Шанхай кызматташтык уюму

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ)
上海合作组织

SCO MAP 10 July 2015 - Including two new permanent members Pakistan and India.png

Аянты: 34,3 млн км²

Мүчөлүк:

  8 мүчө мамлекет
  4 байкоочу мамлекет
  3 байкоочу мамлекетке кандидат
  6 «сүйлөшүү шериги» статусуна ээ мамлекет

Штаб-квартира:

Кытай Пекин

Уюмдун түрү:

эл аралык уюм

Ырасмый тилдери:

орусча, кытайча

Жетекчилери
Генералдык секретарь

Рашид Алимов

Негизделген

15-июнь 2001-жыл

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) (англ.  Shanghai Cooperation Organisation кыт. 上海合作组织; орус. Шанхайская организация сотрудничества) ) — өкмөттөр аралык өз ара коопсуздук уюму, 2001-жылы Шанхайда Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары тарабынан негизделген. Өзбекстандан башка өлкөлөр 1996-жылы түзүлгөн Шанхай бешилтигинин мүчөсү болушту; 2001-жылы Өзбекстан кошулганда мүчөлөр уюм деп аталышты.

Расмий аталыштары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шанхай Кызматташтык Уюмунун расмий иш тилдери - кытайча жана орусча. Уюмдун расмий аталыштары эки тилде, кыскартылган аталышы кашанын ичинде:

кытайча: 上海合作组织 (上合组织)

орусча: Шанхайская организация сотрудничества (ШОС)

Мүчөлүк[оңдоо | булагын оңдоо]

     Мүчө өлкөлөр     Байкоочу мамлекеттер     «Сүйлөшүү шериктери»     Конок катышуучулар

ШКУ мүчө өлкөлөрү

Байкоочу мамлекеттер

ШКУга байкоочу мамлекет катары кирүү демилгесин көрсөткөн өлкөлөр

«Сүйлөшүү шериктери»

ШКУнун конок катышуучулары

Мындан тышкары, ШКУнун шериктештик жөнүндөгү келишимдери БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ жана АСЕАН менен түзүлгөн.

Башаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Шанхай бешилтиги 1996-жылдын 26-апрелинде Шанхайда Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан башчылары "Чек ара аймактарда аскер ишенимин тереңдетүү боюнча макулдашууга" кол коюу менен түзүлгөн. 1997-жылынын 24-апрелинде кээ бир өлкөлөр Москвадагы жолугушууда “Чек ара аймактарда аскер күчтөрүн кыскартуу боюнча макулдашууга” кол коюшту.

Орусия президенти Владимир Путин, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Кытай төрагасы Цзян Цзэминь, Кыргызстан президенти Аскар Акаев жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмонов – Шанхай бешилтигинин баштоочулары.

Шан[ай бешилтигинин кийинки жылдык жогорку деңгээлдеги жолугушуулары 1998-жылы Алматыда, 1999-жылы Бишкекте, 2000-жылы Дүйшөмбүдө өткөрүлдү.

2001-жылы саммит кайра Шанхай, Кытайда өттү. Беш мүчө-өлкө Шанхай Бешилтигинин аппаратына Өзбекстанды кабыл алышты (ошентип Шанхай алтыилтигине айланды). Андан соң алты өлкө башчылары 2001-жылдын 15-июнунда кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгаруу максатында “Шанхай Кызматташтык Уюмунун Декларациясына” кол коюшту. 2001-жылдын июлунда, Орусия жана Кытай Эл Республикасы, уюмдун эки баштоочу өлкөсу, “Ынак коңшулук жана дос кызматташтык боюнча макулдашууга” кол коюшту.

2002-жылдын июнунда, ШКУ мүчө-мамлекеттеринин башчылары Санкт-Петербург, Орусияда жолугушту. Алар уюмдун максаттарын, принциптерин, түзүлүшүн жана аракет түрлөрүн аныктаган ШКУнун Хартиясына кол коюшту жана аны эл аралык мыйзамдын көз карашы менен расмий түрдө түздү.

Анын алты толук мүчөсүнүн аянты Евразиянын 60% жана калкы дүйнөнүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Байкоочу мамлекеттерди кошкондо адамзаттын жарымын камтыйт.

2005-жылдын июнунда анын Астанада (Казакстан) бешинчи жана чечүүчү саммитине Индия, Иран, Монголия жана Пакистандын өкүлдөрү ШКУнун жолугушуусуна биринчи жолу катышышты. Конокторду кабыл алган өлкөнүн президенти, Нурсултан Назарбаев, меймандарды “Сүйлөшүүлөр столдун тегерегинде отурган мамлекет башчылары - адамзаттын жарымынын өкүлдөрү”- деп мурун эч качан эч кандай контекстте колдонулбаган сөз менен тоскон экен.[1]

2007-жылы ШКУ жыйырмадан ашык чоң өлчөм чениндеги транспорт, энергетика, телекоммуникация тармактарындагы долбоорлорду сунуш кылды жана мүчө-өлкөлөрнүн коопсуздук, куралдуу күчтөр, коргоо, тышкы иштер, экономика, маданият, банк жана башка тармактардын жетекчилеринин туруктуу жолугушуулары өткөрүлдү.

Азыр ШКУ Бириккен улуттар уюму менен мамиле түзүп, анын Башкы Ассамблеясы, Европа Биримдиги, АСЕАН (Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Ассоциациясынын), КМШ жана Ислам Кызматташтык Уюмунда байкоочу.

Түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

ШКУ мүчө мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу
Күнү Шаар
1 2627-апрель 1996 Кытай Шанхай
2 2425-апрель 1997 Орусия Москва
3 34-июль 1998 Казакстан Алма-Ата
4 2526-август 1999 Кыргызстан Бишкек
5 45-июль 2000 Тажикстан Дүйшөмбү
6 1415-июнь 2001 Кытай Шанхай
7 7-июнь 2002 Орусия Санкт-Петербург
8 2829-май 2003 Орусия Москва
9 17-июнь 2004 Өзбекстан Ташкен
10 5-июль 2005 Казакстан Астана
11 1415-июнь 2006 Кытай Шанхай
12 16-август 2007 Кыргызстан Бишкек
13 28-август 2008 Тажикстан Дүйшөмбү
14 1516-июнь 2009 Орусия Екатеринбург
15 1011-июнь 2010 Өзбекстан Ташкен
16 1415-июнь 2011 Казакстан Астана
17 67-июнь 2012 Кытай Бейжин
18 1314-сентябрь 2013 Кыргызстан Бишкек
19 1112-сентябрь 2014 Тажикстан Дүйшөмбү
20 910-июль 2015 Орусия Өфө
21 2324-июнь 2016 Өзбекстан Ташкен
22 89-июнь 2017 Казакстан Астана
23 910-июнь 2018 Кытай Циндао
24 1415-июнь 2019 Кыргызстан Бишкек
25 2020 Орусия Челябинск

Өлкө башчыларынын Кеңеши – бул ШКУнун жогорку чечим чыгаруучу борбору. Бул кеңеш ШКУнун мүчө-өлкөлөрүнүн баш калааларынын биринде жылдык саммиттеринде жолугат. Азыркы өлкө башчыларынын Кеңешинин курамы:

Өкмөт башчыларынын Кеңеши – бул уюмдун экинчи эң жогорку кеңеши. Бул кеңеш жылдык саммиттерде көп тармактуу кызматташтыктын маселелерин талкулайт. Кеңеш ошондой эле уюмдун бюджетин бекитет.

Тышкы иштер министрлер Кеңеши да туруктуу жолугушууларды өткөрүп турат, ал жолугушууларда учурдагы эл аралык абалды жана ШКУнун башка эл аралык уюмдар менен эриш-аркактарын талкулайт. [2]

Улуттук координаторлордун Кеңеши ШКУнун Хартиясынын алкагында мучө-өлкөлөрүнүн көп тармактуу кызматташтыгын жетектейт.

ШКУнун Катчылыгы – уюмдун башкы аткаруучу борбору. Ал уюмдун чечимдердин жана токтомдорун ишке ашыруусун тейлейт, сунушталган документтердин (декларация жана күн тартиби сыяктуу) долбоорлорун даярдайт, уюмдун документтерин сактоочу жайы функциясын аткарыт, ШКУнун алкагында атайын ишмердүүлүктү жүргүзөт жана ШКУ тууралуу маалымат таратат жана жарыялайт. Кеңсеси Пекинде жайгашкан. Азыркы ШКУнун Башкы катчысы - Муратбек Иманалиев, Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри жана Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору. [3]

Региондук терроризмге каршы түзүмү (RATS) – ШКУнун туруктуу борбору. Ал мүчө-өлкөлөрүнүн терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы кызматташтыгын илгерилетүүнү тейлейт. Кеңсеси Ташкенде (Өзбекстан) жайгашкан. Түзүмдүн башчысы үч жылга шайланат. Ар бир мүчө-өлкө түзүмгө туруктуу өкүлүн жиберет. [4]

Ишмердүүлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Коопсуздук боюнча кызматташтык[оңдоо | булагын оңдоо]

ШКУнун көнүл чордонунда негизинен анын мүчө-өлкөлөрүнүн Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелери, көбүнчө башкы коркунучтар терроризм, сепаратизм жана экстремизмге байланыштуу. Бирок анын ишмердүүлүгү коомдук өнүгүү тармагында тезирээк өсүүдө.

2004-жылдын 16-17 июнунда ШКУнун саммити Ташкен, Өзбекстанда өткөрүлүп, Региондук терроризмге каршы түзүмү (RATS) түзүлдү. 2006-жылдын 21-апрелинде ШКУ терроризмге каршы бөлүмдүн астында эл аралык баңгизат кылмыштуулук менен күрөшүү планын жарыялады.[5]

Григорий Логинов 2006-жылдын апрелинде ШКУ аскер сапсалгы болууну пландабаганын жарыялады, бирок “терроризм, сепаратизм жана экстремизмдин” күчөп бараткан коркунучтары куралдуу күчтөрдүн толук өлчөм ченинде катышуусун муктаж кылганын ырастады. [6]

2007-жылдын октябрында Душанбе, Тажикстандын баш калаасында, ШКУ Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (CSTO/ОДКБ) менен коопсуздук, кылмыштуулук, баңгизат ташуу сыяктуу маселелер боюнча кызматтыштыкты кеңейтүү үчүн макулдашууга кол койду.[7] Эки уюм арасында бириккен аракет планына кол коюу Пекинде 2008-жылдын башына пландаштырылган. [8]

Уюм тарабынан ошондой эле киберсогушка жаңы аныктама берилип, "башка өлкөлөрдүн рухий, адеп-ахлак жана маданий чөйрөлөрүнө зыян келтирүүчү" маалыматты таркатуу коопсуздукка коркунуч катары каралыш керек деп айтылган. 2009-жылы кабыл алынган “мааалымат согуш” аныктамасына ылайык бул, айрыкча, кайсы бир өлкөнүн кимдир бирөөнүн “саясый, экономикалык жана коомдук системасын” бузуу аракети. [9]

Аскер ишмердүүлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Акыркы беш жылда уюмдун ишмердүулүгү кеңейди жана аскер кызматташтыкты, биргелишкен чалгындоо жана терроризмге каршылык көрсөтүүнү камтыйт. [10]

ШКУнун бир нече биргелишкен аскер машыгуулары өттү. Биринчиси 2003-жылы өткөрүлдү, анын биринчи фазасы Казакстанда, экинчи фазасы - Кытайда өттү. Ошондон кийин 2005, 2007, 2009-жылдары Кытай менен Орусия ШКУнун карамагында чоң өлчөм ченинде согуш оюндарында биригишти. Биргелишкен аскер машыгууларда (Тынчтык миссиясы, 2007) 2007-жылы Урал тоолоруна жана Борбордук Азияга жакын Челябинскте (Орусия) өткөрүлгөн, 2006-жылынын апрелинде ШКУ Коргоо министрлеринин жолугушуусунда макулдашылгандай 4 миңден ашык кытай жоокерлери катышкан. Аба күчтөрү жана так буталаган куралдар да колдонулган деп болжолдонууда. Россия Коргоо министри Сергей Иванов бул машыгуулар басма сөз жана коомчулук үчүн айкын жана ачык болот деп айтты. Согуш оюндарынын ийгиликтүү аяктоосунан кийин орус мамлекеттик кызматкерлери келечекте Индиянын катышуусу жана ШКУнун аскер ролу тууралуу сөз кыла башташты. Казакстандын Матбулак машыгуу аянтында 2010-жылдын 9-25 сентябрында (Тынчтык миссиясы-2010), 5 миңден ашык Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кызматкерлери биргелишкен пландоо жана пайдалануу ыкмаларын көрүштү.[11]

Экономикалык кызматташтык[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытайдан башка ШКУ мүчөлөрү ошондой эле Евразия Экономикалык Коомчулугун мүчөлөрү. Экономикалык кызматташтыкты күчөтүү максатында ШКУ мүчөлөрү 2003-жылынын 23-сентябрында Түзүлүштүк келишимге кол коюшту. Ошол эле жолугушууда Кытай Эл Руспубликасынын премьер-министри Вен Цзибао, башка тикеден-тике чаралар кабыл алынгыча, региондо товарлардын агымын түзөө үчүн узак-мөөнөттүк максатта ШКУда эркин соода аймагын түзүүнү сунуштады..[12] [13] Пландын ашырылышы үчүн бир жылдан кийин 2004-жылдын 23-сентябрында 100 ашык аракеттерге кол коюлду.[14]

[15] [16] [17] [18] [19] [20] [21] [22] [23] [24]

Маданий кызматташтык[оңдоо | булагын оңдоо]

ШКУнун алкагында маданий кызматташтык да жүзөгө ашырылууда. ШКУнун маданият министрлери алгачкы ирет 2002-жылдын 12-апрелинде Пекинде жолугуп кызматташууну улантуу үчүн биргелешкен арызга кол коюшту. Маданият министрлеринин жолугушуусу Ташкен, Өзбекастанда 2006-жылдын 27-28 апрелинде өттү. [25][26]

ШКУ Өнөр фестивалы жана көргөзмөсү алгачкы ирет 2005-жылы Астанада өткөрүлүп жаткан саммит учурунда ачылды. Ошондой эле Казакстан ШКУнун элдик бий боюнча фестивалын 2008-жылы Казакстанда өткөрүүнү сунуштады.[27]

Сүрөттөр[оңдоо | булагын оңдоо]

Путин Иран жана Монголиянын өкүлдөрү менен Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жолугушуусунда, 2005-ж.
Тынчтык миссиясы учурунда, 2007-ж. Ху Цзиньтао, В.Путин, Н.Назарбаев жана И.Каримов
Бишкек, Кыргызстандагы саммит, 2007-ж.
Екатеринбург, Орусиядагы саммит, 2009-ж.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Kazinform, July 5, 2005
  2. ШКУнун мүчө-өлкөлөрүнүң тышкы иштер министрлер кеңешинин сессиясы Embassy of the Russian Federation in Malaysia (Россия Федерациясынын Малазиадагы элчилиги)
  3. ШКУнун Катчылыгы SCO Website (ШКУнун сайты)
  4. ШКУнун Региондук терроризмге каршы түзүм тууралуу маалымат SCO Website (ШКУ сайты)
  5. ШКУ эл аралык баңгизат кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүүдө Xinhua.net (Синхуа)
  6. ШКУ бирдиктүү аскер машыгууларга даярданып жатат World Student Press Agency (Дүйнөлүк Студенттик басма сөз агенттиги)
  7. Security alliances led by Russia, China link up (Орусия, Кытай башчылык кылган коопсуздук кошуундар биргелешүүдө) Daily Times
  8. Notes Afghanistan's Emerging Security Agenda (Казакстан Афганистандын жаңы коопсуздугун күн тартипте белгилеп жатат Eurasia Daily Monitor
  9. http://www.npr.org/templates/story/story.php?storyId=130052701 Seeing The Internet As An 'Information Weapon' (Интернетти “маалымат курал” катары эсептөө)
  10. http://www.cfr.org/publication/10883/
  11. Boland, Julie. "Learning From The Shanghai Cooperation Organization's 'Peace Mission-2010' Exercise"( Шанхай Кызматташтык Уюмунун Тынчтык миссиясынын 2010-жылындагы машыгуулардан үйрөнүү), The Brookings Institution, 29 October 2010
  12. Central Asianpowers agree to pursue free-trade zone(Борбордук Азия бийликтери эркин соода аймагын түзүүгө макул)
  13. http://www.ictsd.org/weekly/03-10-01/story3.htm China Intensifies Regional Trade Talks (Кытай региондук соода тууралуу сүйлөшүүлөрдү илгерлетип жатат). International Centre for Trade and Sustainable Development (Эл аралык Соода жана туруктуу өнүгүү боюнча борбор)
  14. Joint Communique of the Council of the Governmental Heads (Prime Ministers) of Shanghai Cooperation Organisation Member States (ШКУ мүчө-өлкөлөрүнун Өкмөт башчыларынын Кеңешинин биргелишкен расмий билдирүүсү) University of Hawaii (Гавайи университети)
  15. Shanghai Cooperation Organisation Eyes Economic, Security Cooperation The Jamestown Foundation
  16. SCO Ministers of Foreign Economic Activity and Trade to meet in Tashkent National Bank of Uzbekistan
  17. Russia's Foreign Ministry develops concept of SCO energy club Gazeta.kz
  18. Russia Urges Formation of Central Asian Energy Club Eurasianet
  19. Chronicle of Main Events of "Shanghai Five" and Shanghai Cooperation Organisation
  20. (Xinhua)
  21. http://www.google.com/hostednews/ap/article/ALeqM5ghofWsw6596hiWFv-WS4u6L84TGAD98RLUG80
  22. http://news.xinhuanet.com/english/2009-06/18/content_11558133.htm
  23. Mehr News Agency, October 31, 2008
  24. Russia Today, October 30, 2008
  25. Culture Ministers of SCO Member States Meet in Beijing (ШКУ мүчө-мамлекеттеринин маданият министрлери Пекинде жолугушту People's Daily
  26. SCO Culture Ministers to Meet in Tashkent (ШКУ маданият министрлери Ташкенде жолугушту) Gazeta.kz
  27. Kazakhstan Backs Promotion of SCO Cultural Ties (Казакстан ШКУнун маданий байланыштарын илгерилетүүнү колдойт) www.kazinform.kz

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернет шилтемелери[оңдоо | булагын оңдоо]