Зимбабве

Википедия дан
Зимбабве.

Зимбабве, 3имбабве Республикасы Африканын түштүк бөлүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүк-чыгышынан жана чыгышынан Мозамбик, түндүк-батышынан Замбия, түштүгүнөн ТАР, батышынан Ботсвана менен чектешет. Аянты 390,8 миң км2. Калкы 12,4 млн (2007). Борбору Хараре шаары (1982-ж. чейин Солсбери). Расмий тилдери анлис, шона жана ндебеле тилдери. Акча бирдиги 3имбабве доллары. Администрация-аймагы жактан 8 провинцияга бөлүнөт; ошондой эле Хараре, Булавайо шаарында да провинциялык статуска ээ. Провинциялар 59 округга, округдар 1200 муниципалитетке бөлүнөт. БУУнун (1980), Африка союзунун (2002), ЭВФтин (1980), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Африка биримдиги уюмунун (1980), Чыгыш жана Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Түштүк Африка өнүгүү коомдоштугунун (1992), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1980), ЭВФтин (1980) жана башка уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

3имбабве унитардык мамлекет. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет башчысы президент (Р. Г. Мугабе; 1980-жылдан премьер-министр, 1987-ж. премьер-министрлик кызмат жоюлган соң, республиканын президенти, 2002-ж. кайрадан шайланган). Президент 5 жылдык мөөнөткө жалпы добуш берүү жолу менен шайланат. Ал өкмөттү да жетектейт. Жогорку мыйзам чыгаруу органы эки палаталуу парламент. Парламент Сенаттан жана Улуттук ассамблеядан түзүлөт. Негизги саясий партиялары: Зимбабве Африка улуттук союзу Патриоттук фронту (1963-ж. уюшулган; партиянын биринчи катчысы Р. Мугабе), Демократиялык өзгөртүүлөр үчүн кыймыл (2000-ж. түзүлгөн оппозициялык партия; төрагасы М. Цвангираи).

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аймагын дээрлик Матабеле жана Машона платолору ээлейт; алардын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 800-1500 м, эң бийик жери 2596 м (Иньянга тоосундагы чоку). Платолор түндүктө Замбези, түштүктө Лимпопо дарыясынын өрөөндөрүн карай тепкичтенип жапыздайт. 3имбабве хром рудаларынын жана платина тобундагы металлдардын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда; ошондой эле алтын, темир кендеринин мааниси зор. Климаты түндүк бөлүгүндө субэкватордук, түштүгүндө тропиктик. Эң жылуу айынын (январь) орточо температурасы 21°— 27°С, эң серүүн айыныкы (июль) 10°-17°С. Жылдык жаан-чачыны түштүк-батышында 300— 750 мм ден, чыгышында 1250 мм ге чейин. Дарыялары Замбезинин жана Лимпопонун алаптарына кирет. Замбези дарыясынын ортоңку агымында Кариба суу сактагычы курулган. Саванналуу сейрек токой басымдуу; түштүк-батышына чөлдөшкөн саванна мүнөздүү. Иньянга тоосунун чыгыш капталын дайыма жашыл нымдуу токой жана тоо шалбаасы ээлейт. Виктория-Фолс улуттук паркы уюштурулган. Бир нече резерват жана заказник бар.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын басымдуу бөлүгү (97,9%) африкалыктар бантулар (шона, матабеле, ндебеле, лоза, тонга жана башка), ошондой эле европалыктар (100 миңге жакын), мулаттар да бар. Христиан (30%) жана салт болуп калган жергиликтүү динди (60%) тутат. Калктын табигый өсүүсү ИЖОС (СПИД) эпидемиясына байланыштуу (15—54 жаштагылардын 20%ке жакыны ВИЧке чалдыккан) төмөн (0,6%; 2007). Бала төрөлүү (1000 кишиден 27,7) өлүм-житимден бир аз гана (21,8) жогору. Курактык структурада эмгек жашындагылар (15—64) басымдуу, 59,3%; өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 37,2%; 65тен ашкандар 3,5%. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 32,2 киши. Калкынын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы 39,5 жаш (эркектериники — 40,6, аялдарыныкы — 38,4). Шаар калкы 32%. Ири шаарлары: Хараре (1607 миң), Булавайо (713,3 миң), Гверу (148,9), Читунгвиза (352,2), Мутаре, (193,6). Экономикалык активдүү калктын (4 млн) 66%и айыл чарбасында, 24%и тейлөө чөйрөсүндө, 10%и өнөр жайында эмгектенет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зимбабве аймагын адамдар таш доорунан мекендеген. Темир дооруна таандык Гокомере, Леопардс-Копье, Зива эстеликтери белгилүү. 12кылымда Зимбабве аймагында Мономотапа мамлекети пайда болгон. 19-кылымдын аяк ченинде өлкөнү Улуу Британия басып алган соң, англиялыктар Зимбабвени Түштүк Родезия деп атаган. 1953-ж. Түштүк Родезия Родезия жана Ньясаленд Федерациясынын курамына кирген. Антиколониялык кыймылдын күч алышынын натыйжасында Улуу Британия өкмөтү Федерацияны таркатып, 1964-ж. Түштүк Родезия (Замбия) менен Ньясаленддин (Малави) көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Бийлик ак расанын аз сандуу өкүлдөрүнүн колунда болгондуктан, Түштүк Родезиянын башында турган Я. Д. Смит бир тараптуу түрдө көз карандысыз өз өкмөтүн жарыялаган (11. 11. 1965). Бирок эл аралык уюмдар аны тааныган эмес. 1978-ж. Я. Д. Смит ички кырдаалды жөнгө салуу үчүн жергиликтүү элдик кыймылдын өкүлдөрү А. Т. Музорева жана Н. Ситоле менен келишүүгө аргасыз болуп, 1979-ж. парламенттик шайлоо өткөргөн. Африка элинин Патриоттук Фронту шайлоого бойкот жарыялагандыктан, шайлоонун негизинде Музорева — Смиттин коалициялык өкмөтү түзүлүп, Зимбабве — Родезия респсы жарыяланган. Бирок аймакта куралдуу күрөш муну менен эле токтоп калган эмес. 1980-ж. 18-апрелде көз карандысыз З. Республикасы жарыяланган жана шайлоодо З. Африка улуттук союзу партиясы жеңишке жетип, өкмөттү Р. Мугабе жетектеп, 1987-ж. өлкөнүн президенти болуп (1996-ж. экинчи мөөнөткө) шайланган. 90жылдары өлкөнүн экономикасын модернизациялоо б-ча бир катар реформалар жүзөгө ашырылса да, 1997жана 1998-ж. Мугабенин бийлигине каршы кыймылдар башталганына карабастан, 2000-ж. парламенттик шайлоодо З. Африка улуттук союзу — Патриоттук фронту жеңишке жетишкен. 2002-ж. Р. Мугабе өлкө башчысы болуп калган.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зимбабве 1990-жылдардын аягына чейин Африкадагы өнүккөн өлкөлөрдүн бири болгон; экономикасынын негизин айыл чарба, кен казып алуу жана туризм түзгөн. 2000-жылдардын башында терең кризиске учураган. 1999—2005-ж. бүт чарба тармактарында өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге төмөндөгөн. 2006-ж. ИДПнин көлөмү 25,1 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 2000 доллардан туура келген. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 59,4%, ө. ж-ныкы 22,9%, айыл чарбаныкы 17,7%. Зимбабведе 40тан ашык кен казып алынып, ИДПнин 4,5%ин, экспорттун 1/3 бөлүгүн түзөт. Кен байлыгынын ичинен экономикасында платина тобундагы металлдар, алтын, хромит, алмаз маанилүү орунду ээлейт. Зимбабве платина тобундагы металлдардын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда (TAP, РФтен кийинки); жылына 12 миң т (5 миң тдан ашыгы платина, 4 тдан ашыгы палладий) казып алынат. Негизги кендери: Мимоса, Нгези. Алтын негизинен Квекве, Хараре, Шуругви, Булавайо аймактарынан казылып алынат (2006-ж. 14 тдан ашык). Хромиттин запасы б-ча дүйнөдө 3 орунда (TAP, Казакстандан кийинки). 2005-ж. 600 миң тдан ашык хромит казып алынган (TAP, Казакстан жана Индиядан кийин 4-орунда турат). Ошондой эле алмаз (Мурова, Чолочо; 251 миң кар), темир (Квекве; 377 миң т), литий (Масвинго; 37,5 миң т), көмүр (Хванге) 2,9 млн т) ж. б. казылып алынат. 2004-ж. 9,4 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөн; эң ири ГЭСи Замбези дарыясындагы Кариба ГЭСи; ошондой эле ЖЭСтер да иштейт. Негизги өнөр жай ишканалары: металлургия жана металл иштетүү, автомобиль химия, нефть ажыратуу, тамеки, тамак-аш, текстиль, кийим тигүү, булгаары-бут кийим, эмерек ж. б.

Айыл чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айдоо жер өлкөнүн аймагынын 8,2% ин ээлейт; 1,7 миң км2 жери сугарылат. Экспорттук негизги өсүмдүгү тамеки; ал 2000-ж. 227,8 миң т жыйналса, 2005-ж. 65 миң тга чейин (кирешеси 75%ке) кыскарган. Башка экспорттук маанилүү өсүмдүктөрү: пахта, бал камыш; маанилүү азыктүлүк өсүмдүктөрү: жүгөрү, ошондой эле маниок, жер жаңгак, буудай, соя, жашылча жана жемиш, негизинен апельсин, банан), чай, кофе, күн карама, арпа ж. б. Келечекте экспорт үчүн гүл (негизинен чеге гүл, атыргүл) өстүрүүгө багыт алды. Эт жана сүт багытындагы мал чарбасы өнүккөн. 2004-ж. 5,4 млн бодо мал, 3 млн эчки, 0,6 млн кой болгон. Кургакчылык жана цеце чымынын көптүгү а. ч-на көп зыян келтирет.

Транспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Темир жолунун жалпы узундугу 3,1 миң км, анын 313 кми электрлештирилген (2005). Автомобиль жолунуку 97,4 миң км. Хараре, Булавайо шаарында эл аралык аэропорт бар. Замбези дарыясы (негизинен Мозамбикке хромит ташылат) жана Кариба суу сактагычы аркылуу кеме каттайт; порттору: Бинга, Кариба. Нефть куурунун уз. 212 км (Бейра, Мозамбик Мутаре).

Экспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Товардык экспортунун наркы 1,8 млрд доллар, импорттуку 2,1 млрд доллар (2006). Экспортко алтын, платина, феррокуйма, айыл чарба продуктуларын (негизинен тамеки, пахта, кант), текстиль, гүл чыгарып, сырттан машина жана анын тетиктерин, нефть жана нефть продуктусун, химикат, азык-түлүк сатып алат. Негизги соода шериктери: ТАР, Кытай, Япония, Замбия, Нидерланд, Германия, Ботсвана.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-ж. чейин билим берүү иши расалык дискриминация принцибинде болгон. Жергиликтүү калктын жана европалыктардын балдары бөлөк окутулган. ЖОЖдору: Хараредеги Родезия университети (1955-ж. негизделген) жана Хараре политехникалык институту (1927). Ири музейлери: Булавайодогу улуттук Зимбабве музейи, Хараредеги Улуттук галерея ж. б. Ири китепканалары: Парламенттик китепкана, Калк китепканасы, Университеттик китепкана ж. б. англис тилинде «Геральд», «Кроникл», «Санди мейл», «Санди ньюс» ж. б. гезиттер чыгат. ММК трести (АО; негизги капиталы мамлекетке таандык) Зимбабве Африка өлкөлөр аралык маалымат агентчилигине (ЗИАНА) карайт. Мамлекеттик радио уктуруу жана телекөрсөтүү кызматы иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]