Лесото

Википедия дан
Лесото.

Лесото, Лесото Королдугу – Түштүк Африкадагы мамлекет. ТАРдын аймагы менен толук курчалган. Аянты 30,4 миң км2. Калкы 2,0 млн (2009). Борбору – Масеру. Расмий тилдери – сесото (сото) жана англис тилдери. Акча бирдиги – лоти (ошондой эле түштүк африкалык ранд да пайдаланылат). Административдик-аймак жактан 10 округга бөлүнөт (к. таблицаны). Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009):

Округ Аянты,км2 Калкы, миң Адм. борборлору
Береа 2222 251,9 Теятеяненг
Бутха-Бутхе (Ботха-Ботхе) 1767 109,3 Бутха-Бутхе

(Ботха-Ботхе)

Лерибе 2828 297,2 Хлоце
Масеру 4279 452,5 Масеру
Мафетенг 2119 188,7 Мафетенг
Мокхотлог 4075 98,2 Мокхотлонг
Мохалес-Хук 3530 171,8 Мохалес-Хук
Тхаба-Цека 4270 130,3 Тхаба-Цека
Цгачаснек 2349 72,0 Цгачаснек
Цгутхинг 2916 118,7 Цгутхинг (Моени)

Лесото – БУУнун (1966), Африка союзунун (1966; 2002-ж. чейин Африка Биримдиги уюму), ЭВФтин (1968), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1968), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Африканын түштүгүн өнүктүрүү жамааттыгынын, Түштүк Африка бажы союзунун, Кызматташтыктын жана башка мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лесото – унитардык мамлекет. Конституциясы 1993-ж. 2-апрелде кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу (сенат жана улуттук ассамблея) парламент. Сенат 22 уруу башчысынан жана «өкмөттүн кеңеши боюнча» король дайындаган 11 сенатордон, Улуттук ассамблея 5 жылга шайланган 120 депутаттан турат. Ал мыйзамдарды кабыл алат жана иштеп чыгат, премьер-министрди тандайт жана министрлер кабинетинин курамын бекитет, ошондой эле аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлдөйт. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Лесотодо көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Лесото демократиялык конгресси, Улуттук көз каранды эмес партия, Басуто бириккен конвенциясы, Васуто улуттук партиясы, Лесото жумушчу партиясы.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лесото – жери деңиз деңгээлинен 1400 м бийик жайгашкан тоолуу өлкө. Өлкөнүн батыш чек арасы боюнча кууш тилкени түзүп, денудациялык түздүктөр жана платолор (Бийик Велддин бир бөлүгү; бийиктиги 1400–1800 м) созулуп жатат. Алар чыгышта Малути (бийиктиги 3262 мге чейин) жана жанартоолуу Лесото тайпак тоосунун батыш бөлүгүн түзгөн Тхаба-Пуцоа кырка тоолоруна (3096 м) такалат. Платолор Сенцгу (Оранж) жана Макхаленг дарыясынын өрөөндөрү менен терең тилмеленген. Өлкөнүн чыгышында жана түштүгүндө Дракон тоолору созулуп жатат; андан өлкөнүн эң бийик жери (3482 м) – Тхабана- Нтленьяна чокусу орун алган. Өлкөнүн аймагы байыркы платформанын терең синеклизасында жайгашкан. Эң маанилүү жана дүйнөдөгү эң кымбат кен байлыгы – алмаз; ошондой эле уран, отко чыдамдуу чопо, курулуш материалдары (таш, кум, шагыл), көмүр, сланец кендери бар.

Лесото субтропиктик климаттык алкакта жайгашкан, бирок жеринин бетинин бийиктигине байланыштуу температуралык көрсөткүчтөрү боюнча мелүүн континенттик климаттуу аймакка киргизүүгө болот. Январдын орточо температурасы 25–26ᵒС (кээде 30ᵒСтан ашат), тоолордо 15ᵒС; июлдуку 15ᵒС, үшүк да болот, тоолордо –20ᵒСка чейин төмөндөшү мүмкүн, бурганак да байкалат, бийик тоолордун кыр бөлүктөрүнө кар катмары пайда болот. Түздүктөрүндө 300 ммден тоолорунда 1600 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Жаанчыл мезгили (85%тен ашыгы) октябрдан майга чейин созулат. Чыгышында алаамат нөшөр жүрүп, дарыялары ташкындайт. Дарыя тармагы жыш, суусу мол. Бардыгы Атлантика океанынын алабына кирет, эң ирилери: Сенцгу (Оранж) жана анын куймалары – Макхаленг, Каледон (Мохокаре). Дарыялары босоголуу, гидроэнергияга бай. Өлкөнүн батыш бөлүгүнө кумдуу, жука катмарлуу, чыгышына күрдүү, жанартоо топурактары мүнөздүү. Эрозия – өлкөнүн эң негизги экологиялык проблемаларынын бири. Аянтынын дээрлик 4/5 бөлүгүн бадалдар жана кылкан өсүмдүктүү талаа ээлейт. Батышында Бийик Вельддин кылкандуу-дүйүм чөптүү талаа өсүмдүктөрү таралган. Токойдун чакан массивдери дарыя өрөөндөрүндө жана терең капчыгайларында кездешет. Коргоого алынган аймак өлкөнүн аянтынын 0,2%ин ээлейт. Дракон тоолорунда, ТАР менен чек арасында Сехлабатхебе улуттук паркы жайгашкан, ал трансчекара резерватынын курамына кирет. Ал – антилопа, көк жору, балта жутар жана башкалар сейрек кездешүүчү жаныбарлардын мекени.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лесотонун калкынын басымдуу бөлүгү – бантулар. Калктын табигый өсүүсү 0,12% (2009). Төрөлүү (1000 адамга 24,1 бала) өлүм-житимден (1000 тургунга 22,2 адам) бир аз ашат. Калктын 90%ке жакыны – христиандар, анын 50%и – католиктер, 40%тейи протестант деноминациясынын өкүлдөрү (негизинен лютеран, англикандар), 9%тейи жергиликтүү диндерди туткандар. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 40,4 жыл (эркектики 41,2, аялдыкы 39,5 жыл). Миграциялык сальдо терс мааниде (1000 тургунга –0,78); эмгекке жарамдуу калктын 1/ и ТАРга иштөөгө кетет. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерде 62 адам. Шаар калкы 25% (2010). Эң ири шаары – Масеру; башка шаарлары: Хлоце, Мафатенг, Теятеяненг.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сан (бушмендер) жана кой-коин (готтентоттор) уруулары Лесотонун жергиликтүү калкы болуп эсептелет. Аларды 17-кылымда түндүктөн келген көчмөн суто (басуто) уруулары сүрүп чыгып, алардын бир жамаатын башкарган Мошеш I 1820–30-ж. ар кыл уруудан бирикме түзгөн. 1830- жылдары суто менен бурлардын ортосунда кагылышуулар башталган. 1856–68-ж. бурлар менен болгон согушта сутолор маанилүү аймактарынан ажыраган. 1884-ж. Лесото Улуу Британиянын Басутоленд протектораты деп расмий түрдө жарыяланган. Британ бийлиги протекторатка башкаруу системасын киргизген, натыйжада комиссар-резидентке баш ийген уруу башчылар кеңеши институту сакталган. 1910-ж. Басутолендде алгачкы саясий жана коомдук уюмдар (Басутоленддин прогрессчил ассоциациясы, Жардылар лигасы жана башка) пайда болуп, коомдук реформалардын жүргүзүлүшүнө жетишкен, коом турмушун демократташтыруу, колониялык бийликти жоюуну, чет элдик компаниялардын иштерин чектөөнү талап кылган. 2-дүйнөлүк согуштан кийин африкалык саясий партиялар: Басутоленддин африкалык конгресси (1952-ж.), 1959- жылдан Басуто конгрессинин партиясы (БКП), Басуто улуттук партиясы (БУП) түзүлүп, өлкөдө улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн. Басутоленд 1965-ж. ички иштерин өзү башкаруу укугун алган. 1965-ж. парламенттик шайлоодо жеңген Басуто улуттук партиянын (БУП) лидери Ж. Л. Жонатан премьер-министрликке дайындалган. 1966-ж. 4-октябрда улуттардын Британ шериктештигинин курамындагы көз карандысыз Лесото королдугу түзүлгөн. Ошол эле жылы Лесотонун конституциясы кабыл алынып, БУУга жана Африка биримдиги уюмуна мүчө болгон. 1970–80-ж. ТАР менен Лесотонун ортосунда мамилелер начарлап, 1986-ж. 20-январда өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш болгон. Бийликти Аскердик кеңеш басып алып, бардык саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын ишине тыюу салган. 1993-ж. Лесотодо жүргүзүлгөн парламенттик шайлоодо БКП жеңишке жетип, Н. Мохехле башында турган өкмөт түзүлгөн. Апрелде өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган. 1998-ж. майда өткөн парламенттик шайлоодо Лесото демократиялык конгресси (ЛДК) партиясы жеңишке жеткен. Декабрда конституциялык тартипти калыбына келтирүү үчүн партиянын лидери Б. П. Мосисили жетектеген 12 партиянын өкүлдөрүнөн турган Убактылуу саясий орган түзүлгөн. Бул орган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы парламенттик шайлоолорду өткөрүүнү даярдаган. Натыйжада 2002- жана 2007-жылдарда өткөрүлгөн шайлоолор ЛДК партиясынын жеңиши менен аяктаган.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лесотонун чарбасы ТАРдын экономикасы менен айкалышкан. Кирешенин басымдуу бөлүгү Йоханнесбург шаар агломерациясына (ТАР) сууну (өнөр жай, тиричилик жана айыл чарба үчүн) экспорттоодон түшөт. ТАРда иштеген эмгек мигранттарынан жана Түштүк Африка бажы союзунун бажы алымынан түшкөн акчанын мааниси да зор. Ошондой эле Лесотого АКШ, Европа союзу өлкөлөрү (Улуу Британия, Германия жана башка), түрдүү уюмдар (Бүткүл дүйнөлүк банк, Африка өнүктүрүү банкы жана башка) жана фондулар кыйла жардам берет. ИДПнин көлөмү 3,3 млрд доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 1,8 миң доллардан туура келет. ИДПнин структурасында өнөр жайынын үлүшү 46%, тейлөө чөйрөсүнүкү 39%, айыл чарбаныкы 15% (2008). ИДПнин реалдуу өсүүсү 6,8% (2008). Cенцгу (Оранж) дарыясында эл аралык долбоордун чегинде бир нече суу сактагыч жана гидроэлектр станция курулууда. Өндүрүлгөн электр энергия (2007–08-ж. 514 млн кВт•с) ички муктаждыктын 90%ин канааттандырат, калган бөлүгүн ТАРдан алат. 2007-ж. 114 миң кар алмаз өндүрүлгөн. Иштеп чыгаруучу өнөр жайынын башкы тармактары – текстиль жана тигүү ишканалары. Жинси, спорттук кийим тигүүчү фабрикалар иштейт. Айрым ишканалары бут кийим ултарып, азык-түлүк чыгарат.

Агрардык өндүрүшү – өлкөнүн калкынын жарымына жакынынын кирешесинин негизги булагы болуп саналат. Айыл чарбанын негизги тармагы – мал чарбачылыгы (продукциясынын жарымы экспорттолот). Өлкө аймагынын 11% аянты иштетилет, күрдүү жери 1%ке чейин; кургакчылык кайталанып турат. Негизги айыл чарба өсүмдүгү – жүгөрү (айдоо аянтынын 2/ син ээлейт); ошондой эле ак жүгөрү, буудай, төө буурчак, нокот өстүрүлөт. Автомобиль жолунун узундугу 2370 км; эл аралык аэропорту Масеру шаарына жакын жайгашкан. Экспортко суу, кийим, бут кийим, жүн, тыбыт, азык-түлүк, тирүү мал чыгарып, сырттан азыктүлүк, курулуш материалдарын, машина жана жабдууларды, дары-дармек, нефть продуктуларын алат.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону; милдеттүү акысыз башталгыч жана кесиптик-техникалык даярдоону; орто жана кесиптик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 84,8%ти түзөт (2012). 20 мамлекеттик, 15 мамлекеттик эмес ЖОЖ бар, анын ичинде Лесото улуттук университети (1945) Рома шаарында, Политех. институту (1906), Айыл чарба коллежи (1955), Лесото улуттук архиви (1958), Лесото улуттук китепканасы (1976), музейлери Масеру шаарында жайгашкан. Англис жана сесуто тилдеринде гезит-журналдары чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7