Орусия

Википедия дан
Россия‎»‎ барагынан багытталды)

Орусия Федерациясы
орус. Российская Федерация

Герб
Туу Герб
Гимн: «Мамлекеттик Гимни»
Негизделген 862-жыл
Расмий тили Орус тили
Борбор шаары Москва
Ири шаарлар Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Казань, Нижний Новгород, Красноярск, Челябинск, Самара, Уфа, Ростов-на-Дону, Краснодар, Омск, Воронеж, Пермь, Волгоград
Башкаруу формасы Аралаш типтеги республика
Президент
Премьер-министр
Федерация Кеңешинин төрагасы
Мамлекеттик Думанын төрагасы
Владимир Путин
Михаил Мишустин
Валентина Матвиенко
Вячеслав Володин
Мам. дини Динден тышкары мамлекет[1]
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
1-орун - дүйнөдө
17 125 191 км²
4,2
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

146 447 424 адам (9-орун)
8,55 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

5,06 трлн[2] $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

1,86 трлн[2] $
13,010 $
АДӨИ  0,824[3] (жогору) (52-орун)
Этнохороним орусиялык, орусиялыктар, орус, орустар
Акча бирдиги Орусия рубли
Домени .ru, .su, .рф
ISO коду RU
ЭОК коду RUS
Телефон коду +7
Убакыт аралыгы UTC +02:00+12:00

Орусия (орус. Россия) же Орусия Федерациясы (орус. Российская Федерация) ― Азия жана Европада жайгашкан өлкө.

Борбору ― Москва.

Калкынын саны ― 146 267 288 адам (2015-жылы).

Аянты ― 17 125 407 км². Аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң мамлекет жана калкынын саны боюнча тогузунчу орунда турат.

Мамлекеттик тили ― орус тили.

Федеративдик түзүлүштөгү аралаш (президенттик-парламенттик) республика. 2012-жылдын май айында президенттин кызматын Владимир Путин ээлеген, өкмөт башчынын кызматын - Михаил Мишустин.

Орусиянын курамына 85 субъект кирет: 46 облус, 22 республика, 9 край, 3 федералдык маанидеги шаар, 4 автономиялуу округ жана 1 автономиялуу облус.

Орусия он сегиз өлкө менен чектешет (дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч), алардын ичинен кургактык менен төмөнкү мамлекеттер менен: Норвегия, Финляндия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Беларусь, Украина, Грузия, Азербайжан, Казакстан, Кытай, КЭДР, Монголия, деңиз менен Жапония жана АКШ менен.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча ИДПнын СКПга карата көлөмү 2014-жылга карата $3,745 трлн түзгөн (бир адамга $25 636). Акча бирдиги - россиялык рубль. Россия бир нече эл аралык уюмдарда мүчө - БУУ, ЕККУ, Европа Кеңеши, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ИМБДУ, ЭДУ, БСУ, БТУ, ШКУ, БРИКС, АТЭК, КООМЕТ, ЭОК, ЭЭК, ISO, EUREKA, G20 жана башка.

Бириккен Улуттар Уюмунун (1945; 1991-ж. чейин СССРдин курамында), Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү (1991-жылдан), КМШнын (1991), Европа Кеңешинин (1996), АТЭС (1998), БРИКС (2006), Евразия экономика союзунун (ЕврАзЭС; 2001), Шанхай кызматташтык Уюмунун (2001), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2012) жана башка мүчөсү.

Орусиянын географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусияда Славян өлкөлөрүндө жана мурдагы Советтер Союзунун айрым өлкөлөрүндө административдик бөлүнүүнүн бир түрү болгон облустар бар. "Облус" сөзү англис тилинде да колдонулат, бирок көбүнчө "аймак", "зона", "облус" же "аймак" деп которулат. Акыркы котормо башаламандыкка алып келиши мүмкүн, анткени "облустун" бөлүмчөсү "райондук" деп аталып, аны "чөлкөм" же "район" деп которсо болот. Россиянын жалпысынан 46 облусу бар. Крым - Орусияга киришпейт, ал талаштуу аймак Украинадан 2014-жылы аннексия болгон. Россиянын алыскы чыгышында аймак Азия континентиндеги Сибир деп аталат.

Мамлекеттик түзүлүш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусия – федеративдик мамлекет. Конституциясы 1993-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы ― президенттик-парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Федералдык чогулуш (парламент). Федералдык чогулуш эки палатадан турат: Федерация Кеңеши жана Мамлекеттик дума. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – өкмөт. Россияда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Орусия либералдык-демократиялык партиясы, РФ коммунисттик партиясы, «Единая Россия», «Справедливая Россия» ж. б. Тышкы саясатта Орусия – СССРдин мурасчысы (эл аралык укуктук мааниде), дүйнөлүк 5 улуу державанын бири. Россиянын 191 мамлекет менен дипломатиялык байланышы, 144 мамлекетте дипломатиялык өкүлчүлүгү бар.

Россия - азыркы президент катары Владимир Путин турган президенттик республика. Президент москвалык кремлинде отурат.

География[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусия Түндүк жарым шарда, Евразия материгинин түндүгүндө жайгашкан. Урал тоосу менен Кума-Маныч ойдуңу Орусиянын экиге (Азия жана Европага) бөлөт. Аймагы батыштан чыгышка карай 10 миң км, түндүктөн түштүккө 4 миң кмге созулат. Орусиянын 70% тен ашык аймагын ойдуңдар менен түздүктөр ээлейт. Орусиянын Европа бөлүгүнүн көпчүлүгүн Чыгыш Европа туздугу, түштүгүндө Чоң Кавказ кырка тоосунун түндүк капталы (Орусиянын эң бийик жери – Эльбрус чокусу жайгашкан, бийиктиги 5642 м), түндүк-батышында Хибин тоолору созулуп жатат. Орто Сибирь бөксө тоосу акырындап Борбордук Якутия ойдуну менен алмашат. Сибирдин түштүгүндө Алтай, Батыш жана Чыгыш Саян, Становой бөксө тоолору созулуп жатат. Енисей менен Лена дарыясынын аралыгында Орто Сибирь бөксө тоосу, Лена менен Тынч океандын ортосун Түндүк-Чыгыш Азиянын кырка тоолору менен бөксө тоолору ээлейт. Ы. Чыгышта жана Сибирдин түндүк-чыгышында орто бийиктиктеги тоолор (Сихотэ-Алинь, Верхояна, Черский ж. б.) басымдуу. Камчатка жарым аралында Евразиядагы эң бийик жанар тоо Ключи жанар тоосу орун алган. Эң четки чыгыштагы Курил аралында 200дөн ашык жанар тоо (анын ичинде 10дойу аракеттеги) кездешет. Климаты деңиздиктен (эң четки түндүк-батышта) кескин континенттикке (Сибирде) өтмө. Ыраакы Чыгыштын түштүгүндө мелүүн муссондук. Федерациянын аймагынын көп бөлүгү мелүүн, Түндүк Муз океандын аралдары жана материктин түндүк четтери арктика жана субарктика, Кавказдын Кара деңиз бою субтропика алкактарында жатат. Россия Федерациясынын администрациялык-аймактык бөлүнүшү: Январдын орточо температурасы 0°...-5°Сден (Европа бөлүгүнүн батышында жана Кавказ өндүрүндө) -50°Сге (Якутияда); июлдуку -1°Сден (Сибирдин түндүгүндөгү деңиз бойлорунда) 26°Сге (Каспий бою ойдуңунда) чейин. Жылдык жаан-чачыны Каспий бою ойдуңундагы жарым чөлдүү аймактарда 170 мм, Чыгыш Европа түздүгүнүн токой зонасында 700 мм, Ыраакы Чыгыштын түштүгүндө 1000 мм, Кавказ жана Алтай тоолорунда 3200 ммге чейин.

Суулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусия – дүйнөдөгү суу менен толук камсыз болгон өлкөлөрдүн бири. Таза суунун запасы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Россиянын аймагынын 12,4% ин суу ээлейт. Россияда 120 миңдей дарыя (узундугу 10 кмден ашык) бар, алардын жалпы узундугу 2,3 млн кмди түзөт. Дарыяларынын көбү Түндүк Муз океандын (Түндүк Двина, Печора, Обь, Иртыш, Енисей, Лена, Индигирка, Колыма ж. б.), Тынч океандын (Амур, Анадырь, Пенжина ж. б.), Атлантика океанынын (Дон, Кубань, Нева) алаптарына кирет. Волга Каспий деңизине куят. Ири дарыялары: Лена, Иртыш, Енисей, Обь, Волга, Амур; Чыгыш Сибирдин түштүгүндө Байкал көлү (суусу таза, тузсуз суулардын дүйнөлүк запасынын 1/5ине жакыны; тереңдиги 1620 м; дүйнөдөгү эң терең) орун алган. Эки млндой тузсуз жана туздуу көлдөр кездешет. Андан сырткары ири көлдөрү: Каспий, Ладога, Онега. Түбөлүк тоң Сибирь менен Ыраакы Чыгыштын көптөгөн жеринде жатат.

Топурак жана өсүмдүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түздүктөрүндөгү топурак менен өсүмдүктөрү кеңдик зонага жараша түштүгүндөгү аралаш токойдо манжурия флорасынын элементтери (кара жыгач, амур кепкек дарагы, корей бал карагайы, лиана) бар. Токойлуу талаа зонасына боз-токой топурагындагы чакан аянтты ээлеген эмен (батышында) же кайын, байтеректүү (чыгышында) токойлор шакарсыз же кадимки кара топурактуу жердеги шалбаалуу талаа менен кезектешип жатат. Талаа зонасы кара топурактуу жана күрөң каштан топурактуу келип, түрдүү чөптүү-дан жана дан-өсүмдүктүү талаа (көп бөлүгү айдоо) басымдуу. Жарым чөл зонасы ачык-каштан жана күрөң топурактуу келип, шыбак, баялыш, дан өсүмдүктөрү сейрек өсөт. Тоолуу аймактарынын тоо этектерин талаа, капталдарын (600–800 м бийиктикте) эмен жана бук токойлору, 2000 мден жогору субальп жана альп шалбаасы ээлейт. Флорасы ар түрдүү. Фаунасында Кызыл китепке кирген көптөгөн жаныбарлар (ак аюу, кабылан, жолборс, морж) кездешет.

Кен байлыктары ар түрдүү. Орусияда минералдык отундун бардык түрү кездешет. Мунай, газ, апатит, калий тузу, фосфорит, түстүү, сейрек кездешүүчү жана баалуу металлдар, алмаз ж.б. казылып алынат. Табиятты коргоо жана табигый байлыктар – (түндүктөн түштүктү карай) өзгөрөт. Арктикалык чөл өсүмдүктөрү мамык чөп-эңилчектүү жана бадалдуу (кидик кайын, тал) тундрага (кычкыл, көбүнчө илээшкек топурактуу) өтөт. Аймагынын 70% и токой. Токойлуу тундра зонасында тундра менен кайың, карагай, кызыл карагайлуу сейрек токойлор (тундра, глей, чала күлдүү жана глей-тайга-тоң топурактуу) кезектешип жатат. Токой зонасында (аймагынын 1/2инен көбү) тайга (түндүгүндө) жана аралаш токой (түштүгүндө) басымдуу. Күл топурактуу жерлеринде ийне жалбырактуу тайга (карагай, көк жана бал карагайлар) жана мырза карагайлуу токой өсөт. Ениеейден чыгышты карай кызыл карагайдан турган ийне жалбырактуу тайга, Ыраакы Чыгышты аян карагайы жана көк карагайлуу (ак кабыктуу) тайга ээлейт. Тайга-тоң кыртыштуу чымдак күл топурактуу аралаш токой зонасында ийне жалбырактуу токойго адатта кайың, байтерек, зараң ж. б. аралаш өсөт. Ыраакы Чыгышты рационалдуу пайдаланууга чоң маани берилип келет. Табигый ландшафттарды сактоо жана коргоо үчүн 101 корук жана 35 табигый улуттук парк (анын ичинде 8и Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) уюштурулган.

Калк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элинин негизин орустар (80%) түзөт; ошондой эле татар (3,8), украин (2), андан тышкары 160 улут өкүлдөрү жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2те 8,4 киши; Москвада 4626, Чукоткада 0,07. Мамлекеттик тили – орус тили. Христиан (анын ичинде православныйлар), мусулман диндерин тутат. Ошондой эле иудаисттер, буддисттер да бар. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 62 жаш, аялдарыныкы – 74. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 кишиге 9,6), өлүм-житим жогорураак (1000ге 14,9). Шаар калкы 73%. Ири шаарлары: Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Нижний Новгород, Самара, Казан ж. б.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусиянын Сибирь, Түндүк Кавказ жана Кубань аймактарында алгачкы адамдар Шель дооруна чейин 3–2 млн жыл мурда эле жашаган. Воронеж, Калуга жана Туладан табылган (730–350 миң жыл мурда) адам сөөктөрү турпаты боюнча архантроп, палеантроп (неандерталга жакын) болгон. Бул археологиялык табылгалар – Костёнко-Стрелецкая (б. з. ч. 50–30 миң жыл мурда), Сунгирь (б. з .ч. 28–20 миң жыл) ж. б. маданияттарга таандык адамдардын генетикалык урпактары. Кийин алар мезолит доорунда Костенко-Авдеев маданиятын түзгөн. Липецк (б. з. ч. 22–21-миң жылдык), Москва (б. з. ч. 22–21-миң жылдык) жана Курск облусунан (б. з. ч. 14–13-миң жылдык) табылган адамдар антропологиялык түрү боюнча европеоиддер болгон. Б. з. ч. 6–4-кылымдарда Кара деңиз жээктеринде грек колонияларынан Скиф жана Боспор падышалыгы түзүлгөн. 552–747-жылдары Россиянын кыйла аймагын Кыргыз кагандыгы ээлеген. 7-кылымдын орто чени – 10-кылымда төмөнкү Волга бою жана Түндүк Кавказда Хазар кагандыгы жайгашкан. 9-кылымдын ортосунда Европа түндүгүндө Рюриковичтер династиясы түзүлүп, өзүнө чыгыш славян, финн-угор жана балтика урууларын багынткан. 882-ж. Новгород князы Олег Киевди басып алып, түндүк жана түштүк славяндарды кошуп, Байыркы орус мамлекети – Киев Русун (9–12-кылымдар) түзгөн. Киев Русу күч-кубаты боюнча Чыгыш Европа менен Кара деңиз боюнда Византия империясына теңтайлашып турган. 988-ж. Князь Владимирдин тушунда орустар христиан динин кабылдап, Ярослав Мудрый 1-орус мыйзамдар жыйнагын – «Русская правданы» чыгарган. 1132-ж. Киев князы Мономах Владимирович өлгөн соң, Рус мамлекети ыдырап, майда княздыктарга бөлүнүп кеткен. 13–15-кылымдарда орус, украин жана беларус эли калыптанып, Россия аймагында Владимир-Суздаль княздыгы, Новгород республикасы түзүлгөн. 13-кылымдын 40-жылдары орус жеринин көпчүлүгү Батыйдын чабуулуна туш болуп, моңгол-татарларга караган. Түндүк-Батыш Руска шведдер жана тевтон рыцарлары басып кирип, князь Александр Ярославович Невскийден жеңилген. 14-кылымдын ортосунда Рустун батыш жана түштүк жери Улуу Литва княздыгына, Галиция Польшага караган. 13-кылымдын аягы – 14-кылымдын башында Орус мамлекетинде чарба калыбына келип, 1362-жылдан Москва княздыгы чыңдала баштаган, өзгөчө Куликов салгылашынан кийин күчөгөн. Алтын Ордо акырындап ыдырап, 15-кылымдын орто ченинде Крым, Астрахань, Казан жана Сибирь (Кыргыз) хандыктарына бөлүнгөн. Иван IIIнүн тушунда 1480-ж. моңгол бийлиги биротоло кулап, 15-кылымдын аягы – 16-кылымдын башында бирдиктүү орус мамлекети түзүлгөн. 1497-ж. орус мамлекетинде дыйкандардын помещикке таандыктыгын далилдеген мыйзамдар жыйнагы (Судебник) чыгарылган. Орус жери үчүн Литва княздыгы жана Казан хандыгы менен согуш уланып, өлкө «Россия» атала баштаган. 1-орус падышасы Иван IV Грозныйдын тушунда мамлекетти борбордоштуруу реформасы жүрүп, Казан, Астрахань жана Сибирь (Кыргыз) хандыктары каратылган. Боярлар жери – поместьеси үчүн аскерде кызмат өтөөгө милдеттендирилген. Мылтык менен куралданган жөө аткычтар аскери түзүлгөн. Өзгөчө кырдаалда мамлекеттик маселелерди чечүү үчүн боярлар сословиеси катышкан Земский собор уюштурулган. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын орто ченинде крепостнойлук укук киргизилген. 1570-ж. Дон, 1571-ж. Урал, 1577-ж. Терек казак-орус аскер кошуундары түзүлгөн. 1581-ж. атаман Ермактын аскер кошууну Сибирди багынткан. 1571-ж. Крым ханы Девлет Грей түмөн аскери менен Москваны басып алып, өрттөп, калкын кырып, туткундап кеткен. 1572-ж. орус аскерлери Молодияхтын жанында (Москвадан 30–40 км алыс) Крым-түрк аскерин (120 миң) талкалап, Крымды биротоло алсыраткан соң, Россиянын түштүк чеги 100дөгөн кмге түштүккө жылган. Россияда 17-кылымдын башындагы баш аламандыктан элдик ополчение түзүлүп, поляк баскынчыларын талкалаган соң, 1613-ж. 21-февралда Михаил Фёдорович падыша шайланып, Романовдор династиясы орногон. Казак-орустар Чыгыш Сибирден Тынч океанга чейин тараган. 17-кылымдын орто ченинде Амур дарыясынын, Охота деңизинин боюнда, Чукоткада орус кыштактары пайда болгон. 1654-ж. Украина өз ыктыяры менен Россияга кошулган. Бирок Россия Европадан артта калып, деңиз жолуна, ийкемдүү башкаруу системасына, жаңы армияга муктаж болгон. Пётр 1нин бийликке келиши менен ички жана тышкы саясатта радикалдык өзгөрүү болуп, натыйжада Түндүк согушунда (1700–21) эң күчтүү швед армиясын талкалап, 16-кылымда шведдер басып алган орус жерлерин кайтарган. Невада Санкт-Петербург шаары курулуп, 1712-ж. ага Россиянын борбору Москвадан көчүрүлгөн. Мамлекеттик аппарат, билим берүү, армия кайрадан түзүлүп, Россияда император башкарган абсолюттук монархия орногон. Боярлар өз алдынчалыгын жоготуп, дворянга айланган. Екатерина II Кара деңиз үчүн Түркия менен бир нече жолу согушуп, ийгиликке жетишкен. 1812-ж. Россия Франция менен болгон согушта (1812-жылдагы Ата Мекендик согуш) жеңип, 1813-ж. орус армиясы Германияны француз оккупациядан бошотуп, 1814-ж. Парижди ээлеген. Согуштан кийин Россияда революциячыл идея таркап, 1825-ж. Декабристтер көтөрүлүшү чыккан. 19-кылымдын орто ченинде Россияга Түндүк Кавказ каратылып, Казак жүздөрү, кийин Түндүк Кыргызстан кошулуп, 1876-жылдан кийин Бухара жана Хива хандыктары караган. 19-кылымдын 2-жарымында Александр II тарабынан бир катар либералдык реформалар жүргүзүлүп, крепостнойлук укук жоюлган (1861). 1877–78-жылдары орус-түрк согушунда Балкан славяндары (Болгария, Сербия, Черногория) түрк башкаруусунан бошонгон. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Россиянын экономикасы өсүп, өлкөдө реформачыл (кадеттер ж. б.) жана революциячыл саясий партиялар пайда болгон. 1904–05-жылдары Россия орус-япон согушунда жеңилип, Портсмут тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. 1914-ж. Россия Антанта тарапта 1-дүйнөлүк согушка катышкан. 1917-ж. Февраль революциясынын таасири менен Россияда монархия кулап, Николай II тактысын иниси Михаилге өткөргөн. Башында А. Керенский турган Убактылуу өкмөт түзүлүп, Россия империясы Республика деп жарыяланган. 1917-ж. 25-октябрда (7-ноябрь) В. И. Ленин жетектеген социалисттик революция ишке ашып, Советтердин Бүткүл Россиялык 2-съездинде Россия Советтик Республикасы же Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасы (РСФСР) жарыяланып, бийликтин жогорку органы – Жумушчу жана солдат депутаттарынын совети түзүлгөн. Аткаруу бийлигин Эл комиссарлар совети (ЭКС) башкарган. Совет өкмөтүнүн «Тынчтык жөнүндө декрети» жана «Жер жөнүндө декрети» жарыяланган, жеке менчик жоюлуп, жер-суу, завод-фабрика мамлекеттик менчикке өткөн. Республикасынын борбордук Петрограддан Москвага көчүрүлгөн. 1918–22-жылдары Жарандык согуш учурунда Польша Россиядан бөлүнүп, Батыш Украина менен Батыш Беларуссияны, Румыния Бессарабияны басып алган. Прибалтика (Литва, Латвия, Эстония) жана Финляндия өз алдынча бөлүнгөн. 1922-ж. 30-декабрда СССР түзүлүп, жаңы экономикалык саясат (НЭП) ишке аша баштаган. Пролетариат диктатурасы орноп, бийликке И. Ф. Сталин келген. 1929–39-жылдары өлкөдө индустриалаштыруу жүрүп, өнөр-жай өнүгүп, техникалык кубаты кыйла өскөн. Айыл чарбасы коллективдештиришип, колхоз, совхоздор түзүлгөн. Маданият, билим берүү өнүккөн. 1930-ж. И. Ф. Сталиндин партиялык аппаратты тазалоо саясатынан улам өлкөдө массалык репрессия башталып, түзөтүү эмгек лагерлери (ГУЛАГ) түзүлгөн. 1939–40-жылдары аскердик-саясий акциянын натыйжасында Батыш Украина, Батыш Беларуссия, Молдавия, Батыш Карелия жана Прибалтика республикалары СССРге кошулган. 1941-ж. 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Германия көп аймакты басып алганы менен Ленинградды жана Москваны ала албай, Сталинград жана Курск салгылашында жеңилген соң, Советтик Армия стратегиялык чабуулга өтүп, немец армиясын талкалап, 1945-ж. майда Берлинди жана Праганы ээлеп, согушту жеңиш менен аяктаган. Японияга каршы согуштун натыйжасында Түштүк Сахалин жана Курил аралдары СССРге өткөн. Согушта СССР 26 млнго жакын адамынан ажыраган. Согуштан кийин СССР (социалисттик лагерь) менен АКШнын (Батыш Европа) ортосундагы тирешүү, 1950–53-жылдары Корея согушу бул эки державаны жарыша куралданууга түрткөн. 1962-ж. Кариб жаңжалы чыккан. Л. И. Брежнев башкарган учур «сенек мезгил» аталган менен 1970-ж. тышкы саясатта кыйла жылыш болуп, стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндө советтик-америкалык келишимге кол коюлган. Бирок 1979-ж. советтик аскерлердин Афганстанга кириши менен советтик-америкалык мамиле кайрадан бузулган. 1985-ж. бийликке М. С. Горбачёв келип, кайра куруу саясатын алкоголго каршы кампания менен баштап, кризис күчөп, өлкөнүн кыйрашына алып келген. 1988–91-жылдары өлкөдөгү товардык дефициттен улам карточка системасы киргизилген (1947-жылдан кийин 1-жолу). СССР аймагында улут аралык чыр-чатак күчөгөн. 1990-ж. 12-июнунда РСФСР депутаттар съезди «Советтик Россия мамлекетинин өз алдынчалыгы жөнүндө» декларациясын кабыл алган. 1991-ж. 18-августта СССР жетекчилеринин бир тобу мамлекетти сактап калуу максатында Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик комитет (тарыхта Август путчу аталат) түзүп, М. С. Горбачёвду кызматтан алып, өлкөнү кыйроодон сактоону көздөгөн. Бирок алардын аракети ишке ашпай, союздук республикалар өз алдынча бөлүнүүнү көздөй баштаган. 1991-ж. 8-декабрда РСФСР, Украина жана Белоруссия көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюп, СССР жоюлган. Россияда 1993-ж. 25-декабрга чейин СССР конституциясы колдонулганы менен ал жаңы мамлекеттик түзүлүшкө карама-каршы келген. 1992-ж. 1-январынан баштап Е. Гайдардын өкмөтүнүн баага карата мамлекеттик чектөөнү алып салуу менен коштолгон радикалдык экономикалык реформасынан өлкө гиперинфляцияга туш болуп, экономикалык өсүш кескин токтоп, калктын массалык жакырдануусу башталган. 1993-ж. 3-4-октябрда Москвада Ельциндин өкмөтү менен Жогорку Советтин ортосунда конституция боюнча келип чыккан карама-каршылыктан улам 9-октябрда Жогорку Совет таркатылып, декабрдан жаңы конституция күчүнө кирген. Россия жаңы саясий коомдук түзүлүшкө биротоло багыт алган. 1990-жылдардын 1-жарымында көпчүлүк ишканалар ваучердик менчиктештирүү жолу менен, ошондой эле мүлктү аукционго күрөөгө коюу аркылуу менчикке өткөн. Бирок, бул эбегейсиз мамлекеттик карызды жаба алган эмес. 1998-ж. августта рублдин курсунун дүйнөлүк валютага салыштырмалуу кескин төмөндөшү Россиянын экономикасынын конкуренцияга туруктуулугун күчөткөн. 1999-жылдан Россияда экономикалык өсүш байкалган. 2000-ж. марттан В. Путиндин бийликке келиши менен бир катар социалдык-экономикалык багыттагы салык, жер, пенсия, банк, электр энергетика жана темир жол, транспорт ж. б. тармактарды реформалоо жүргүзүлгөн. 2005-ж. сентябрда Россияда саламаттык сактоо, билим берүү, турак жай жана айыл-чарбаны өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлор иштелип чыккан. Бул программага 2006-ж. 161 млрд, 2007-ж. 206 млрд рубль жумшалган. 2000–08-жылдары Россияда экономикалык жогорулоо байкалып, калктын кирешеси өскөн, өлкөдө саясий туруктуулук орногон. 2000-жылдан өлкөдө борбордук (федералдык) бийлик чыңдалып, региондук бийликти бошоңдотуу жолу менен жогорку аткаруу бийлигин күчөтүү максатында айрым ишканалар улутташтырылып, федералдык бийликтин таасири арткан. Россиянын демилгеси менен КМШ, Евразия экономикалык шериктештиги (ЕврАзЭс), Жаматтык коопсуздук келишим уюму (ОДКБ), ШКУ түзүлгөн. Россия Беларуссия менен союздук мамиледе. Россия, Беларуссия жана Казакстан менен бирге бажы союзун түзгөн. Россия менен Кыргызстандын достук, кызматташтык мамилелери динамикалуу өнүгүүдө. 2013–14-жылдары Россия менен Кыргызстандын өкмөтү коопсуздук миграция, энергетика ж. б. тармактар боюнча бир катар маанилүү келишимдерге кол койгон.

Курал күчтөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физико-географиялык мүнөздөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусия – экономикасы өтмө, чарбасы рыноктун негизинде өнүгүп жаткан өлкө. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2 млрд 229 млн АКШ доллары [2010, дүйнөдө 6-орунда (АКШ, Кытай, Япония, Индия, Германиядан кийин)]. Аны киши башына бөлүштүргөндө 15,1 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 57,8, өнөр-жай менен курулуштуку 37,0, айыл-чарбасыныкы 5,2. Экономикасынын башкы тармагы – нефть жана газ өнөр-жайы. Жаратылыш газы 2009-ж. 583 млрд м3 (2-орунда, АКШдан кийин), 2008-ж. нефть (газ конденсаты менен) 488 млн г(2-орунда, Сауд Арабиясынан кийин), таш көмүр (5-орунда), темир кен ташы 2008-ж. 100 млн т (5-орунда) казып алынган. 2008-ж. 1040,4 млрд кВпг-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 68% и ЖЭБке, 16сы ГЭСке жана 16% ке жакыны АЭСке туура келет. Кайра иштетүүчү өнөр-жай жогорку технология менен алмашып өнүгүүдө. Кара жана түстүү металлургия (болот өндүрүү боюнча дүйнөдө 4-орунда; алюминий 2-орунда; жез, коргошун, цинк), оор машина куруу [тоо-шахта, металлургия, энергетика (атом жана ядро) өндүрүшү үчүн жабдуулар], транспорт, айыл-чарба машиналары, прибор куруу, электр-техникалык, электроника өнөр-жай өнүккөн. Химиялык (жер семирткичтер, дүйнөдө 3-орунда), фармацевтика, пластмасса, химиялык була, жасалма каучук, шина, боёчу каражаттар, дары-дармек, токой, жыгаччылык, тамак-аш, курулуш материалдар, жеңил (анын ичинде текстиль; импортко туруштук бере албай келүүдө) өнөр-жай ишканалары иштейт.

Айыл чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Агрардык продукциялар өндүрүшүндө негизги орунду айыл-чарба (49,3%) жана элдин өздүк чарбасы (41,6%) ээлейт. Фермер чарбалары 9,1%ти түзөт. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк өнүккөн. Айдоо аянты 1992–2000-жылдардын аралыгында 1/3 эсеге (114,6 млн гадан 76,9 млн гага чейин) кыскарган. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү, сулу, кара буудай, таруу, кара күрүч, күрүч), кант кызылчасы, күн карама, картөшкө, буурчак, кендир, paпс жана жашылча айдалат. Жүзүм жана жемиш өстүрүлөт. Малдан өндүрүлгөн продукция өлкөнүн ички керектөөсүнүн 70% ин камсыздайт. Бодо мал (21,1 млн; анын ичинде 9 млну уй), чочко (16,3), кой, эчки (21,6) асыралат. Үй куштары багылат. Жыгач даярдалат. Деңиз жана дарыя балыкчылыгы өнүккөн. Балык өстүрүлөт. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 963 (анын ичинде 771и асфальтталган), темир жолунуку 86, труба транспортунуку 228 (анын ичинде газдыкы 163, нефтиники 47), ички суу жолунуку 102. Деңиздеги маанилүү порттору: Санкт-Петербург, Новороссийск, Ванино, Мурманск, Калининград, Находка. Сыртка нефть, нефть продукциялары, жаратылыш газы, металл, буудай (дүйнөдө кайрадан ири экспорттоочу болуп келүүдө), химикаттар, тактай материалдар, машина жана анын жабдууларын ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, Кытай, Украина, Япония, Түркия. Россияда 100дөн ашык курорт [Кара деңиздин жээгинде (Сочи ж. б.), Кавказдагы Минералдуу суулар курорттор тобу, Санкт-Петербургдун курорттуу зонасы (Финн булуңунун боюнда] иштейт. Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү толук жана атайын орто, ошондой эле жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 93% ти түзөт (2014). Билим берүү 53 тилде жүргүзүлөт (2014). Окуу жайлардын көпчүлүгү Москва, Санкт-Петербург шаарында, Краснодар крайында жайгашкан. М. В. Ломоносов атындагы ММУ (1906), Архитектура (1907), Медицина мамлекеттик (1906), Д. Менделеев атындагы Химиялык-техникалык (1920), А. Герцен атындагы Педагогика (1918), Санкт-Петербург мамлекеттик (1908), Новосибирск мамлекеттик (1918), Урал мамлекеттик (1916), Саратов мамлекеттик (1921), Патрис Лумумба атындагы Россия Элдердин достугу (1960) ж. б. көптөгөн ири университеттери, ошондой эле Москва Кремли мамлекеттик Маданий тарых музейи, М. Е. Салтыков-Щедрин атындагы мамлекеттик музейи, И. Е. Репин атындагы Көркөм-мемориалдык музейи, «Арсенал» музейи, Алтай край таануу музейи, Археология жана адабият ж. б. көптөгөн музейлери жана тармактык илимий ири китепканалары бар.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус элинин оозеки адабияты макал, ылакап, миф, уламыш, жомок, аңгеме, лирикалык, тарыхый ырларга бай. Булар идеялык-көркөмдүк бийиктиги, эл турмушун таасын сүрөттөлүшү менен өзгөчөлөнөт. 11–13-кылымдарда жаралган жазма эстеликтеринин бири «Жылдар баянында» (11-кылым) орус элинин тарыхый ролу, орус мамлекетинин түзүлүшү жөнүндө сөз болот. Орус элин биримдикке үндөөдө, патриоттук духта тарбиялоодо «Игордун кошууну жөнүндө сөздүн» (12-кылым) мааниси чоң. 13–14-кылымдардагы жыл баяндары менен тарыхый дастандарда орус турмушу сүрөттөлөт. 15–17-кылымдарда аңгеме түрүндөгү чыгармалар жаралган. Жаңы орус адабияты 18-кылымда пайда болгон. Адабияттагы багыттар идеялык-эстет. касиеттер менен жуурулушуп, калыптанып калган улуттук маданий белгилерди (салттарды) боюна сиңирген. А. Д. Кантемир, В. К. Тредиаковский, М. В. Ломоносов, А. П. Сумароков ж. б. акын-жазуучулардын чыгармалары менен орус адабияты жаңы белеске чыккан. A. Н. Радищевдин «Петербургдан Москвага саякаты» (1790), В. А. Жуковский менен К. Н. Батюшковдун эллегиялары жарык көргөн. Азаттык идеялары В. Ф. Раевский, К. Ф. Рылеев, В. К. Кюхельбекерлердин чыгармаларында чагылдырылат. И. А. Крылов A. С. Грибоедовдун чыгармалары сатиралык жана драмалык багытты чыйралткан. A.С. Пушкин нукура элдик, реалисттик адабиятты негиздеп, орус адабиятында жаңы доорду ачып, аны дүйнөлүк адабияттардын деңгээлине көтөргөн. Пушкиндин жолун М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь ж. б. тереңдетишкен. Сынчыл эстетикалык ой В. Г. Белинскийдин чыгармалары менен бой көтөрдү. И. А. Гончаров, И. С. Тургенев, Ф. М. Достоевский, М. Е. Салтыков-Шедрин, А.И. Герцен сыяктуу жазуучулардын чыгармаларында коом турмушу, чындык көркөмдүк менен сүрөттөлөт. Бул салттар A. Н. Островский, Н. А. Некрасовдор тарабынан улантылды. 19-кылымдын 2-жарымынан орус адабияты идеялык өнүгүүнүн жаны жолуна түштү. «Современник» журналы революциячыл демократтардын куралына айланды. Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов өздөрүнүн революциячыл материалисттик эстетикасы менен падышалык тартипке аёосуз күрөш ачты. Л. Н. Толстойдун «Анна Каренина», «Согуш жана Тынчтык» романдары, А. П. Чеховдун аңгемелери менен орус адабиятынын арымы кеңиди. 20-кылымдын башында М. Горький, A. А. Блок, А.И. Куприн, И. А. Бунин, В. В. Маяковский ж. б. чыгармалары жаралды. Социалисттик реализмдин принциптерин нуска туткан орус совет адабияты – дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнүн жаңы этабы болду. Орус совет адабияты коммунисттик идеялар менен сугарылып, советтик адамдын мүнөзүнүн жетилишинде чоң идеялык-тарбиялык роль ойногон. Бул адабияттын өнүгүшүндөгү башкы багыт – эл турмушу менен байланышты чыңдап, социалисттик турмуштун ар кыл жактарын туура жана жогорку көркөмдүктө чагылдыруу эсептелген. Орус совет адабиятынын негиздөөчүлөрү – М. Горький, Д. Бедный, А. Серафимович, В. Маяковский ж. б. акын-жазуучулар болгон. Алардын катарын A. Блоктун, В. Брюсовдун, С. Есениндин, А. Ахматованын, М. Пришвиндин, В. Вересаевдин акындык жана жазуучулук ысымдары толуктап турат. Социалисттик реализм адабиятынын түзүлүшүндө М. Горькийдин чыгармалары, В. Маяковскийдин «Владимир Ильич Ленин» (1924) поэмасы, Д. Фурмановдун «Чапаев» (1923), А. Серафимовичтин «Темир сел» (1924) жана А. Фадеевдин «Талкалоо» (1927) романдары чоң роль ойногон. Революциянын романтикасы, тап күрөшүнүн катаал мезгили, Жаңы экономикалык саясат (НЭП) учурундагы өлкө турмушу жана адамдын ички дүйнөсү 20-жылдардагы чыгармаларда ар тарабынан чагылдырылган (В. Маяковский, С. Есенин, Б. Пастернак, Э. Багрицкий, А. Жаров, И. Уткиндердин лирикасы; В. Иванов, Л. Леонов, Ю. Лебединский, Б. Лавренёв, А. Неверов, Ю. Олеша, И. Бабель, Ф. Гладков ж. б. жазуучулардын роман, повесттери; А. Безыменский, B.Билль-Белоцерковский, К. Тренёв, М. Булгаков ж. б. пьесалары). 30-жылдардагы көрүнүктүү чыгармаларга М. Шолоховдун «Көтөрүлгөн дың» (1-китеп, 1932) романы кирет. Мында дыйкандардын эскиче жашоо ыңгайынын кыйрашынын драмалык учуру көрсөтүлөт. Бул жылдары совет адабияты революциялык күрөш учурундагы совет адамынын жетилүү процессин өлкөнүн турмушу менен тыгыз байланышта чагылдырган. Орус адабияты Н. Островскийдин «Болот кантип курчуду» (1935) романы, А. Макаренко, А. Малышкин, Ю. Крымов ж. б. жазуучулардын мыкты көркөм сөз туундулары менен байыды. 30-жылдары орус совет прозасында дүйнөгө таанымал чыгармалар: М. Горькийдин «Клим Самгиндин өмүрү» (1925–36), М. Шолоховдун «Тынч Дон» (1928–40), А. Толстойдун «Кыйын кезең» (1920–41) эпопеялары жаралган. Аларда Октябрь революциясынын тарыхый жана идеялык-саясий өбөлгөлөрү, орус элинин революциядагы жана жарандык согуштагы тарыхый жолу баяндалат. 30-жылдардагы поэзия романтикалык маанайдын басымдуулугу (Б. Корнилов, В. Саянов ж. б.), элдик ырлардын өнүктүрүлүшү менен (мисалы, М. Исаковский) мүнөздөлөт, ал эми прозада лирикалык тенденция (М. Пришвин, К. Паустовский, И. Соколов-Микитов ж. б.), драматургияда баатырдык романтика (Л. Славин, В. Вишневский, Н. Погодин) алга чыккан. А. Толстой («Пётр I», 1929–45), А. Чапыгин, О. Форш, Ю. Тынянов, С. Злобин, В. Шишков ж. б. тарыхый темадагы романдары жарык көргөн. 20–30-жылдары совет балдар адабияты заман талабына шайкеш өнүккөн (К. Чуковский, С. Маршак, С. Михалков, А. Барто, А. Гайдар, В. Каверин ж. б.). Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи күндөрүнөн эле советтик жазуучулар орус тарыхынын даңазалуу барактары менен орус элинин революциячыл барактарына кайрылышып, калкты эл жерди коргоого үндөгөн чыгармалар жазышкан (И. Эренбург, А. Толстой ж. б. калемгерлердин публицистикасы, В. Лебедев-Кумач, К. Симонов, А. Сурков, М. Алигер, М. Дудин, А. Тихонов, А. Прокофьев ж. б. акындардын ырлары менен поэмалары, А. Бек, В. Гроссман, Б. Горбатов ж. б. жазуучулардын прозалык чыгармалары). A. Твардовскийдин «Василий Тёркин» (1942–45) поэмасында элдин согушка карата мамилеси, ар кыл ой-пикирлери кеңири планда көрсөтүлөт. 40-жылдардын аягы – 50-жылдардын башындагы адабият согушту жана совет элинин фашизмди жеңишин көркөм аңдап билүүнү улантты: А. Фадеев («Жаш Гвардия» 1945; жаңы редакциясы - 1951), Б. Полевой, Э. Казакевич, В. Панова. Согушта кыйраган эл чарбасын калыбына келтирүү, элдин каарман эмгеги П. Павленко, B. Ажаев, В. Кочетков, Н. Грибачёв ж. б. жазуучулардын чыгармаларынын өзөк темасын түздү. Л. Леоновдун «Орус токою» (1953), К. Фединдин «Алгачкы кубанычтар» (1945), «Бөтөнчө жай» (1947–48), Ф. Гладковдун «Бала чак жөнүндө повесть» (1949) жана Г. Марков, С. Сартаков, В. Кожевников сыяктуу жазуучулардын чыгармалары согуштан кийинки адабиятта көрүнүктүү орунда турат. Айыл-кыштактын орчундуу маселелери, адамдардын көп кырдуу мамилелери, гуманизмдин милдети жөнүндөгү проблемалар B. Овечкин, В. Тендряков, П. Нилин, Ю. Герман, Д. Гранин, Г. Николаева ж. б. прозачылардын чыгармаларында чагылдырылган. 50–60-жылдардын поэзиясынын ийгиликтери C. Наровчатов, А. Межиров, К. Ваншенкин, Е. Винокуров, Д. Самойлов, Б. Слуцкий, В. Шефнер, С. Орлов, Я. Смеляков, Н. Рыленков, Л. Мартынов, В. Луговский ж. б. акындардын ысымдары менен байланыштуу. Драматургияда В. Розов, А. Штейн ж. б. чыгармаларын жаратты. Е. Евтушенко, А. Вознесенский, Б. Ахмадулина, Р. Рождественский, В. Цыбин, В. Аксёнов, Ю. Казаков ж. б. акын-жазуучулар кошулду. 60-жылдардын адабиятында «согуш прозасы» чоң орун ээледи (Г. Бакланов, Ю. Бондарев, Б. Васильев, В. Астафьев, В. Богомолов, А. Чаковский ж. б.). Адабиятка К. Симоновдун «Өмүр жана өлүм» (1959–71) үчилтиги чоң окуя катары кирди. Е. Дорош, Ф. Абрамов, В. Распутин, В. Белов, В. Шукшин, П. Проскурин ж. б. калемгерлердик прозалары айыл-кыштак турмушун, андагы адамдардын өз ара мамилесин, мүнөздөрүн таамай сүрөттөгөнү, көркөм анализдеп бергени менен баалуу. Драматургия жана поэзия жанры М. Шагинян, Н. Погодин, М. Шатров, Е. Евтушенко, А. Вознесенский, А. Ахматова ж. б. көркөм сөз чеберлеринин чыгармалары менен толукталды. И. Эренбург, К. Паустовский, Чуковский, С. Маршак, М. Исаковский, В. Каверин, B. Катаев, В. Шкловский ж. б. көркөм мемуардык чыгармаларына адабий процессте өзгөчө орун таандык. 70-жылдардагы орус совет адабияты дүйнөлүк проблемаларды улам терең чагылтуу жана көркөм каражаттарды өздөштүрүү багытында өнүгүүдө (И. Дворецкий, Г. Бокарев, А. Гельман, А. Вампилов – драматургия; А. Битов, Ж. Трифонов, О. Куваев ж. б. проза; Н. Рубцов, C. Куняев, А. Кушнер, О. Чуконцев ж. б. поэзия). 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында Россия адабиятында «постмодернизм» аталган «идеологиялык вакуум доору» баштады. Биринчи планга СССР менен Россиянын ортосундагы байланышты жок кылууну, адабияттын өзөгүндө эл тагдырынын феномендүүлүгүн, өзүнүн орустук улуттугун аңдоону коюуну максат кылган жазуучулар чыгышты (А. Солженицын, В. Галактионова, В. Дёгтев, Б. Евсеев, Ю. Козлов, В. Личутин, Ю. Поляков, 3. Прилепин ж. б.). В. Личутиндин улуттук тарых концепцияларын камтыган «Жик салуу» үчилтик романында (2008) «жоготулган бейиш - табылган бейиш» идеялары орун алат. Поэзияда Ю. Кузнецов, Н. Тряпкин, Г. Горбовский, О. Чухонцев, В. Казанцев, Е. Рейн, И. Шкляревский ж. б. акындар ар түрдүү тематикалык жана стилистикалык багыттагы чыгармаларды жаратышты. Заманбап орус адабиятында алдынкы орунга проза менен публицистика чыкты (С. Кекова, И. Семёнова, В. Емелин, Н. Зиновьев, Е. Семичев, Г. Иванов, В. Бояринов, В. Берязев, С. Сырнева, С. Соколкин, В. Нежданов). В. Галактионованын «Чоң крест» (2001), «Убайымдан уктагандар» (2010) повесттери менен «Буян аралында» (2003), «5/4 жым-жырттыктын алдынкы күнү» (2004), 3. Прилепиндин «Патология» (2004), «Санька» (2006) романдары, «Күчөө» аңгемелер (2007) цикли жарык көрдү. Орус адабиятынын нускалуу салттары кыргыз адабиятына зор таасир тийгизди. Кыргыз адабият таануусунда орустун A. С. Пушкин, Л. Н. Толстой, A. М. Горький, В. В. Маяковский, М. А. Шолохов өңдүү көркөм сөз сүрөткерлеринин нускалуу салттарын кыргыз акын-жазуучуларынын өздөштүрүүсүн ар тараптан изилдеген эмгектер жаралды.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Россиянын аймагында неолит жана коло дооруна таандык көптөгөн эстеликтер сакталган. Уруулар биригип, мамлекеттин пайда болушу байыркы маданияттан орто кылым маданиятына өтүү учуру (б. з. 1-миң жылдыгында) көркөм чыгармалардын өнүгүшүнө шарт түзгөн. 9–10-кылымдарда Байыркы Русь маданияты калыптанган. 10-кылым – 13-кылымдын орто чени - Байыркы Русь маданиятынын гүлдөгөн доору. Таштан курулган кооз, бийик имараттар (чиркөө, монастырь, сарай), фреска, мозаика менен кооздолуп, икона искусствосу, китеп миниатюрасы жогорку деңгээлге жеткен. 13-кылымдын аягы – 17-кылымда Русь мамлекетинин маданияты жаңы баскычка көтөрүлгөн. 13- кылымдагы моңгол-татар согушунун кесепетинен сүрөт искусствосу начарлап, 13-кылымдын аягында гана ал кайрадан өнүгүү жолуна түшкөн. Новгороддо, Псковдо архитектуралык, Ростовдо, Ярославлда сүрөт мектептери ачылган. Москва Кремли эменден (1339), кийин ак таштан (1367) курулат. 15- кылымдын 2-жарымында борбордошкон Русь мамлекетинин түзүлүшү менен Москва маданий борборго айланган. 16-кылымда Москвада чиркөөлөр (Коломенскидеги Вознесения чиркөөсү, Василий Блаженный храмы) курулган. Русь мамлекетинин ири борборлорунда (Новгород, Тула, Коломна, Зарайск, Смоленск, Серпухов) кремлдер салынып, турак жайлар негизинен жыгачтан тургузулган. 14-кылымдын аягы - 15-кылымдын башында орус сүрөтчүлөрү Феофан Грек, Андрей Рублёвдор атактуу чыгармаларын жараткан. 18-кылым – 19-кылымдын 1-жарымы орто кылым маданиятынан жаны доор маданиятына өтүү мезгили болгон. Чыгыш Европа менен байланыш кеңейип, көптөгөн белгилүү кыл калем чеберлеринин сүрөттөр Россияга алынып келинген. Россия сүрөтчүлөрү чыгыштан таалим алган. 1757-ж. Петербургда Европа тибиндеги көркөм академия негизделип, агартуу идеясы кеңири кулач жайган. 17-кылымдын акырында жаны доордун талабына шайкеш шаарлар пландуу курула баштаган. Россия архитектурасы жалпы европалык көркөм стиль системасында өнүгүп, 18-кылымда барокко, классицизм пайда болгон. 19- кылымдын ортосунда өкүм сүргөн классицизм архитектуранын бүт түрүнө жайылган. Шаарлардын 400дөн ашык планы иштелип чыккан. Бул мезгилде М. Ф. Казаков, А. Д. Захаров, К. И. Росси ж. б. атактуу архитекторлор активдүү эмгектенген. Ушул эле мезгилде сүрөт искусствосунда айрыкча портрет жанры калыптанган (И. Н. Никитин, A. М. Матвеев ж. б.). 18-кылымдын 2-жарымында Д. Г. Левицкий, В. Л. Боровиковский, Ф. И. Шубиндердин чыгармачылыгы орус сүрөт искусствосунда чоң мааниге ээ болгон. О. А. Кипренский, В. А. Тропинин, К. П. Брюллов сыяктуу сүрөтчүлөр өз чыгармаларында замандаштарынын психологиясын, мүнөзүн зор чеберчилик менен ачып берген. 19-кылымдын ортосунан, айрыкча, турмуш-тиричилик жанры өнүккөн. Кол өнөрчүлүктүн көркөм таасири астында архитектура менен скульптура өрчүгөн. 19-кылымдын 2-жарымында Россияда капитализмдин өнүгүшү, революциячыл кыймылдын жогорулашы архитектура менен сүрөт искусствосуна чоң таасир көрсөтүп, жаны курулуш материалдары (металл конструкциясы) өздөштүрүлгөн. 20-кылымдын башында кол өнөрчүлүктө «модерн» стили тарайт. 19-кылымдын 2-жарымында сүрөт искусствосунда демократиялык реализм күчөп, айрыкча көчмө сүрөтчүлөр реализми сүрөт искусствосунда негизги ролду ойногон. И. Е. Репин, И. Н. Крамской, Н. А. Ярощенко, С. В. Иванов сыяктуу сүрөтчүлөр эмгекчилерди даңазалаган чыгармаларды жараткан. 1932-ж. СССР арх. союзу уюшулган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фашисттер кыйраткан шаарлар, айыл-кыштактар, архитектура эстеликтери кийин калыбына келтирилип, жаңы шаарлар курулган. 60–70-жылдары курулган Москвадагы шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык двореци (архитектор И. А. Покровский ж. б.), В. И. Ленин атындагы стадиондун комплекси (архитектор A. В. Власов), Мамлекеттик Кремль двореци (архитектор М. В. Посохин, A. А. Мндоянц ж. б.) ж. б. курулуштар советтик архитектуранын мыкты үлгүсү деп эсептелген. 20-жылдарда чакырык плакаты менен гезит, журнал графикасы өнүгүп, сүрөт искусствосунда социалисттик реализм пайда болгон. Бул жылдары сюжеттүү тематикалык картиналар, скульптурада портрет жанры басымдуулук кылган. Д. С. Моордун плакаттары, И. И. Бродский, A. М. Герасимов, М. Б. Грековдун сүрөттөрү, Н. А. Андреев, С. Т. Конёнков, Б. Д. Королёв, М. Г. Манизер, С. Д. Меркулов, В. И. Мухинанын скульптуралары советтик сүрөт искусствонун казынасын байыткан. Б. В. Иогансондун, С. В. Герасимовдун, В. А. Фаворскийдин, А. И. Кравченконун, И. Д. Шадрдын, С. Д. Лебедеванын, В. Н. Томскийдин, Л. Е. Кербелдин, Е. В. Вучетичтин картина, графика, скульптура чыгармалары адамдардын жаркын образын таамай жараткан.

Музыкасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус музыкасынын башаты чыгыш-славян урууларынын маданиятына жана турмуш-тиричилигине барып такалат. Христиан динин кабыл алгандан кийин бир нече кылым бою бир үндүү чиркөө ыры өнүгүп, 17–18-кылымдарда көп үндүү партесттүү ырдоо жана кант, псалма таралган. 18-кылымда профессионал музыкалык искусствосунун театр, камералык жана симфониялык концерт өңдүү жаны формалары кирген. 19-кылымда орус классикалык музыкасынын негиздөөчүсү М. И. Глинка, сьюреализминин өкүлү A. С. Даргомыжскийдин чыгармачылыгы менен орус музыкасы ийгиликтүү өнүккөн. А. Г. Рубинштейн негиздеген орус музыкалык коому (1859) көптөгөн угуучулардын көңүлүн олуттуу музыкага буруп, Петербургда (1862) жана Москвада профессионал музыкалык кадрлардын өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Сынчы, композитор A. Н. Серов жана 60-жылдардагы композиторлордун «Кубаттуу топ» уюму музыкалык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн. 30–40-жылдарда М. И. Глинканын чыгармачылыгы классикалык орус музыкасынын гүлдөшүнө жол ачып, орус музыкалык мектеби европалык улуттук музыка мектептеринин эң алдынкыларынын катарына кошулган. Анын «Иван Сусанин» (1836), «Руслан жана Людмила» (1842) ж. б. опералары орус музыкасына жаны из салган. Анын «Камаринская» (1848), «Испан увертюралары», «Арагон хотасы» (1845) жана «Мадриддеги түн» (1851) ж. б. оркестрдик чыгармалары орустун улуттук симфонизминин негизи болуп калды. Орус жана дүйнөлүк музыкада реализмдин эң жогорку чеги – П. И. Чайковскийдин чыгармачылыгы. 19–20-кылымдарда С. Танеев, А. Глазунов, А. Лядов, В. Калинников ж. б. классикалык орус музыкасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүшсө, Октябрь социалисттик революциясынан кийин орус музыкасынын өнүгүшүндө жаны этап башталган. Советтик композиторлор: А. Александров, М. Блантер, А. Давиденко, И. Дунаевский, В. Захаров, Э. Колмановский, Б. Мокроусов, В. Мурадели, А. Новиков, А. Островский, А. Пахмутова, А. Петров, В. Соловьёв-Седой, С. Туликов, М. Фрадкин, Я. Френкель, Т. Хренников, А. Эшпай ж. б. жемиштүү эмгектенишкен. Камералык, вокалдык жана аспаптык музыканы өнүктүрүүдө A. Н. Александров, Н. Мясковский, С. Прокофъев, Г. Свиридов, Ю. Шапорин, В. Шебалин, Д. Шостакович ж. б. салымы зор. Симфониялык музыкага 20-кылымдын аягында Э. В. Денисов, С. А. Губайдулина, Р. К. Щедрин, A. Г. Шнитке ж. б. чыгармалары менен Россиянын музыкалык маданиятына чоң салым кошкон. 1970-жылдардан эстрадада белгилүү ырчылар А. Б. Пугачева, М. М. Магомаев, С. М. Ротару, Э. С. Пьеха, И. Д. Кобзон, В. Я. Леонтьев, Л. В. Лещенко, B. В. Толкунова ж. б. ийгиликтүү иштешти. Кийин Ф. Б. Киркоров, Л. С. Вайкуле, Д. Н. Билан ж. б. өз орду бар. «Машина времени», «Аквариум», «Кино», «Алиса», «Агата Кристи», «ДДТ» ж. б. топторунун Россиянын заманбап маданиятынын өнүгүшүнө салымы чоң.

Театры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус театр искусствосунун алгачкы өкүлдөрү-скоморохтор болгон. Алар эмгек процессине, ырым-жырымдарга байланыштуу келип чыккан. 16–17-кылымдардын 1-жарымы скоморохтордун өнөрүнүн гүлдөгөн мезгили. 18-кылымда алгач ышкыбоздор театры пайда болуп, биринчи орус мамлекеттик профессионал театры (1756-ж. Петербург) Ярославлдагы Ф. Г. Волков труппасынын негизинде түзүлгөн. Орус сахна мектебин калыптандырууда И. А. Дмитриевский менен М. С. Щепкин зор эмгек сиңирген. 19-кылымда орус театрында революциялык романтизмдин өкүлү П. С. Мочалов көрүнүктүү актёрлор И. И. Сосницкий, A. Е. Мартынов ж. б. эмгектенишкен. 1824-ж. Москва Кичи театры, 1832-ж. Петербургда Александрия ж. б. театрлар ачылган. 19-кылымдын ортосунда орус театры A. Н. Островскийдин чыгармалары менен байыган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башындагы орус театрынын белгилүү өкүлдөрүнөн болуп Г. Н. Федотова, М. Н. Ермолова, актёр жана режиссёр A. Н. Ленский ж. б. саналышат. 1898-ж. Москва көркөм театры (МХАТ) түзүлүп, анда А. П. Чехов, М. Горькийдин пьесалары коюлган. 20-кылымдын башында МХАТтын негиздөөчүлөрү жана жетекчилери К. С. Станиславский менен В. И. Немирович-Данченко орус сахна искусствосуна реализм принциптерин киргизген. Октябрь революциясынан кийин совет драматургиясы өнүгүү жолуна түшкөн («Мистерия Буфф», В. В. Маяковский, 1918-ж. коюлган). Жарандык согуш жылдарында К. А. Тренёвдун «Любовь Яровая», В. С. Ивановдун «Бронепоезд 14-69», В. Билль Белоцерковскийдин «Шторм» ж. б. спектаклдери коюлган. 30-жылдары социалисттик реализм методунун бекемделишине М. Горькийдин («Егор Вулычёв жана башкалар», «Душмандар» ж. б.) чыгармачылыгы зор роль ойногон. Социализм үчүн совет элинин күрөшү советтик драматургияда кеңири чагылдырылган. Бул жылдары сахнада В. И. Лениндин образын түзүү (Н. Ф. Погодин «Мылтыкчан адам» ж. б.), классикалык чыгармаларды (У. Шекспир «Отелло», A. П. Чехов «Үч эже-сиңди») коюу чоң ийгиликтерди жараткан. Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде театрдын эл менен терең байланышы айрыкча күч алып, фашисттик басып алуучуларга каршы совет элинин баатырдык күрөшүн баяндаган пьесалар коюлат: A. Е. Корнейчуктун «Фронт», К. М. Симоновдун «Орус адамы» ж. б. 40-жылдардын аягы – 50-жылдарда Россия театры совет элинин турмушу менен байланышкан маанилүү темалардын үстүндө иштеп, 50- 70-жылдары чыгармачылык зор ийгиликтерге жетишти (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»; У. Шекспир, «Гамлет»; Н. Ф. Погодин, «Кремль куранттары»; А. П. Штейн, «Океан»; Г. К. Бокарёв «Болот эритүүчүлөр» ж. б.). 50-жылдардын аягы – 60-жылдары театрды өнүктүрүүгө Г. А. Товстоногов, Б. И. Равенских, B. Н. Плучек, О. Н. Ефремов, A. В. Эфрос сыяктуу режиссёрлор, Ю. К. Борисова, И. М. Смоктуновский, М. А. Ульянов, К. Ю. Лавров өңдүү актёрлор олуттуу салым кошушту. Россиянын көптөгөн театр труппалары Кыргызстанда болуп, көрүүчүлөргө оюндарын көрсөтүшкөн. Россия Федерациясынын театр ишмерлеринин союзу (1883) иштейт.

Киносу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Россияда биринчи хроникалык фильм 1896-ж. тартылган. 1908-ж. менчик кино ишканалар көркөм кино тасмаларды чыгара баштаган. Орус искусствосунун реалисттик салтын режиссёр Я. А. Протезанов, В. Р. Гардин, О. И. Преображенская ж. б. өнүктүргөн. Октябрь революциясынан кийин кинематография советтик маданияттын маанилүү тармактарынын бири болуп калды. 20-жылдары С. М. Эйзенштейндин «Броненосец Потёмкин», В. И. Пудовкиндин «Эне» көркөм фильмдери коюлуп, оператордук искусствосундагы советтик мектепке Э. К. Тиссэ, А. Д. Головня ж. б. негиз салышты. 1934-ж. Г. Н. жана С. Д. Васильевдердин белгилүү «Чапаев» фильми экранга чыкты. Октябрь революциясы жана жарандык согушка арналган фильмдер («Ленин Октябрда»), «Ленин 1918- жылы», режиссёр М. И. Ромм; «Мылтыкчан киши», режиссёр С. И. Юткевич; «Биз Кронштадтанбыз», режиссёр Е. Л. Дзигал) тартылган. Кинокомедия («Шайыр балдар», режиссёр Г. В. Александров; «Трактористтер», режиссёр Пырьев ж. б.); тарыхый жана таржымал фильм жанрлары да («Александр Невский», режиссёр С. М. Эйзенштейн; «Пётр I», режиссёр В. М. Петров ж. б.) жаралды. Согуштан кийин алдынкы совет адамдары, коммунизм үчүн күрөш, орус маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери жөнүндө («Жаш гвардия», режиссёр С. Герасимов; «Айылдык мугалим», режиссёр М. С. Донской; «Мусоргский», режиссёр Рошаль ж. б.) фильмдер тартууланган. 50-жылдарда кең форматтуу фильмдер тартыла баштады. «Чоң үй-бүлө» (1954, режиссёр И. Е. Хейфиц), «Коммунист» (1959, режиссёр Ю. Я. Ройзман), «Адам тагдыры», (режиссёр С. Бондарчук), «Бошотуу» (1970-71, режиссёр Ю. Озеров) сыяктуу түрдүү жанрдагы фильмдер тартылды. 1970–80-жылдары «XX кылымдын каракчылары» (1980, режиссёр Б. В. Дуров), «Москва көз жашка ишенбейт» (1980, режиссёр В. Меньшов), «Уландар» (1983, режиссёр Д. К. Асанова) 1990-жылда «Сен менде жалгызсың» (1993, режиссёр Д. X. Астрахан), «Ширли-мырли» (1995, режиссёр В. Меньшов), «Улуттук мергенчиликтин өзгөчөлүгү» (1995, режиссёр A. В. Рогожкин), «Ууру» (1997, режиссёр П. Г. Чухрай), «Брат» (1997, режиссёр A. О. Балабанов) ж. б. фильмдер тартыла баштаган. 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында телевизиондук фильмдер жана сериалдар массалык түрдө чыгарыла баштады. Балдар үчүн «Лунтик жана анын достору» (2005), «Смешарики» (2008), «Маша жана Аюу» (2009) ж. б. мультфильмдер тартылды. «Күндөн алсыроо» (1994, Канныдагы ЭКФтин Чоң сыйлыгы 1994; «Оскар» сыйлыгы 1995), «Сибирь чач тарачы» (1998, РФтин мамлекеттик сыйлыгы, 1999 - экөөнүн тен режиссёр Н. Михалков), «Күкүк» (2002, режиссёр A. В. Рогожкин), «Арал» (2006, режиссёр «Остров»), ж. б. фильмдер чыкты. Москва кинофестивалы (1935-жылдан, Москвада), «Кинотавр» (1989-жылдан, Сочиде), «Киношок» (1992-жылдан, Анапада), «Адамга арноо кат» ЭКФи (1989-жылдан, Санкт-Петербургда), «Айнек» ЭКФи (2007-жылдан, Ивановодо) ж. б. кинофестивалдар өткөрүлүп турат. Кыргыз кино искусствосунун калыптанышына Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) режиссёрлору менен операторлору чоң салым кошту. Кыргыздын «Салтанат», «Биринчи мугалим», «Мен Тян-Шан», «Эрте келген турналар» фильмдери орус кино ишмерлеринин көмөгү менен тартылган.

Транспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Метро[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Массалык-маалымат каражаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Известия», «Крестьянка», «Взгляд», «Утро», «Жизнь», «Труд», «Огонёк», «Совершенно секретно», «Собеседник», «Комсомольская правда», «Литературная газета», «Советская культура», «Экспресс», «Вечерняя Москва», «Итоги», «Здоровье», «Семья», «Деловой Петербург», «Курская правда», «Новое Омское слово», «Вечерний Новосибирск», «Газета Дона» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радио уктуруу 1920-жылдан, телекөрсөтүү 1930- жылдан, Басма сөз агенттиги 1934-жылдан иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Конституция РФ. Глава 1. Статья 14(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  2. 2.0 2.1 IMF. Russian Federation (англ.) (October 2023).
  3. Human Development Indices and Indicators 2020 (англ.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Программа развития ООН. — Доклад о человеческом развитии на сайте Программы развития ООН.

Калып:Орусия-stub