Мали

Википедия дан
Мали.

Мали РеспубликасыБатыш Африкадагы мамлекет. Батышынан Сенегал, түндүгүнөн Мавритания жана Алжир, чыгышынан Нигер, түштүк-чыгышынан Буркина Фасо, түштүгүнөн Кот д’Ивуар жана Гвинея менен чектешет. Аянты 1240 миң км2. Калкы 14,0 млн (2010; калкынын саны боюнча дүйнөдө 66-орунда). БорборуБамако. Административдик-аймактык жактан 8 облуска жана округга бөлүнөт. Акча бирдиги – КФА франкы.

Административдик-аймактык бөлүнүшү (2009) Мали – БУУнун (1960), Африка союзунун (1963-жылга чейин Африка биримдиги уюму), ЭВФтин (1963), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1963), Эл аралык соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мали – унитардык мамлекет. Конституциясы 1992-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Аткаруучу бийликтин жогорку органы – премьер-министр башында турган өкмөт. Малиде көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Демократиялык жана прогресс үчүн Альянс жана Демократия жана республика үчүн фронт (2011).

Мали.

Мали Түндүк жарым шардын тропик алкагында жатат. Жеринин бети негизинен түздүктүү келип (орточо бийиктиги 200–300 м), түштүк-батышында Фута-Жалон тоосунун тармактары (795 м), түндүк-чыгышында Адрар-Ифорас (бийиктиги 1102 м) платосу жайгашкан. Эң бийик жери 1155 м. Түндүгүндө таштуу, кум-шагылдуу чөлдөр – Батыш жана Борбордук Сахара (Эрг-эль-Ахмар, Хамада-Сафия, Эль-Махия ж. б.) таралган. Түштүгүнөн куэст түздүктөрү менен чулганган. Климаты субэкватордук (түштүгүндө) жана тропиктик. Январдын орточо температурасы 19–21°С, июлдуку 32–35°С. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 50–150 мм, түштүгүндө 1500 мм. Кышкысын Сахара тараптан кургак ысык харматан шамалы согуп турат. Ири дарыялары: Нигер, Сенегал (кеме жүрөт). Чыгышында, түндүк-чыгыш тарабында вади (Тилемси, Азавак ж. б.) көп кездешет. Ички сууларга жарды. Ири суу сактагычтар курулган. Топурагы кызыл-күрөң. Чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү, түштүк-батышында саванна өсөт. Нигердин дельтасында суу-саз өсүм­дүк­төрү басымдуу. Канаттуулардын 190дон ашык түрү мекендейт. Суусунда балыктын 100дөн ашык түрү жана крокодил кездешет. Аңчылыктын кесепетинен жаныбарлар дүйнөсү (гиппопотам, суу эчкиси толугу менен жок болгон) жакырданып кеткен. Сүт эмүүчүлөрдүн 135 түрү (анын 13ү жок болуу алдында) катталган. Коргоого алынган табигый аймактары, анын ичинде Букль-дю-Бауле улуттук паркы жана 3 суу-саздуу жерлер, өлкөнүн аймагынын 3,7%ин ээлейт. Бандиагара тайпак тоосу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине (1989) киргизилген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мали — көп улуттуу өлкө. Малиде манден, сонинке, туарегтер, бозо, бобо, малинке, гур, фульбе, сонгай, сенуфо, тукулёр, волоф, маврлар, само, диало́нке, каколё ж. б. улуттар жашайт. Калкынын 90%и ислам (сүннөттөр), 5% христиан, калгандары салттуу жергиликтүү динди тутат. Мамлекеттик тили – француз тили. орточо жыштыгы 1 км2ге 11,1 киши (2010; Африкадагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектердики – 50,6 жаш, аялдардыкы – 53,8. Төрөлүүнүн деңгээли өтө жогору (1000ге 42,3), өлүм-житим 1000ге 15,4 (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, 1000ге 113). Бир аялга 5,4 бала туура келет (2009). 100 аялга 98 эркек туура келет. Шаар калкы 32 % (2008). Ири шаарлары: Бамако, Сикасо, Каес, Сегу, Мопти.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малинин азыркы аймагына адамдар палеолит доорунан эле мекендеген. Малилердин ата-бабалары аңчылык, балыкчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен. Биздин заманга чейинки 3000 жылдыкта алгачкы кыштактар пайда болгон. Биздин замандын 3-кылымынан Мали аймагы Батыш Африкадагы Гана, 13-кылымдан Мали, 15-кылымдан Сонгай империяларынын курамына кирген. 14-кылымдын аягында Масина, 17-кылымдын 2-жарымында Сегу жана Каарта мамлекеттери түзүлгөн. 19-кылымдын ортосунда Хаж Омар башында турган тукулёрлор бул мамлекеттерди басып алган. 19-кылымдын аягында француздар тукулёрлор армиясын талкалап, Батыш Судандын ички райондорун караткан. 1891-жылы Франция басып алган райондорунан Франция Суданы колониясын негиздеген. 1895-жылы Франция Суданы Франция Батыш Африкасынын (ФБА) курамына кошулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийин Франция Суданында Африканын демократиялык биригүү секциясы – Судан союзу партиясы түзүлгөн жана ал өлкөдөгү улуттук-боштондук кыймылды башкарып, жетекчи саясий күчкө айланган. 1957-жылы Франция Суданы автономияга, 1958-жылы Франция ынтымагындагы Судан автономия республикалык статусун алган. 1959-жылы Судан автономия республикасы жана Сенегал Мали Федерациясына биригип, 1960-жылы көз каранды эмес деп жарыяланган. Мали Республикасы деген ат менен өз алдынча жана көз карандысыз мамлекет деп жарыяланып, Франция ынтымагынан чыккан жана өлкөнүн конституциясын кабыл алган. Мали Республикасы 1960-жылы 28-сентябрда БУУга мүчө болуп, тышкы мамилесинде «позитивдүү бейтараптык» саясатын жүргүзө баштаган. Өлкөнүн көз карандысыздыгын ар тараптан чыңдоо боюнча реформалардын кеңири программасын белгилеп, аны жүзөгө ашыруу үчүн Мали Кейта баш болгон саясий жана мамлекеттик ишмерлер Революцияны коргоонун улуттук комитетин түзүп, бүт бийликти колуна алып, өлкөнүн экономикалык абалын оңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бир катар чаралар көргөн. Бирок 1968-жылы 19-ноябрда Малиде аскер төңкөрүшү болуп, Улуттук-боштондук аскер комитети (УБАК) түзүлүп, бийликке келген УБАКтын жетекчилери өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги принциптери өзгөрбөстүгүн, кийин башкаруунун конституциялык формасына өтөрүн жарыялаган. 1976-жылы сентябрда Мали элинин демократиялык союз (МЭДС) партиясы түзүлгөн. МЭДС тынчтыкта жанаша жашоо жана кызматташуу, согуш блокторуна кошулбоо, көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн элдерди колдоо, эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн күрөшүү саясатын жүргүзүүгө аракеттенген. 1980–90-жылдары Малинин ички саясий абалы курчуган. 1990-жылы Малинин түндүгүндө өлкөнүн саясий турмушунан четте калган көчмөндөрдүн талаптары орундалып, саясий укуктарга ээ болгон. 1991-жылы өлкөнүн президенти М. Траоре камакка алынып, 1992-жылы президенттикке А. У. Конаре шайланган. 1990-жылдын 2-жарымында Малинин айыл чарба жогорулап, пахта өндүрүү боюнча Африкада 2-орунга чыккан. 2002-жылы президенттик шайлоодо А. Т. Туре бийликке келген. Анын саясий багыты – заманбап агро өнөр жай өндүрүшүн түзүү, коррупцияга каршы күрөшүү, мектеп жана ооруканаларды кеңейтүү ж. б.

Ibrahim Boubacar Keïta (2013).

Мали – агрардык өлкө. Дүйнөдө өнүгүүсү эң төмөн мамлекеттердин бири. Чет өлкөлүк финансынын жардамы менен өнүгүп келүүдө. ИДПнин көлөмү 17,0 млрд доллар (АКШ, 2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 1,2 миң доллардан туура келет. Андагы айыл чарбанын үлүшү 46,1%, тейлөө чөйрөсүнүкү 33,8, өнөр жай менен курулуштуку 20,1. Алтын (Африкада 3-, дүйнөдө 12-орунда), алмаз, фосфорит казылып алынат. 2007-жылы 515 млн кВт.с электр энергиясы, анын 1/2и ГЭСте өндүрүлгөн. Өнөр жайынын негизин айыл чарба азыктарын кайрадан иштетүү түзөт. Тамак-аш (пахтадан жана жер жаңгактан май сыгылат, кант ж. б.), текстиль, химиялык, электр-техникалык, металл иштетүү, цемент өнөр жай иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Негизги экспорттоочу айыл чарба өсүмдүгү – пахта. Негизги азыгы – таруу, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү. Батат, картошка, маниок, жашылча, бакча өсүмдүктөрү, май берүүчү жаңгак жыгачы (карите) өстүрүлөт. Мали Батыш Африкада малдын саны жана калктын этти керектөөсү боюнча 1-орунда турат. Кой, эчки, бодо мал, төө жана эшек асыралат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун уз. 18,7 миң км (анын ичинде 3,4ү асфальтталган; 2004), темир жолунуку 593 км (2008). Мали аркылуу Транссахара, Транссахел магистралдары өтөт. Нигер дарыясында кеме жүрөт. Башкы порту – Куликоро. Бамако жана Гао шаарында эл аралык аэропорттор бар. Сыртка алтын, пахта, жер жангак, тирүү мал чыгарат. Негизги соода шериктештери: Кытай, Европа союзунун мүчөлөрү, Сенегал, Кот-д’Ивуар, Таиланд.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү тармагын Базалык билим берүү жана улуттук тил Министрлиги, ошондой эле Орто жана жогорку билим берүү, илим-изилдөө Министрлиги башкарат. Мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү акысыз 9 жылдык орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 76, 2% (2008). Мали университети (1993), Башкы илимий мекемелер, ири китепкана, музейлер Бамако шаарында жайгашкан. Француз тилинде «Joyrnal official de Republigue du Mali», «L Essor», «Les Echos», «Le Republicain», «L Aurore» гезиттери, ал эми бамбара тилинде «Kibaru» гезити чыгат. Радиоуктуруусу 1957-жылдан, телекөрсөтүүсү 1983-жылдан жана Улуттук маалымат агенттиги 1977-жылдан иштейт.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мали жазма адабияты элдик бамбара, малинке, сенуфо, фульбе оозеки чыгармачылык салттын негизинде пайда болгон. 11–19-кылымда мали адабияты араб тилинде өнүккөн. 16–17-кылымда тарыхый-хроникалык (Махмуд Кати, ас-Сади ж. б.) диний чыгармалар жарыкка чыккан. Азыркы Мали адабияты 20-кылымдын ортосунда француз тилинде өнүккөн. И. М. Уан («Фадимата – чөл ханышасы», 1955, «Клеопатранын кыздары», 1961, ж. б.) жана Ф. Д. Сиссоко («Сүртүмдөр жана портреттер», 1953, «Хармакис», 1955, очерктер сериясы, «Жеңенин ышкысы», 1956, «Кызыл кепин», 1962, романдары), С. Бадиан («Чагылган», 1957, повести, «Кандуу бет кап», 1976, романы, «Чакинин өлүмү», 1962, драмасы); И. Б. Траор («Өткөн элес», 1964, романы) ж. б. жазуучулардын чыгармаларында европалык цивилизация таасирдүү чагылдырган. Европалык адабиятчылар Я. Уологемдин (экзистенциализм духунда жазылган «Зордук милдети», 1968) чыгармачылыгы Африканын чегинде жогорку резонанс жараткан. Й. Диаките («Достошуу» романы, 1969), М. Голог («Аракечтиктен сактануу» повести, 1963), П. Кулибал («Өткөн замандын коркунучу», 1980) ж. б. жазуучулар чыгармаларын жазышты. Поэзияда патриоттук мотив күч алып Г. Диавар («Малинин туулушу», 1965), М. Голог («Африкалык торнадо», 1966) ж. б. поэтикалык жыйнактары басылып чыккан. Агартуу багытына социалдык тематика, психологизм мүнөздүү болгон (С. Диарр «Алтын бычак» повести, 1976, «Кандуу кургакчылык», 1981), М. С. Кейт (Бассари жаачы», 1984). 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында А. Ба Конар, А. Фофан («Үйлөнүү той» повести, 1994 ж. б.), Ф. Т. Тембл («Тагдыр» романы, 2002), Ф. Ф. Сидиб «Африкалык сезон», 2006) ж. б. жазуучулар адабий майданга келишти.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малиде байыркы эстеликтер неолит дооруна таандык: Бандиагардагы аска беттерине чегилген чийме-сүрөттөр, Бамако районундагы үңкүрлөрдөгү мергенчилик, бийлер, согуш көрүнүштөрүн кызыл боёк менен тарткан сүрөттөр, Тондидарудагы менгирлер. Орто кылымдарда Малинин аймагында жашаган мамлекеттерде шаар курулуштары өнүккөн. Шаарларда коомдук имараттар, мечиттер, жергиликтүү «Судан стилиндеги» турак-жайлар жайгашкан. 1950-жылдардан азыркы типтеги үйлөр салына баштаган. Курулуш ишине ошол кездеги социалисттик өлкөлөр (СССР, Болгария ж. б.) көмөк көрсөтүшкөн. Көз каранды эместик жарыялангандан кийин профессионалдык сүрөт искусствосу түзүлүп, М. К. Соме, Б. Кейта, И. Диабате, М. Хайдар, А. Конэт сыяктуу сүрөтчүлөр өсүп чыккан. Салттуу скульптуранын традициялык искусствосу өнүгөт, жыгачты кооздоо, жез куюу, жылан, крокодил терилеринен буюм жасоо (сумка, кур ж. б.) кездеме токуу, бет каптарды жасоо кеңири тараган.

Малинин бүтүндөй Батыш Африканын салттуу музыкалык маданияты үчүн гриоттордун дьели (манден элинде) искусствосу мүнөздүү. Мали элдеринин азыркы музыкалык тажрыйбасында музыкалык жаа, арфа, жидунун суу барабаны сыяктуу архаикалык аспаптар сакталып калган. 15-кылымдан баштап, Малиде Батыш европалык маданият – португал, кийин француз жана испан музыкасы тараган. Малинин музыкасы жөнүндө маалыматтар 16–18-кылымдагы европалык булактарда сакталган. Салттуу музыка 19-кылымдан баштап изилденген. 1960-жылы көз каранды эместиктин жеңиши Малиде салттык жана популярдык музыканын жаңы формалары өнүгө баштаган. 1970-жылы Малиде батыш тибиндеги эстрада оркестрлери пайда болгон. 20-кылымдын аягында Малинин музыкалык адабиятынын өнүгүшүндө жаңы тенденциялар көрүнө баштайт. 1991-жылдан салттуу музыканы изилдөө Бамакодогу Улуттук музейде жүргүзүлөт.

Малиде театрдын азыркы түрү 50-жылдардан баштап өнүгө баштаган. Көз каранды эместик жарыялангандан (1960) кийин театр мамлекеттин карамагына өткөн. 1960-жылдан ар жылы (1970-жылдан 2 жылда бир) кароо өткөрүлүүдө Малинин салттуу искусствосун чет элдерге жайылтуу үчүн Улуттук фольклор тобу түзүлгөн. 1964-жылы Бамакодо Улуттук искусство институту ачылган. 1970-жылдан Улуттук театр труппасы иштейт. Драмалык жанрларда С. Бадиан, А. Каба, Л. Х. Ба, М. М. Диабате сыяктуу Малинин жазуучулары иштешкен.

Малинин аймагында биринчи көркөм тасма 1938-жылы («Догондор өлкөсүндө» французча документалдуу фильм) тартылган. 1960-жылы нидерланд режиссёр Й. Ивенс «Эртең Нангилде» кыска метраждуу фильмди тарткан (Москвадагы ЭКФдин сыйлыгы). 1961-жылы Малинин Улуттук кинематография кызматы уюшулган. 1963-жылы Маалымат министрлигинин алдында (Югославиянын техникалык колдоосу алдында) маалымат тасмаларын тартуучу кинематография бөлүмү түзүлгөн. 1977-жылы ал кинохроникаларды, документалдык, ойноочу жана жарнамалык фильмдерди тартуу үчүн Улуттук киноөндүрүш борбору кайра түзүлөт. 1971-жылы ВГИКти бүтүргөн биринчи малилик Ж. Куйате «Тьемандын кайтып келиши» деген фильм коёт. Малинин улуттук салттары И. Ф. Траоренин «Үмүттүн биринчи жарыгы» (1979, документ фильм), «Баарыбыз күнөөлүбүз» (1985) жана «Аскалардагы дуэль» (1985) деген иштеринде чагылдырылган. Малинин белгилүү кинорежиссёрлорунун бири С. Сиссе биринчи толук метраждуу актёрлор ойногон «Кызы» (1974) фильми менен дебют жасаган. Анын кеңири таанылган фильмдери: «Эмгек» (1978, Уагадугу, Бүткүл африкалык ЭКФдин сыйлыгы), «Жарык» (1987, Канна, ЭКФдин сыйлыгы ыйгарылган), «Мезгил» (1995).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]