Манама

Отурукташкан жай
Манама
Өлкө Бахрейн
Координаттар 26°13′42″ с. ш. 50°34′31″ в. д.HGЯO
Губернатор Хумад бин Абдулла бин Хамад Аль-Халифа
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген 1345
Аянты 29,68 км²
Убакыт аралыгы UTC+3
Калкы
Калкы 157 474 адам (2010)
Жыштыгы 5304 адам/км²
Агломерация 329 510
Этнохороним манамалык, манамалыктар
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты http://www.capital.gov.bh/
Манама (Бахрейн)

Манама (араб. المنامة Al-Manāmah) – Бахрейн мамлекетинин борбору. Түштүк-Батыш Азияда, Бахрейн аралынын түндүгүндө, Араб деңизиндеги Перс булуңунун жээгинде жайгашкан. Калкы 160 миң (2006; калкынын 80% ислам динин тутат). Өлкөнүн эң ири порту. Дүйнөдөгү калк эң аз жайгашкан шаар. Биздин заманга чейинки 1-кылымда арабдар тарабынан негизделген. 6-кылымда перс аскерлери тарабынан басып алынып, 7-кылымда Араб халифатынын аймагына кошулган. Бахрейн 1971-жылы көз каранды эместикке ээ болгондон Манама анын борбору. Мечит (кооздолгон минарети менен), 2 музей (анын ичинде улуттук жана Куран үйү; анда Курандын кол жазмасынын ири коллекциясы сакталып келүүдө), университет, орто жана атайын билим берүүчү мекемелери, педагогикалык окуу жайлары бар. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат. Бермет жана седеп чогултулат. Манама – Бахрейндин ири экономикалык борбору. Манамадан түштүктө нефть ажыратуу жана нефть-химиялык заводдору, алюминий (дүйнөдөгү алдынкы орундардын биринде), кеме ремонттоо, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Манамада Перс булуңундагы өлкөлөрдүн (Бахрейн, Катар, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Сауд Арабиясы) маалымат агентчилигинин штаб-квартиралары жайгашкан. Манама Перс булуңундагы эркин соода кылуучу үч аймактын бири. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]