10-апрель

Википедия дан

10-апрель (кырг. Чын курандын ону) — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 100-күнү, жылдын аягына чейин 265 күн (толук жылда 266) күн бар.

Майрамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каршылык көрсөтүү кыймылынын эл аралык күнү.
  •  Азербайжан - Куруучулар күнү.
  •  Украина - Одессаны бошотуу күнү.

Окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда

  • 1929 - Фрунзе буулгары заводу ишке киргизилген.
  • 1958 - Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн 1-курултайы ачылган.
  • 2003 - Биштектик "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз мамлекеттүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган туу көтөрүү салтанаты өткөрүлгөн.

Дүйнөдө

  • 1710 - Автордук укук боюнча мыйзам дүйнөдө биринчи болуп Англияда күчүнө кирип, иштей баштаган.
  • 1741 - Пруссиялык жана австриялык аскерлердердин ортосунда Мольвиц салгылашуусу өткөн.
  • 1833 - Биринчи жолу ширеңке өндүрүлө баштаган.
  • 1841 - "New York Tribune" гезитинин 1-саны жарыкка чыккан.
  • 1907 - Петр Столыпин Жер реформасынын долбоорун Мамлекеттик Думага сунуш кылган.
  • 1912 - “Титаник” кемеси биринчи жана акыркы сапарына аттанган.
  • 1925 - Царицын шаары Сталинград (азыркы Волгоград) болуп өзгөртүлгөн.
  • 1937 - "Air Canada" авиакомпаниясы уюшулган.
  • 1941 - Загребде фашисттер Хорватия эгемендүү мамлекетин жарыялаган.
  • 1946 - ФУС (Рабат, Марокко) футбол клубу негизделген.
  • 1965 - Мексика футбол курамасы КОНКАКАФ Алтын кубогун (Түндүк Америка чемпионаты) биринчи жолу уткан.
  • 1970

- Эстеглал (Тегеран, Иран) футбол клубу тарыхында 1-жолу АФК Чемпиондор лигасынын жеңичүүсү болгон.

- Пол МакКартни "Битлз" тобунан чыгаарын жарыялаган.

  • 1972 - Вьетнам согушу: 1967-жылдан баштап, биринчи жолу америкалык В-52 жанкечтилер Түндүк Вьетнамды бомбалап баштаган.

Төрөлгөндөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайтыш болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]