде португалиялыктарды жеңгенде ошол жердеги Сунда-Келапа кыштагын Бантамага кошуп, Жаякерта («Улуу жеңиштин шаары» дегенди түшүндүрөт) атайт. Шаар 17-кылымдын башында голланддар тарабынан талкаланган. 1619-жылы ушул эле жерге алар тарабынан Батавия чеби курулган. Анын айланасына түшкөн шаар да 1621-жылы Батавия аталган. 1945-жылы 17августта Индонезия көз каранды эместикке ээ болгон. 1949-жылдан Батавия Жакарта аталган. Шаардын тарыхый борборунда голландиялык архитектуранын көптөгөн белгилери байкалат. Каналдар, 1718-кылымдагы үйлөр, Пенанг дарбазасы, эски чиркөөлөр (17-кылымга таандык), ратуша сакталган. Истикляль (1984) жана Нурул-Худа (2000) мечиттери курулган. Жакартада Азия жана Африка өлкөлөрүнүн кинофестивалы, Азия (1962), Түштүк-Чыгыш Азия (1979, 1987, 1997) оюндары өткөрүлүп турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
БУУга мүчө өлкөлөр: Абу-Даби |
Амман |
Анкара |
Ашхабад |
Багдад |
Бакы |
Бандар-Сери-Бегаван |
Бангкок |
Бейрут |
Бишкек |
Вьентьян |
Дакка |
Дамаск |
Дили |
Доха |
Душанбе |
Жакарта |
Ереван |
Иерусалим |
Исламабад |
Кабул |
Катманду |
Куала-Лумпур |
Мале |
Манама |
Манила |
Маскат |
Москва |
Найпьидо |
Никосия |
Нур-Султан |
Нү-Дели |
Пекин |
Пномпень |
Путражайя |
Пхеньян |
Сана |
Сеул |
Сингапур |
Ташкен |
Тбилиси |
Тхимпху |
Тегеран |
Токио |
Улан-Баатыр |
Ханой |
Шри-Жаяварденепура-Котте |
Эл-Кувейт |
Эр-Рияд
|