Багдад

Отурукташкан жай
Багдад
Өлкө Ирак
Координаттар 33°21′ с. ш. 44°25′ в. д.HGЯO
Мэр Сабир аль-Исави
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 762
Аянты 204,2 км²
Борборунун бийиктиги 34 м
Убакыт аралыгы UTC+3, жайында UTC+4
Калкы
Калкы 6 050 000 адам (2011)
Жыштыгы 25 751 адам/км²
Агломерация 6 500 000
Этнохороним багдаддык, багдаддыктар
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты https://baghdadgov.com/
Багдад (Ирак)
Файл:Baghdad collage.png
Багдад.

Багдад - Ирак Республикасынын борбор шаары. Багдад мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 5,7 млн (2005; шаар айланасы менен 7,4 млн). Месопотамия ойдуңунда, Тигр дна Дияла дарыясы куйган жерге жакын жайгашкан. Өлкөнүн негизги транспорт түйүнү. Дарыя порту. Эларалык аэропорту бар. Археологиялык маалыматтар боюнча Багдат орун алган жерде алгачкы турак-жайлар биздин заманга чейинки 19-18-кылымдарда эле курулган. Азыркы Багдадга жакын аймактардан шумер-аккад, вавилон, парфия маданияттарына таандык эстеликтер табылган. Багдад аталышы байыркы перстердин «бага» алла жана «дад» берген, башкача айтканда «алланын бергени» (тартуусу) деген сөздөрүнөн келип чыккан деген маалымат кеңири таралган. Азыркы Багдад 762-ж. Мадинат ас-Салам (арабиялык дүйнөнүн шаары) деген аталышта Аббасилер династиясынын 2-халифи аль-Мансур тарабынан негизделген жана Халифаттын борбору болуп калган. Шаардын Жерортолук деңизди, Борбордук жана Түштүк Азияны, Чыгыш Африканы бириктирген соода жолдорунун тоомунда жайгашуусу анын өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Багдаддын гүлдөгөн учуру халифтер Харун ар-Рашид (786-809) жана Момун (813-833) башкарган мезгилге туура келет. Бул мезгилде Байыркы орто кылымдык араб-мусулман маданиятынын, илимдин ири очогуна айланган. Багдаддын атагы алыска тарап, «Миң бир түн» жомогунда даңкталган. Абассилер бийлиги начарлагандан кийин Багдад акырындык менен өзүнүн саясий маанисин жоготкон. 836-839-жылы халифтер Самарда жашашып, Багдадды гулямдардын гвардиясына башкарууга беришкен. 945-жылдан шаар Ирандын Буилер династиясынын бийлигине өткөн, ал эми 1055-жылы селжуктар басып алган. 9-13-кылымда кайрадан илим жана маданияттын борборуна айланган. 1258-жылы Аббасилер халифаты Хулагу баштаган монгол аскерлери тарабынан кыйратылып, Багдад талап-тонолгон. 14-15-кылымдын чегинде Багдад эки жолу (1392-93, 1401-05) Тимур тарабынан басып алынып, бүлүндүрүлгөн. 1508-жылы шаар Сефевилер державасынын курамына кирген. 1617-кылымдар аралыгында Осмон империясы менен Ирандын ортосунда Багдад үчүн согуштар болуп өткөн. 1534-жылы түрктөр ээлесе, 1623-жылы ирандыктарга өткөн. 1638-жылы биротоло Осмон империясына кошулуп, 19-кылымдын ортосуна чейин Багдад пашалыгынын (кийин Багдад вилайети) борбору болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда англичандар басып алып, 1920-21-жылы Улуу Британиянын мандат менен башкарылуучу аймагынын административдик, 1921-жылдан Ирак королдугунун борбору, 1958-жылы Багдадда революция жеңип чыгып, Ирак Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Ошол кезден анын борбору. 1990-91-жылдары Кувейт кризисинин учурунда Багдад антиирактык коалициянын бомбалоосунан өтө жапа чеккен. 2003-жылы АКШ жана анын союздаштарынын аскерлеринин киргизилиши учурунда Багдад шаары аткылоого жана бомбалоого дуушарланган. Нефть ажыратуу (Уд-Даурдагы ири завод), нефть-химиялык, тамак-аш-татымал, текстиль, булгаары, цемент, эмерек өнөр жайлары, кирпич заводу, ири кол-өнөрчүлүк промыселдери, борбордук Ирак банкы иштейт. 12-13-кылымдагы араб архитектурасынын эстеликтери, исламга мүнөздүү зодчийлик, Аббасиддер сарайы (12-к-дын аягы, 13-кылымдын башы, 1935-жылдан музей, 20-кылымда реставрацияланган), Зубайда мавзолейи (13-кылымдын башы), Мааруфа аль-Кархи (1215, кайра курулган), аль-Мустансария медресеси (1227-33, 1823-ж.; кайра курулган), Сук аль-Газаль (1279), медресе ал-Маржания (1356; 1786-ж. жаңыртылган, хан Маржан кербен-сарайы, 1358-59; 1937-жылдан музей), Муса аль-Кадимдин Алтын мечити, мавзолейи (1515-жылы салынган; 17-20-кылымда оңдолгон) сакталган. Жаңы Багдад кайра конструкцияланып, курулууда. Көчөлөр көрктөндүрүлүп, кеңейтилген. Банк, дүкөндөр, соода борборлору, «14-июлдагы революция» аттуу монумент, Белгисиз солдаттын эстелиги, Тигр дарыянын батыш жээгиндеги ар-Рабат сарайы, аэропорт курулган. Парламенттин жаңы имараты, отел, кинотеатрлар, мечиттер, көп кабаттуу үйлөр жана коомдук жайлар курулууда. Багдадда Ирак академиясы (1997-жылдан), Ирак медициналык коому (1920), илимий-изилдөө мекемелери (1963), айыл чарба жана суу ресурстарын изилдөөчү борбор (1980), араб адабияты жана чоңдорго билим берүү (1966), француз маданий борбору (1950) жана башка, университеттер (Багдад, 1957; Аль-Мустансария, 1963; технология, 1975) бар. Китепканалар, Ирак музейи (1934-жылдан), Улуттук (1961), Багдад университетинин алдындагы (1960), этнографиялык (1941-жылдан; учурда сүрөт галереясы), Мадаин (исламга чейин маданият) музейлери, улуттук театр иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]