Мазмунга өтүү

Пномпень

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Пномпень
ӨлкөКамбожа
Координаттар11°33′00″ с. ш. 104°55′00″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1372
Аянты290 км²
Борборунун бийиктиги11,89 м
Убакыт аралыгыUTC+7
Калкы
Калкы1 325 681 адам (2009)
Жыштыгы4571,31 адам/км²
Этнохоронимпномпеньдик, пномпеньдиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду855 (023)
Сайтыhttp://www.phnompenh.gov.kh/
 (англ.)  (фр.)  (кхм.)

ПномпеньКамбожа Королдугунун борбору. Тонлесап дарыясы менен Меконг дарыясы кошулган жерде жайгашкан. Климаты субэкватордук муссондук. Январдын орточо температурасы 23°Сден 25°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 1480 мм. Калкы 1,5 млн (2012). Темир жана автомобиль жолдору аркылуу Бангкок (Тайланд) жана Кампонгсаом порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 14-кылымда негизделген. 1953-жылдан көз каранды эмес мамлекеттин борбору. Жыгаччылык, текстиль, тамак-аш, автомобиль кураштыруу, кеме ремонттоо өнөр-жай ишканалары иштейт. Университеттер (анын ичинде улуттук, будда), институттар (жогорку техникалык, экономикалык), китепканалар (анда пальманын жалбырагына жазылган байыркы кол жазмалар сакталган), музейлер, Ват Пном монастыры (1434), Пса Тмей сары базары, королдор ак сарай комплекси (19–20-кылымдар), «Күмүш пагода» ж. б. бар.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]