Кот-д'Ивуар

Википедия дан
Кот-д-Ивуар.

Кот-д-Ивуар, Кот-д-Ивуар Республикасы – Борбордук Африканын батыш бөлүгүндө жайгашкан мамлекет. Түштүгүнөн Атлантика океанынын Гвинея булуңу менен чулганат (жээк сызыгынын узундугу 515 км). Түндүгүнөн Мали жана Буркина-Фасо, чыгышынан Гана, батышынан Либерия жана Гвинея менен чектешет. Аянты 322,5 миң км2. Калкы 20,8 млн (2008). Борбору – Ямусукро. Расмий тили – француз тили. Акча бирдиги – КФА (colonies françaises d’Afrique деген француз сөзүнөн) франкы. Административдик-аймактык жактан 19 облуска бөлүнөт.

Кот-д-Ивуар – Бириккен Улуттар Уюмунун (1960), Эл Аралык Валюта фондунун (1963), Эл аралык өнүгүү жана реконструкция банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Африка союзунун (1963; 2002-ж. чейин Африка биримдиги уюму) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кот-д-Ивуар – унитардык мамлекет. Конституциясы 2000-ж. 23-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент, 5 жылдык мөөнөткө шайланат (бир жолу кайра шайланууга укуктуу). Президент премьерминистрди, өкмөт мүчөлөрүн дайындайт жана Жогорку башкы командачы болуп саналат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш),5 жылга шайланат. Кот-д-Ивуарда көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары: Ивуар элдик фронту, Демократиялык партия ж. б. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008):

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гвинея булуңунун жээгинде булуң-буйткалар аз, батыш бөлүгү аскалуу, чыгышы жантайыңкы, кумдуу, узатасынан 300 кмден ашуун созулган лагуналар тилкеси ээлейт; ал Абижан шаары тушта деңиз менен канал аркылуу туташат. Кот-д-Ивуар Түндүк Гвинея дөңсөөсүнүн түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Аймагынын рельефинде аз тилмеленген, бийиктиги 200–500 м келген түздүктөр басымдуу. Батыш бөлүгүн цоколдук денудациялык бөксө тоолор жана дөңсөөлөр ээлейт. Өлкөнүн аймагынын батыш чет-жакасына Леон-Либерия тоолорунун тармактары (Дан, Тура массивдери) кирип турат. Андагы Нимба тоосу (1752 м) – өлкөнүн эң бийик жери. Чыгышындагы денудациялык көтөрүңкү түздүктөрдүн айрым жерлери граниттик калдык тоолор (инзельбергдер) менен татаалдашкан. Гвинея булуңунун жээгиндеги аккумуляция ойдуңуна өтүп, өлкөнүн түштүгүндө босоголор жана шаркыратмалар пайда болот. Өлкөнүн аймагы байыркы Африка платформасында жайгашкан. Негизги кен байлыктары: алтын (Ити, Анговия, Субре ж. б. кендери), нефть, күйүүчү табигый газ (шельфтерден өндүрүлөт), ошондой эле алмаз, марганец, темир, никель, кобальт, ниобий, тантал, боксит, цемент сырьёлору ж. б.

Өлкөнүн түштүк бөлүгүнө дайыма нымдуу экватордук климат мүнөздүү. Жээк бөлүгүнө жылына 1800 ммден (Абижан) 2300 ммге чейин (Табу) жаан-чачын жаайт; абанын салыштырмалуу нымдуулугу жыл ичинде 75%тен төмөндөбөйт. Жээктин чыгыш бөлүгүндө жаан-чачын мол жааган 2 (март – июль жана октябрь – ноябрь; анда айына 100 ммден ашык жаан-чачын жаайт) жана салыштырмалуу кургакчыл 2 (декабрь – февраль жана август – сентябрь) мезгил болот. Жаан-чачын эң аз (50 ммден аз) жааган мезгил – январь жана февраль. Жээгинин батыш бөлүгүндө салыштырмалуу кургакчыл (айына 50 ммден аз) кыска мезгил январь – февралда байкалат, ал эми калган айларында (марттан январга чейин) ай сайын 100 ммден ашык түшөт; эң жаанчыл айы – июнь (500 ммден ашык). Эң ысык айларынын (март – апрель) орточо температурасы 27–28°С, эң серүүн айларыныкы (август – сентябрь) 24–25°С. Өлкөнүн борбордук жана түндүк бөлүктөрүнө нымдуулуктун сезон боюнча өзгөрүүсү байкалган субэкватордук климат мүнөздүү. Түздүктөрдө жылына 1100 ммдей, өлкөнүн түндүкбатышында, Леон-Либерия тоолорунун этектеринде 1300–1500 мм (Нимба тоосунун капталдарында 2200 ммге чейин) жаан-чачын жаайт. Жаанчыл мезгил (март – октябрь) 7–8 айга созулат. Эң жаан-чачындуу мезгили – июль–сентябрь, анда айына 150 ммден ашык жаан-чачын жаайт. Абанын орточо температурасы 23–24°Сден (декабрь–июль) 28–29°Сге (февраль–март) чейин. Өлкөнүн түндүк-батышындагы тоолуу аймактардын климаты серүүн (1500 м бийиктиктерде жылдык орточо температура 16–19°С). Кургакчыл сезондо өлкөнүн аймагында кургак түндүк-чыгыш шамалы – харматан согот. Дарыя тармагы жыш, негизинен Гвинея булуңунун алабына кирет. Ири дарыялары: Бандама (узундугу 1050 км), Комоэ (1160 км), Сасандра (650 км), Кавалли (700 км). Түндүгүндөгү чакан аймактын дарыялары Нигер дарыясынын алабына кирет. Дарыяларынын ортоңку жана төмөнкү агымдары босоголуу болгондуктан, көбүндө кеме каттабайт. Суу сактагычтары бар. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурсу 81,14 км3, ар бир адамдын суу менен камсыз болуусу жылына 4853 м3.

Өлкөнүн батыш бөлүгүнүн токой зонасында кызыл-сары жана кызыл ферралит топурактары басымдуу. Чыгышында кызыл-сары топурактан сырткары чакан аянттарда сары ферралит топурактары кездешет. Жээктердеги аккумуляциялык түздүктөрдө марш топурактары пайда болгон. Токой-саванналуу зонада ферралит топурактарынын комплеси жана феррозём өөрчүгөн. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү оёңдордо тропиктик кара топурактар таралган. Саванна зонасында феррозём үстөмдүк кылат; мында үбөлөнүүнүн латериттик кыртыш калдыктары (кирастар) кыйла янтты ээлейт. Ири дарыялардын өрөөндөрүндө гидроморфтук аллювий топурактуу жерлер да кездешет. Флорасы татаал өсүмдүктөрдүн 3,5 миңден ашык түрүн камтыйт (анын 100дөн ашык түрү жоголуу алдында турат, 60тан ашык түрү – эндемиктер). Өлкөнүн түштүк аймагында туруктуу-нымдуу дайыма жашыл жа жалбырагын чала түшүрүүчү токой басымдуулук кылат. Дайыма жашыл токойлордо чанактуулардын дарак өсүмдүктөрү (паркия, пиптадения, эритрофлеум ж. б.) кеңири таралган. Жалбырагын чала түшүрүүчү токойлордо топчу баш, стеркуль, кара жыгач жана тыт тукумдарына киргендер көп кездешет. Жалпы эле бул токойлорго баалуу дарактар – энтандрофрагма, кайя мүнөздүү. Токой аянты 7,1 млн га (2002); чарбалык аракеттерден токой аянттары кичирейүүдө; жылына 7%ке чейин токой кыйылып жок болууда. Түндүктү карай кургачыл сезон узара баштагандыктан, токой токойлуу-саванна менен алмашат. Түндүктө өлкө аймагынын 1/3 бөлүгүн судан зонасынын накта өскүлөң саваннасы ээлейт. Саваннанын дарак өсүмдүктөрүнө чанактуулардын өкүлдөрү – буркея, афзелия, изоберлиния, ошондой эле комбретум, лофира ж. б. мүнөздүү. Паникум, андропогон, элионурус ж. б. кылкандуу өсүмдүктөр бадалдар менен кезектешип таралган. Саванна зонасында дарыяларды жээктей галерея токою түндүктү карай терең кирет. Мезгил-мезгили менен суу каптап турган дарыя жайылмаларында гипаррения басымдуулук кылат. Саванна зонасында кайрак дыйканчылыгы өнүккөн (жүгөрү, шалы, жер жаңгак, пахта), май дарагы (карите), манго ж. б. өстүрүлөт. Түндүк-батышындагы тоолорго ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү: тоо этектерин дайыма жашыл экватор токою, андан жогору 600–1600 м бийиктиктерди галерея токойлуу эдафон саваннасы, андан жогору африка-альп өсүмдүктүү бийик тоо шалбаасы, айрым жерлерин реликт бийик тоо токою ээлейт. Өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Фаунасы сүт эмүүчүлөрдүн 230 түрүн (анын 19у жоголуу алдында), уялоочу куштардын 250 түрүн (12си жоголуу алдында), сойлоочулардын 125, жерде-сууда жашоочулардын 40ка жакын түрүн камтыйт. Айрыкча маймылдар өтө көп жана ар түрдүү (приматтардын түрү 10 миңден ашык): павиан, анубис, мартышка, колобус, шимпанзе ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Ача туяктуулардын 28 түрү белгилүү: сөөлдүү доңуз, чачы кулак доңуз, кидик бегемот (Батыш Африканын эндемиги), түрдүү көңдөй мүйүздүүлөр ж. б. Жырткычтардын 25 түрү бар, анын ичинде түрдүү виверралар (генеталар, циветалар), чанда кездешүүчү түрлөрү – кабылан, африка алтын мадылы, көк жал ит ж. б. да жашайт. Кескелдирик, түтүк тиштер да мекендейт.

Коргоого алынган аймактарда африка пили, ак керик бар. Дарыяларында крокодил арбын кездешет. Цеце чымыны да кеңири таралган. Коргоого алынган жерлер өлкө аймагынын 17% аянтын ээлейт. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Комоэ (Батыш Африкадагы ири парктардын бири, аянты 1,15 миң га) жана Таи (дайыма жашыл нымдуу токойдун адам баласынын таасирине аз дуушарланган аймактардын бири) улуттук парктары, ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарына Кот-д-Ивуар менен Гвинеядагы Мон-Нимба резерваты киргизилген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кот-д-Ивуардын калкынын көбү нигер-конго тилдеринде сүйлөйт: өлкөнүн түштүк-чыгышында ква (31%), түндүк-чыгышында – гур (18,2%), түндүгүндө – сенуфо (9,6%), түштүк-батышында – кру (8,5%) ж. б., батышында, түндүк-батышында жана түндүк-чыгышында ж. б. элдер мекендейт. Шаарларында ошондой эле фульбе, хауса, йоруба, араб, француз, немец, англис ж. б. жашайт. Калктын 40%ке жакыны мусулман-суниттер, 28%тейи христиандар; 30%ке жакыны жергиликтүү салттуу динди тутат. 20-кылымдын 2-жарымынан өлкөнүн калкынын саны 5тен ашык эсе өстү; калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орточо темпи төмөндөөдө. Төрөлүүнүн саны (1000 тургунга 32,7 бала; 2008) өлүм-житимден (11,2 адам) кыйла ашык. Эмгекке жарамдуу курактагылар (15—64 жаштагылар) 56,3%ти, 14 жашка чейинки өспүрүмдөр 40,9%ти, 65 жана андан улуулар 2,8%ти түзөт. Калктын орточо курагы – 19 жыл. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы – 54,6 жыл (эркектердики 53,9, аялдардыкы 54,4 жыл). Эркектер менен аялдардын саны дээрлик бирдей. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 64,5 адам туура келет (2008; Тропиктик Африкадагы калк эң жыш жайгашкан өлкө). Шаар калкы 50% (2008). Ири шаарлары: Абижан (3900 миң; 2008), Буаке (624,5 миң), Далоа (234,7 миң), Ямусукро (227 миң), Корого (2002,2 миң), Сан-Педро (160,2 миң). Экономикасында 6,9 млн адам, анын 68%тейи айыл-чарбасында иштейт (2007).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарыя жээктеринен табылган неолиттик мастерскойлор Кот-д-Ивуар аймагында таш доорунда эле адам жашагандыгын айгинелейт. Б. з. ч. 3–2-миң жылдыктарда дыйканчылык (саванна жана кийин токой зоналарында), б. з. 1-миң жылдыгында темир иштетүү өндүрүшү, карапа идиш жасоо ж. б. кол өнөрчүлүгү өнүгө баштаган. 2-миң жылдыктын башында бул аймактарга түндүк-батыштан келген сену фо элдери отурукташкан. Алар негиздеген Конг шаары Батыш Африкадагы соода борбору болгон. 15–16-кылымдарда манде тилинде сүйлөгөн элдер (малинке, дью ла ж. б.) сену фо элин түндүк-батышка сүргөн. 18-кылымдын башында алгачкы мамлекет пайда болгон. 15-кылымдын аягында европалыктар, негизинен португалдар келе баштаган. Алар өлкөдөн кул, алтын жана пил сөөгүн (французчадан которгондо Кот-д-Ивуар Пил Сөөктүү Жээк, ПСЖ дегенди билгизет) алып турган. 1637-жылдан француздар келип отурукташып, 1893-ж. ПСЖни өз колониясына айландырган. 1895-ж. Франция Батыш Африкасынын курамына кирген. 1930-жылдардын аягында ПСЖде африкалыктардын профсоюз жана коомдук уюмдары пайда болуп, саясий укуктарын талап кылышкан. 1946-ж. октябрда ПСЖ деңиздин ары жагындагы Франция аймагы статусуна ээ болгон. 1946-ж. Демократиялык партиясы негизделген. 1958ж. 28-сентябрда Франция Коомдоштугуна мүчө болгон соң, Д. Ф. Уфуэ-Буаньи жетектеген Демократиялык партиядан өкмөт түзүлгөн. 1960-ж. 7-августта Кот-д-Ивуар Республикасы жарыяланып, Франция Коомдоштугунан чыккан. Ноябрда жаңы Конституция кабыл алынган. 1960-ж. ноябрда Д. Ф. Уфуэ-Буаньи президенттикке шайланган. 1960–80-жылдары өлкөнүн экономикасы өскөн, 1980-жылдарда кофе жана какао данына болгон дүйнөлүк баа төмөндөп кеткендиктен, өлкөнүн экономикасы кризиске учураган. Инфляция өсүп, массалык жумушсуздук пайда болуп, элдин жашоо турмушу начарлаган. 1995-ж. президенттикке шайланган Демократиялык партиянын өкүлү Э. А. К. Бедьенин учурунда өлкө ичиндеги саясий кырдаал өтө курчуп кеткен. Отставкадагы генерал Р. Гюэй баштаган аскер кызматкерлери мамлекеттик төңкөрүш жасаган, Конституциянын иши токтотулуп, президент бийликтен четтетилген, өкмөт менен парламент таркатылган, бийлик Коомдук сактап калуу Улуттук комитетине өткөн. 2000-ж. Убактылуу өкмөт түзүлүп, Р. Гюэй республика президенти жана коргоо министри кызматтарына ээ болгон. Жаңы Конституция кабыл алынып, 2000-ж. 1-августта күчүнө кирген. 2000-ж. 22-октябрда Ивуар элдик фронттун лидери Л. К. Гбагбо президенттикке шайланган. Өлкөдө саясий кырдаал тынчыбай, бийлик үчүн козголоңдор болуп турган. 2004-ж. жайында Аккра (Гана) шаарында 13 африкалык мамлекет башчыларынын саммити өтүп, анда Кот-д-Ивуар өкмөтү менен көтөрүлүшчүлөрдүн ортосунда чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча макулдашууларга жетишкен. 2007-ж. мартта Буркино-Фасонун борбору – Уагадугу шаарында Л. К. Гбагбо менен ивуар оппозициялык күчтөрүнүн лидери Г. К. Соронун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өлкөдө Г. К. Соро жетектеген жаңы өткөөл өкмөттүн түзүлүшү (2007-ж. 7-апрель) менен аяктаган.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн экономикасынын негизин айыл-чарбасы түзөт. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 33,1 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 1,7 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,432 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 166-орунда). ИДПнин реалдуу өнүгүүсү 1,6% (2007). ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 50%, айыл чарбаныкы 28%, өнөр-жайыныкы 22%. Өнөр-жайында Гвинея булуңунун шельфинин чыгыш бөлүгүнөн нефть жана газ өндүрүүнүн мааниси зор. Өндүрүлгөн нефтинин жалпы көлөмү суткасына 52 миң баррель (2007). Нефть өндүрүүнүн ири кендери: Эспуар (28,1 миң баррель/сутка), Баобаб (21,1 миң), Лайон (1,9 миң). Нефтинин 60%ке жакыны экспорттолот (2/3 си Батыш Европа өлкөлөрүнө, негизинен Германияга). 2006-ж. 22 млрд м3 табигый газ өндүрүлгөн, ал өлкө ичинде гана пайдаланылат. Электр энергиясына болгон муктаждыгын өзүнүн отун ресурстары менен толук камсыз кылат. Электр станцияларынын кубаттуулугу 1,1 миң МВт (2005). 2006-ж. 5,3 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлүп, анын 1,1 млрды экспорттолгон. Энергиянын басымдуу бөлүгүн ЖЭСтер табигый газдан иштеп чыгат. Эң ири ЖЭС — Azito (Абижанга жакын; кубаттуулугу 288 МВт, өндүрүлгөн энергиянын 1/3 ин берет). Электр энергиясынын 1/5 ине жакыны ГЭСтерде өндүрүлөт. Абижанда өлкөдөгү жалгыз нефть ажыратуучу завод иштейт (кубаттуулугу суткасына 65 миң баррель. Нефть продукцияларын Мали, Буркино-Фасо, Нигер өлкөлөрүнө экспорттойт. Алтын (2006-ж. 1,3 т, 2002-ж. 3,6 т; Ити, Субре кендери), алмаз (2006-ж. 300 миң кар; өлкөнүн түндүгүндө жана батышында) казылып алынат. Чакан металлургия жана металл иштетүүчү ишканалар (Абижанда болот барак, тунуке, түтүк, зым ж. б. чыгаруучу), автомобиль кураштыруучу, мотоцикл, велосипед, электр-техника буюмдарын чыгаруучу заводдор (Абижан), көптөгөн химиялык ишканалар (лак-сыр, пластмасса, парфюмерия-косметика продукциялары, тиричилик химиясы, жер семирткичтер, пестициддер ж. б.), целлюлоза заводу, 2 текстиль комбинаты (негизинен кебез кездеме, бир аз синтез кездеме) иштейт. Бир нече чакан булгаары-бут кийим чыгаруучу ишкана, ширеңке фабрикасы, кеме куруучу жана аны ремонттоочу верф (Абижанда) бар. Жыгач даярдоочу жана аны иштетүүчү өнөр-жай тармактары тез өнүгүүдө. Курулуш материалдарын (кум, шагыл, акиташ ж. б.) даярдоочу ишканалары бар. Абижанда карапа заводу иштейт. Тамак-аш өнөр-жай (пальма майын, какао майын, какао, консерваланган ананас жана мөмө-жемиштердин ширеси, балык консервалары) тармагынын мааниси зор. Абижан менен Сан-Педродо ири ун жана нан комбинаттары бар.

Айыл-чарбанын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн жеринин 10%и (4%тейи туруктуу) иштетилет; анын 1/2 ине какао өстүрүлөт. Какао данын даярдоо боюнча Кот-д-Ивуар дүйнөдө 1-орунда (2005-ж. 1 млн т дан ашык; дүйнөлүк өндрүштүн 45%тейи; ИДП наркынын 15%и). Ошондой эле кофе (2005-ж. 130,8 миң т жашыл даны жыйналган, дүйнөдө 10-орунда), жер жаңгак (72,5 миң т), кешью жаңгагы (59 миң т; дүйнөдө 7-орунда), ананас (34,8 миң т; дүйнөдө 18-орунда), бал камыш (22,8 миң т), кокос жаңгагы, авокадо, манго, пахтанын экспорттук мааниси бар. Май пальмасы, гевеянын плантациялары да зор аянттарды ээлейт. Кот-д-Ивуар – Африкадагы нукура каучук өндүрүүчү бирден бир өлкө (2005-ж. 72,4 миң т; дүйнөдө 8-орунда). Маанилүү азык-түлүк өсүмдүктөрү: ямс, плантейн, күрүч, маниок, жүгөрү. Кой, эчки, уй, чочко асыралат. Балык уулоо тармагы келечектүү.

Автомобиль жолунун узундугу 80 миң км (200б). Жалгыз темир жолунун (Абижан –Буркина-Фасонун чек арасы) узундугу 660 км. Деңиз порттору: Абижан (Батыш Африкадагы эң ири порт; сырткы сооданын 90%тейин камсыз кылат), Сан-Педро (негизинен жыгач, тактай ташыйт). 7 аэропорту бар; эл аралык аэропорт Абижан, Ямусукро, Буаке шаарында жайгашкан.

Товардык экспортунун наркы 18,5 млрд, импорттуку 6,1 млрд доллар (2007). Экспортунун товардык структурасында агрардык продукция басымдуу, алар: какао даны жана какао-продуктулары, кофе, пахта, каучук, пальма майы, мөмөжемиш; экспорт наркынын 25%тейин нефть жана нефть продуктулары түзөт. Ошондой эле жыгач, тактай, балык консерваларын да сатат. Негизги кардарлары (2006): Германия, Нигерия, Нидерланд, Франция, АКШ, Буркина-Фасо. Кот-д-Ивуар Нигерия, Франция, Кытайдан нефть, нефть продуктуларын, машина жана жабдууларды, транспорт каражаттарын, азык-түлүк сатып алат.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү системасы 6 жаштан 6 жылдык башталгыч акысыз, милдеттүү окутуу, ошондой эле 7 жылдык орто (4 жылдык толук эмес, 3 жылдык толук) жана жогорку билим берүүнү камтыйт (2009). Мамлекеттик жана менчик окуу жайлары (колледж, лицей), Башкы музейлери, китепканалары, илимий мекемелери Абижан, Буаке, Корого шаарында жайгашкан. Күн сайын өкмөттүк «Fraternite Matin» (1964) «IvoireSoir» (1987) ж. б. гезиттер, ай сайын өкмөттүк кабарлар журналы (1958), ошондой эле телекөрсөтүү 1963жылдан иштейт.

Адабияты француз тилинде өнүгүүдө. 1930жылдары улуттук драматургия пайда болгон. 1938-ж. уюшулган «Тузем театрында» Б. Б. Дадье, Ф. Ж. Амон д—Аби ж. б. колониялык эзүүнү чагылдырган турмуштук, тарыхый пьесалары коюлган. 1952-ж. адабият менен поэзиянын элдик академиясы түзүлгөн. 1962-ж. француз тилинде жазган улуттук жазуучулардын ассоциациясы уюшулган. 1960–70-жылдары баатырдык-тарыхый драма өнүккөн: француз классицизминин таасиринде Э. Дервендин «Саран, же кылмышкер Ханыша», «Тил жана чаян» (экөө тең, 1968), Ш. Нокандын «Чаконун кайгысы» (1968), баул элинин келип чыгышын чагылдырган «Абраа Пок же улуу африканка» (1970) пьесалары жаралган. 1950-жылдары поэзия жана проза дүркүрөп өскөн (Б. Б. Дадье, «Африка өнүгүүнүн үстүндө», 1950, «Дүйнө элдери», 1967; Ж. М. Боньини, «Үмүткө каардуу чакырык», 1961). 1970-жылдары поэзияда Африканын өткөн доору романтикалык маанайда чагылдырылган (Б. Заду Заур, А. Канние). Прозанын телчигиши Даьденин чыгармачылыгына байланыштуу «Африка легендалары» жыйнагы, «Клембье» романы ж. б.). Учурдун проблемалары чагылдырылган А. Лобдун «Кокумбо – кара студент» (1960), Ш. Нокандын «Карарган таң» (1962), «Катуу шамал» (1966) романдары жарык көргөн. Негритюда багытында М. Кондун «Буакелик өспүрүм» (1963), Ж. Додонун «Уаззи», Т. Демдин «Массени» П. Дю Прейдин «Басылган өрт» (бардыгы – 1977) романдары жаралган. Ж. М. Адьяфинин бабалардын руханий жана маданий мурасын унутпоого чакырган «Жеке күбөлүк» (1980) аттуу роман-притчасы жарык көргөн. А. Куруманын чыгармалары («Моннэ, же кордолгондордун айбаты», 1990 ж. б.) жогорку көркөмдүктүн үлгүсү болуп калды.

Өлкөнүн түштүгүндө чатыры пальма бутактары менен жабылган тик бурч үйлөрдү курушат, бауле, аньи элдери сүйрү тегерек тарткан үйлөрүн айланта бастырма салышат. Түндүк-батышына конус сымал камыш чатырлуу тегерек үйлөр, чыгышына топурактан согулган үстү жалпак тик бурчтуу үйлөр мүнөздүү, борбордук бөлүгүндө 3–4 бөлмөлүү бурчтарынын кыры жумуруланган тик бурчтуу үйлөр мүнөздүү. Эгемендик алгандан кийин 1–4 кабат үйлөр, ылдыйкы кабатында соода борбору ж. б. жайгашкан көп кабат имараттар курулган: «Нур ал-Хаят» борбору (1960–70-жылдар), Мандагы «Каскад» отели (1969) ж. б. курулуштарда темир-бетон жана айнек колдонулат. 1970-жылдарда О. К. Колуб Ямусукро шаарынын башкы планын түзүп, брутализм формасындагы коомдук имараттар комплексин курган: Конгресс жана Президент дворецтери, Президент отели ж. б. 1980-жылдарда католик храмдары тургузулган: постмодернизм элементтерин камтыган Ыйык Павел собору (1985), Ямусукродогу Нотр-Дам-Де-Ла-Пэ собору (1986–89). Живопись 1960-жылдардан баштап өнүгүүдө (М. Кодью, Э. Ж. Сантони, Я. Бат ж.б.). Скульпторлордон К Латтье (металл), С. Дого Яо, К. Мурафье (бауле карапа скульптурасы) белгилүү. Жыгачтан буюм жасоо, алтын, коло, жез иштетүү, кездеме токуу өнүккөн. Музыкалык маданияты дан, малинке, бауле, ве, сенуфо элдеринин салттарына негизделген. Музыкалык билим берүү жана салттык музыканы изилдөөнүн борбору — Абижан. Улуттук театр салты гриоттордун искусствосунан башат алат. 1938-ж. У. Понти (Дакар) мектебинин бүтүрүүчүлөрү Абижанда ачкан «Тузем театры» 1953-ж. Маданият жана фольклор ийримине айланып, бүткүл Батыш Африканын маданий турмушунда зор мааниге ээ болгон. Анда турмуштук жана тарыхый пьесалар коюлган. 1958-ж. Пил Сөөктүү Жээктин театр коому, 1959-ж. Драма өнөр мектеби (кийин Улуттук искусство институтунун театр мектеби) уюшулган. 1980-2000-жылдарда актёр, режиссёр М. Эниси, 21-кылымдын башында актёр, режиссёр С. Бакаба кеңири белгилүү болгон. 1993-жылдан 2 жылда бир жолу эл аралык искусство фестивалы өткөрүлөт. Өлкөдө фольклорго негизделген бийлерге өзгөчө көңүл бурулат. 1974-ж. Кот-д-Ивуардын улуттук балети түзүлгөн.

Кинонун пайда болушу Т. Басоринин ысымына байланыштуу. 1960-ж. кыска метраждуу фильмдерди, 1969-ж. биринчи улуттук толук метраждуу «Бычак кармаган аял» фильмин тарткан. 1970-жылдарда турмуштук көрүнүштөрдү чагылдырууга көңүл бурулган («Аманье», «Шляпа», Р. М—Бала; «Муэдзиндин кыйкырыгы», Э. Н–Дабиано Водио). 20-кылымдын акырында кинематографисттер адеп-ахлак жана коом турмушунун актуалдуу темаларына кайрылышкан. 1974-ж. Кот-д-Ивуардын кесипкөй кино ишмерлеринин ассосияциясы (Кинематографисттердин Панафрика федерациясына кирет) уюшулган. Өлкөнүн фильмдери 1969-жылдан Уагадугуда өтүүчү Бүткүл африкалык фестивалга катышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]