Мазмунга өтүү

Евразия экономикалык бирлиги

Википедия дан
Евразиялык экономикалык биримдик‎»‎ барагынан багытталды)
Евразия экономикалык бирлиги

Евразия экономикалык бирлигинин эмблемасы
Негизги маалымат
Мүчө-мамлекеттер

 Армения
 Беларусия
 Казакстан
 Кыргызстан
 Орусия

Байкоочу мамлекеттер

 Молдавия

Башкарган мекемелер

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши
Евразия экономикалык комиссиясы

Расмий тилдер

армянча, беларусча, казакча, кыргызча, орусча

Миллионер-шаарлар

Москва, Волгоград, Воронеж, Екатеринбург, Ереван, Казан, Красноярск, Алма-Ата, Минск, Төмөнкү Новгород, Новосибирск, Омск, Пермь, Ростов-на-Дону, Самара, Санкт-Петербург, Уфа, Челябинск

Экономикалык жана саясий борборлор

Алма-Ата
Астана
Бишкек
Ереван
Минск
Москва
Санкт-Петербург

Түзүлгөн
Келишимге кол коюу
Келишимдин күчкө кирүүсү

29-май 2014-жыл

1-январь 2015-жыл

Жалпы маалымат
Калкы

8чи - дүйнөдө
183 053 180 адам

Аянты

1чи - дүйнөдө
20 229 248 км²

ИДП (САМ)

5чи - дүйнөдө
$ 4077.1 трл.(ЭВФтин маалыматы боюнча), 4046.1 трл.(ДБнын маалыматы боюнча),

Мүчө мамлекеттердин акча бирдиги

Армениялык драм (AMD)
Белоруссиялык рубль (BYR)
Казак теңгеси (KZT)
Кыргыз Сому (KGS)
Орусиялык рубль (RUB)

Убакыт аралыгы

UTC +2ден +12ге чейин

Телефон коддору

+374 Арменияда
+375 Беларусияда
+996 Кыргызстанда
+7 Орусия менен Казакстанда

Расмий сайты

Евразия экономикалык бирлиги[1] (кыск. ЕАЭБ, арм. Եվրասիական տնտեսական միություն, белар. Еўразійскі эканамічны саюз, каз. Еуразиялық Экономикалық Одақ, орус. Евразийский экономический союз) — чөлкөмдүк экономикалык биригүүнүн эл аралык уюму. Уюм эл аралык укукка ээ жана Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимдин негизинде түзүлгөн. ЕАЭБде товар айлантуу, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылдашы, жана экономикалык тармакта айкалашкан, макулдашылган же бирдиктүү саясат жүргүзүү камсыздалат.

Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрү катарына Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирет. ЕАЭБ улуттук экономикалардын ар тараптуу модернизация, кооперация жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана уюмдун мамлекеттеринин калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн туруктуу өнүгүүсүнө шарттарды түзүү үчүн түзүлгөн.

2015-жылдын 25-майында Вьетнам ЕАЭБ өлкөлөрү менен эркин соода чөлкөмүнө кирди.

  •  Армения (2015-жылдын 2-январынан тарта), (3 010 600 адам 2014-жылдын 31-декабрь айына карата)
  •  Беларусия (2015-жылдын 1-январынан тарта), (9 481 000 адам 2015-жылдын 1-январь айына карата)
  •  Казакстан (2015-жылдын 1-январынан тарта), (17 417 447 адам 2015-жылдын 1-январь айына карата)
  •  Кыргызстан (2015-жылдын 14-майынан тарта), (5 874 100 адам 2014-жылдын 1-ноябрь айына карата)
  •  Орусия (2015-жылдын 1-январынан тарта), (146 267 288 адам 2015-жылдын 1-январь айына карата)

Байкоочу мамлекеттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  •  Кытай
  •  Египет
  •  Европа биримдиги
  •  Индия
  •  Иран
  •  Пакистан
  •  Зимбабве (эркин соода чөлкөмүн түзүүнү каалаганын билдиришкен)
  •  Тунис (эркин соода чөлкөмүн түзүүнү каалаганын билдиришкен)
  •  Сирия (эркин соода чөлкөмүн түзүүнү каалаганын билдиришкен)
  •  Иордания (эркин соода чөлкөмүн түзүүнү каалаганын билдиришкен)
  •  Монголия (эркин соода чөлкөмүн түзүүнү каалаганын билдиришкен)
  •  Албания (эркин соода чөлкөмүн түзүүнү каалаганын билдиришкен)
  •  Израиль (эркин соода чөлкөмүн түзүү мүмкүнчүлүгү изилденип жатат)

Эркин соода чөлкөмү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 1994-жылдын 29-мартында Орусияга болгон алгачкы расмий иш сапарында, Москва мамлекеттик университетинде, биринчи жолу бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин жана биргелешкен коргонуу саясаттын негизинде Евразиялык биримдикти түзүү идеясын айтып чыккан.

2010-жылдын июль айында ЕврАзЭСтин чектериндеги Бажы бирлигин түзүү жөнүндөгү келишимдиктер күчкө киргенден кийин, ошол эле жылдын декабрь айында ЕврАзЭС саммиттинде Беларусь Казакстан, Россия өлкөлөрүнүн Бирлиги экономикалык мейкиндигинин негизинде Евразия экономикалык бирлигин түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

19-октябрда Евразия экономикалык бирлигинин өлкө башчылары Россия, Беларусия жана Казакстандын Бажы бирлигине Кыргызстанды кошуу чечимин кабыл алышкан.

18-ноябрьда Москва Россиянын президенти Дмитрий Медведев, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев биригүүнүн кийинки этаптарынын иш кагаздарына кол коюшкан:

  • Евразия экономикалык бирлиги жөнүндөгү декларация
  • Евразия экономикалык комиссиясы жөнүндөгү келишим
  • Евразия экономикалык комиссиясынын регламенти

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндөгү декларацияда 2012-жылдын 1-январынан тарта кийинки биригүү курулуш этабы - Евразия экономикалык мейкиндикке өтүшү билдирилет. Евразия экономикалык мейкиндик Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун нормаларынын жана принциптеринин негизинде түзүлөт жана калыптануусунун кайсы этабы болбосун башка мамлекеттердин кошулуусуна ачык болот. Түпкү максаты - 2015-жылга Евразия экономикалык бирлигин түзүү. 2014-жылдын 1-майына чейин Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишими даяр болушу керек

2012-жылдын 1-январынан баштап ЕврАзЭСтин Бажы бирлигин үч өлкө мүчөсүнүн аймагында Евразия экономикалык мейкиндиги (ЕЭМ) ишке кирди. Евразия экономикалык мейкиндиги мамлекет-мүчөлөрдүн туруктуу жана таасирдүү өнүгүшүнө шарт түзүү жана калктын жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн түзүлгөн. ЕЭМдин 2011-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган интеграциялык келишимдери толугу менен 2012-жылдын июль айынан баштап иштеп баштаган.

2012-жылдын февраль айында Россиянын Мамдумасынын төрагасы Сергей Нарышкин Бажы бирлигин жана Евразия экономикалык мейкиндикти түзгөндөн кийин, мамлекет-партнерлор Евразия парламентин түзүү ниеттерин айткан, Бажы бирлиги жана Евразия экономикалык мейкиндик болсо келечекте Евразия бирлигин түзүүдө негиз болорун билдирген.

Постсоветтик өлкөлөрүнүн биригүүсүнөн болгон жалпы макроэкономикалык таасири бир нече пунктка бөлүнөт:

  • Керектүү сырьенун ташуу/даяр товарды экспортоо чыгымдарын азайтуу натыйжасында товарларга болгон бааны төмөндөтүү
  • Экономикалык өнүгүүнүн бирдей деңгээлде болгонуна байланыштуу ЕАЭБдин жалпы рыногунда "таза" атаандаштык өбөлгөлөнөт
  • Рынокко жалпы мейкиндиктен жаңы оюнчулар кирүү аркасында Бажы бирлигинин өлкөлөрүнүн жалпы рыногунда атаандаштыкты жогорулатуу
  • Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана чыгымдарды азайтуу натыйжасында орточо айлык акысын көбөйтүү
  • Товарга болгон сурамды көбөйтүү аркасында өндүрүштү күчөтүү
  • Экспансияланган өндүрүштүн импорт/экспортко багытталган фирмаларында болгон калктын жумуштуулугун көбөйтүүсүнөн жана азыктардын баасын азайтуусунан улам ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн элдеринин байгерчилигин жогорулатуу
  • Рыноктун көлөмү чоңойгондуктан жаңы технология жана товарлардын акталышы жогорулайт
  • ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсынын көлөмүн төмөнкү чегинде 25% көбөйтүү

Ошол эле убакта, бирликти түзүү жөнүндө келишимдин кол коюлган түрү компромисстик мүнөздө болгондуктан, ойлонгон бир нече чаралар толук аткарылган эмес. Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык соту кабыл алынган келишимдердин аткарылышын контролдоого кеңири ыйгарым укук алышкан эмес. Эгер ЕЭКтин токтомдору аткарылбаса, талаш маселени Евразия экономикалык соту карайт. Соттун чечими рекомендациялык мүнөздө болот, маселе биротоло мамлекет башчыларынын кеңешинин деңгээлинде чечилет.

Биримдиктин акча бирдиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]