Мазмунга өтүү

Челябинск

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Челябинск
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөОрусия
Федерация субъектисиЧелябинск облусу
Координаттар55°09′ с. ш. 61°24′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү7 район
МэрЛошкин Алексей
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1736-жыл
Аянты500,91 км²
Борборунун бийиктиги238 м
Климатынын түрүмелүүн континенталдуу
Убакыт аралыгыUTC+05:00
Калкы
Расмий тилиорус тили
Калкы1 176 770 адам (2025)
Жыштыгы2346,17 адам/км²
АгломерацияЧелябинск агломерациясы
Улуттук курамыорустар
татарлар
украиндер
башкырлар
орусия немистери
Диний курамыХристиандар, мусулмандар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+7 351
Почта индекси454000
Почта индекстери454xxx
Автоунаа коду74, 174, 774
Сайтыhttp://cheladmin.ru  (орусча)
Челябинск (Орусия)

Челябинск (орус. Челябинск) — Орусия Федерациясындагы шаар, Челябинск облусунун административдик борбору.

Түштүк Уралдын чыгыш капталында, Миасс дарыясынын боюнда. Калкы 1,18 млн (2024). Ири жол тоому жана темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда. Ири өнөр жай борбору. Кара жана түстүү металлургия (металлургия, куур прокат, цинк өндүрүү заводдору, электр металлургия комбинаты), машина куруу жана металл иштетүү (заводдору: «Полёт», «Прибор», «Станкомат», «Теплоприбор»), курулуш материалдары, тамакаш, жеңил, жыгаччылык. өнөр жай ишканалары иштейт.

ГРЭС, ЖОЖдор (а. и. университет), театрлар (а. и. опера жана балет), музейлер (а. и. край таануу), сүрөт галереясы, тарыхый-маданий эстеликтер бар. Чеп катары 1736-ж. негизделген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4