Бириккен Улуттар Уюму
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
| Бириккен Улуттар Уюму | |
| United Nations Organisation des Nations unies | |
| | |
|
БУУга мүчө мамлекеттер
| |
| Мүчөлүк: |
193 мүчө өлкө |
|---|---|
| Штаб-квартира: | |
| Расмий тилдери: | |
| Жетекчилери | |
| Баш катчы | |
| БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы | |
| Негизделген | |
| БУУнун Уставына кол коюу | |
| Уставдын күчүнө кириши | |
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) — эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм.
БУУну түзүү антигитлердик коалициялык негизги мамлекеттердин демилгелери менен ишке ашырыла баштаган. БУУнун аткара турган негизги иш чаралары жана түзүлүшү 2-дүйнөлүк согуштун убагында эле (Москвадагы СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекетинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында (1943-ж.), Думбартон – Оксфорд конференциясында (1944-ж.), Крым (Ялта) конференциясында (1945-ж.), Сан-Франциско конференциясында (1945-ж.) талкуулана баштаган. Сан-Франциско конференциясында 51 мамлекеттин өкүлдөрү кол койгон (анын ичинен бешөө Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү).

БУУнун уставы күчүнө кирген 24-октябрь 1945-жыл – жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун Уставында бекиген башкы максаттары: эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; дүйнө элинин бейкуттугун буза турган ар кандай агрессиялык актыларды, эл аралык талаш-тартыш маселелерин тынчтык жолу менен чечүү жана жөнгө салуу; улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттар арасындагы достукту, тең укуктуулукту өнүктүрүү; адам укуктары тилине, дилине, расасына, жынысына карабастан бардык адамдарга бирдейлигин бекемдөө жана эл аралык маданий, социалдык, экономикалык проблемаларды чечүүдө эл аралык кызматташууну камсыз кылуу. БУУнун Уставында эл аралык кызматташуунун бир нече демократиялык принциптери каралган жана бекитилген: мисалы,
- баардык мүчөлөрдүн суверендүү тең укуктуулугу;
- кабыл алган Уставдагы милдеттерди ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик менен аткаруу;
- эл аралык талаш-тартыштарды чечүүдө эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка, адилеттүүлүккө коркунуч алып келбей тургандай негизде чечүү.
Азыркы учурда БУУда 193 мамлекет мүчө болуп катталган.
БУУнун башкы органдары:
1. Генералдык Ассамблея;
2. Коопсуздук Кеңеши;
3. Экономикалык жана социалдык Кеңеш;
4. Кам көрүү Кеңеши;
5. Эл аралык Сот;
6. Катчылык же Баш катчы,
7. Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар.
Түзүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Катчылыкты Башкы катчы жетектейт, ал Коопсуздук Кеңешинин сунушу боюнча Башкы Ассамблея тарабынан беш жылдык мөөнөткө дайындалат жана кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү бар. Учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсүнүн жараны Башкы катчы болуп лайындалбайт деген жентлмен (жигиттик) макулдашуу бар.
| № | Ысымы | Өмүр жылдары | Сүрөт | Өлкө | Ыйгарым укуктардын башталышы | Ыйгарым укуктардын аякташы |
|---|---|---|---|---|---|---|
| — | Глэдвин Жебб (м.а.) | 25-апрель 1900 — 24 октябрь 1996 | 24-октябрь 1945[4] | 1-февраль 1946[4] | ||
| 1 | Тругве Ли | 16-июль 1896 — 30 декабрь 1968 | 2-февраль 1946[5] | 10-апрель 1952[5] | ||
| 2 | Даг Хаммаршөлд | 29-июль 1905 — 18-сентябрь 1961 | 10-ноябрь 1952[6] | 18-сентябрь 1961[6] | ||
| 3 | У Тан | 22-январь 1909 — 25- ноябрь 1974 | 30-ноябрь 1961[7] | 1-январь 1972[7] | ||
| 4 | Курт Валдхайм | 21-декабрь 1918 — 14- июнь 2007 | 1-январь 1972[8] | 1-январь 1982[8] | ||
| 5 | Хавьер Перес де Куэльяр | 19-январь 1920 — 4-март 2020 | 1-январь 1982[9] | 1-январь 1992[9] | ||
| 6 | Бутрос Бутрос-Гали | 14-ноябрь 1922 — 16- февраль 2016 | 1-январь 1992[10] | 1-январь 1997[10] | ||
| 7 | Кофи Аннан | 8-апрель 1938 — 18- август 2018 | 1-январь 1997[11] | 1-январь 2007[11] | ||
| 8 | Пан Ги Мун | 13-июнь 1944 | 1-январь 2007[12] | 1-январь 2017[12] | ||
| 9 | Антонио Гутерриш | 30-апрель 1949 | 1-январь 2017[13] | азыркы учурда |
Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык соту
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык кеңеши
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Улуттар Уюмунун Камкордук боюнча кеңеши
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Улуттар Уюмунун Почта башкармалыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемелери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
- Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов
- Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Отделение Организации Объединенных Наций в Вене
- ↑ United Nations Office at Geneva
- ↑ United Nations Office Nairobi
- 1 2 Oxford Dictionary of National Biography. Jebb, (Hubert Miles) Gladwyn, first Baron Gladwyn
- 1 2 UN. Secretary-General. Trygve Lie
- 1 2 UN. Secretary-General. Dag Hjalmar Agne Carl Hammarskjöld
- 1 2 UN. Secretary-General. U Thant
- 1 2 UN. Secretary-General. Kurt Waldheim
- 1 2 UN. Secretary-General. Javier Perez de Cuellar
- 1 2 UN. Secretary-General. Boutros Boutros-Ghali
- 1 2 UN. Secretary-General. Kofi A. Annan
- 1 2 UK. Secretary-General. Ban Ki-moon
- ↑ UN. Secretary-General. Biography