Волгоград

Википедия дан
Волгоград.

ВолгоградРоссия Федерациясындагы шаар, Волгоград облусунун административдик борбору. Алгач 1589-ж. Царицын шаар-чеби катары эскерилет (айрым пикирлер боюнча «Царица» деген сөздүн баштапкы варианты байыркы түрк тилиндеги «сарыг-сув» же «сарыг-чин» (сары арал) болгон. А. Брокгауз, И. А. Ефрон.; Энциклопедия Брокгауза и Ефрона. Статья "Царицын".;1911). Калкы 1;017;451 миң (2015). Волга бою дөңсөөсүнүн капталында жайгашып, Волга дарыясынын оң жээгин бойлой 100 кмден ашык созулуп жатат. Дарыя порту, эл аралык аэропорту бар. 18-кылымда Царицын аркылуу Астрахань жолу өткөн. Ал жол Россиянын борбордук райондорун Каспий, Азов бою, Орто Азия менен байланыштырып, эл аралык соода борборуна айланууга түрткү болгон. Улуу Ата Мекендик согушта шаар дээрлик талкаланган. 1950-ж. шаар жана анын өнөр-жай ишканалары толугу менен (90%) кайра курулган. 1925-ж. шаар Сталинград, 1961-жылдан Волгоград деп аталган. 1965-ж. ага «Баатыр шаар» деген ардактуу наам ыйгарылган. Архитехтура эстеликтерден чиркөөлөр, собор, мурдагы синагога, аялдар гимназиясы, 20-кылымдын курулуштары сакталган. 1963-67-жылдары Мамаев дөңсөөсүндө Сталинград салгылашынын баатырларына эстелик-ансамбль тургузулган. Планетарий, эстеликтер, илимий-изилдөө институттар, 26 Жогорку окуу жайлары (филиалдары менен; анын ичинде университеттер), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн атайын), музейлер (анын ичинде «Сталинград салгылашы» музей-понорама), театрлар, филармония ж. б. бар. Ошондой эле академиялык симфониялык оркестр, ыр-бий ансамблдери иштейт. Волгоград облустун ири өнөр-жай борбору. Металлургия, машина куруу, нефть ажыратуу, химиялык, тамак-аш өнөр-жайлары, ГРЭС, ЖЭС, ГЭСтер бар. Шаардын түштүгүнөн Волга-Дон каналы өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]