Ереван

Отурукташкан жай
Ереван
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Армения
Шаар Ереван
Координаттар 40°11′ с. ш. 44°31′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 12 округ
Мэр Тарон Маргарян
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 782-ж. б. з. ч.
Биринчи белгиленген 782-ж. б. з. ч.
Мурунку аталышы Эребуни,
Эривань (1936-жылга чейин)
Аянты 223,28 км²
Бийиктик 900-1300 м
Климатынын түрү кескин континенттик
Убакыт аралыгы UTC+4
Калкы
Калкы 1,068 млн адам (2014)
Жыштыгы 4783,2 адам/км²
Улуттук курамы армяндар
Диний курамы христиандар
Этнохороним еревандыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +374 (10)
Почта индекстери 0001—0099
Автоунаа коду 01-10, 11-13 (2007-ж. тарта),
14-18 (2008-ж. тарта),
19 (2009-ж. тарта),
61-65, 67, 68
Расмий сайты http://www.yerevan.am/ru/
 (арм.)  (орус.)  (англ.)
Ереван (Армения)

Ереван (арм. Երևան) – Армян Республикасынын борбор шаары. Өлкөнүн ири экономикалык, саясий жана маданий очогу. Арарат түздүгүнүн Түндүк четинде, бир аз бөлүгү жанартоолуу платодо, Раздан дарыясынын капчыгайында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2007). Ереванга жакын Звартноц эл аралык аэропорту жайгашкан. Метрополитен (1981).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ереван – дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-кылымдын башынан эскерилет. 782-ж. Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинчерээк бул жерде Ереван шаары пайда болот. 1440-жылдан Чыгыш Армениянын административдик жана соода-кол өнөр­чүлүк, 1604–1828-ж. Эриван хандыгынын борбору. 1826–28-жылдагы орус-иран согушунда Ереванды орус аскерлери каратат да, Түркмөнчай келишими (1828) боюнча Россияга кошулган. Армения Республикасынын (1918–20), Армян ССРинин (1920–1990), Армян Республикасынын (1990-жылдан) борбору. Ереван – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотехникалары жана өлчөөчү приборлор, химия жана нефть-химия, химия-фармацевтика, кара металлургия, жеңил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыгаруучу өнөр жай ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрөсүндө байланыш жана телекоммуникация сектору жана финансы-банк тармагы өнүккөн. Ереван – Армениянын илимий, маданий жана билим берүү ири борбору. Армения ИА, бир нече университет, байыркы кол жазмалар институту, китепканалар, консерватория, 13 театр, 21 музей, филармония бар. Эстеликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноцидинин курмандыктарына), «Майр Айастан» («Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Карабах согушунун баатырларына) жана башка урартунун, Эребуни жана Тейшебаини шаар-чептеринин урандылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-к.) (крест-кумпалуу Катогике (13-к.), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-кылымдын аягы) жана башка сакталган. Евевандын көпчүлүк турак-жай курулуштары жергиликтүү кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Евеванда А. Хачатурян атындагы Музыкант-аткаруучулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панорамасы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Еравандан 20 км батышта Вагаршапат шаары, 24 км түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1