Исламабад

Отурукташкан жай
Исламабад
Желек
Желек
Өлкө Пакистан
Координаттар 33°40′ с. ш. 73°10′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1960-жылдар
Аянты 851,5 км²
Борборунун бийиктиги 507 м
Убакыт аралыгы UTC+5
Калкы
Калкы 1 082 262 адам (2012)
Жыштыгы 1271 адам/км²
Этнохороним исламабаддык, исламабаддыктар
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты http://www.islamabad.gov.pk

Исламабад (урду اسلام آباد, англ. Islamabad) — Пакистан Ислам Республикасынын борбор шаары. Өз алдынча администрациялык бирдик статусуна ээ. Борбордук федерация округунун администрациялык борбору. Гималайдын этегиндеги Потвар платосунда, деңиз деңгээлинен 550 м бийиктикте жайгашкан. Исламабаддын климаты жагымдуу; июлдун эң жогорку температурасы 39°С, январдын эң төмөнкүсү 3°С. Калкы 657,8 миң (2008). Өлкөнүн мурдагы убактылуу борбору Равалпинди шаары менен туташып, агломерацияны түзөт; калкы 3,2 млн. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Өлкөнүн илим-билим борбору. Пакистан ИА (1953), ири улуттук китепкана, университет (Каид-и-Азам), Атом энергиясы боюнча Пакистан комиссиясы (бүткүл дүйнөгө белгилүү, 1956; курамында 20га жакын ИИИ бар), институттар (анын ичинде адам укугу, тарых, маданият ж. б.) жана Ислам таануу окуу жайы, улуттук архив (1951), музейлер, сүрөт галереясы бар. «Шехерезада» мейманканасы, Фейсал улутук мечити, шаар грек архитектору К. А. Доксиадистин долбоору менен борборду куруу жөнүндөгү өкмөттүн 1959-жылкы чечимине ылайык (1960–70-ж.) атайын курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]