Габон

Википедия дан

Габон, Габон Республикасы – Борбордук Африкадагы мамлекет. Түндүк-батышынан Экватордук Гвинея, түндүгүнөн Камерун, чыгышынан жана түштүгүнөн Конго Республикасы менен чектешет. Батышынан Атлантика океаны чулгап жатат.

Жайгашуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 267,7 миң км2. Калкы 1,43 млн (2006). Мамлекеттик тили француз тили. Борбору Либревиль шаары Габон администативдик жактан 9 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги Батыш Африка валюта союзунун франкы. Габон БУУнун (1960), Африка союзунун (1963), Эл-аралык валюта фондунун (1963), Эл-аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Габон.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Габон унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-ж. 14-мартта кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республикасы Мамлекет башчысы президент (7 жылга шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент (Улуттук чогулуш жана Сенат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат, ал президент тарабынан дайындалат. Саясий партиялары: Габон демократиялык партиясы, Габон прогресс партиясы жана башка. Аймагынын басымдуу бөлүгүн жапыз тоолор жана тоо массивдери ээлейт. Бийигирээк тоолору Шайю (Ибунжи чокусу, бийиктиги 1580 м) жана Хрусталь (Дана чокусу, 1000 м). Батыш бөлүгүндөгү деңиз жээктерин туурасы 30-200 км келген ойдуңдар ээлейт. Кенбайлыктары нефть, газ, марганец, уран, темир. Климаты ысык жана нымдуу, Түндүк жагы экватордук. Апрелдин орто температурасы 25ө-28°С, июлда 22ө-24°С. Жылдык жаан-чачын 1500-3000 мм. Дарыялары өтө жыш жана суусу мол. Ириси Огове. Аймагынын 75%ин дайыма жашыл нымдуу токой (окуме, озиго, лимба жана башка), жээк бойлорун мангр токою каптап жатат. Улуттук парктары: Вонга-Вонг, Оканда жана биосфера резерваты Ипасса-Макоку. Кызылсары латерит топурактуу. Калкынын 92%ин банту улутундагылар түзөт. Шаар калкы 79%. Негизинен христиан (82%), ошондой эле салт болуп калган жергиликтүү динди (андан ичкери 1%ке жакыны мусулман сүнөттөр) тутат. Калкынын жашынын орто узактыгы эркектериники 54, аялдарыныкы 56 жашаары Орто жыштыгы 1 км2 жерге 5,3 киши туура келет. Ири шаарлары Либревиль, Порт-Жантиль, Франсвиль. Габондун аймагында адам палеолит доорунда эле жашай баштагандыгы белгилүү.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн байыркы калкы пигмейлер болсо керек деп болжолдонот, 10-13-кылымдарда бул аймакка бантулар келип отурукташкан. 18-19-кылымдарда түндүктөн келген жана жергиликтүү урууларды түштүккө сүрүп чыгарган фанг элдери Габондун этностук тарыхында маанилүү ролду ойногон. 15-кылымдын аягында (1485) Габонго португалиялык деңиз саякатчылары келген учурда, алар уруулук түзүлүштө жашап турушкан. 16-18-кылымдарда европалык жана америкалык кул сатуучулар Габондун аймагын кул сатып алуунун ири борборунун бирине айландырышкан. 1839-ж. француздар Габон булуңунун сол жээгинде отурукташып, 1849-ж. оң жээгин ээлешет да, Либревиль шаарын негиздешет. 19-кылымдын 40-80-жылдарында француздар өлкөнүн аймагын толук ээлешет. Габондун калкынын француз баскынчыларына каршы күрөшү 1-дүйнөлүк согушка чейин созулган. 1903-ж. Габон расмий түрдө колония деп жарыяланып, 1910-58-ж. Франциялык Экватордук Африканын курамында болгон. Колониялык режим жылдарында өлкөнүн аймагынын ири бөлүгү француздук компанияларга концессияга берилген. 1940-50-жылдары алгачкы улуттук саясий уюмдар түзүлгөн. 1946-ж. кеңеш берүү функциялары ыйгарылган өкүлчүлүк органы Аймактык ассамблея, 1957-ж. жергиликтүү африкалыктардан турган алгачкы Өкмөттүк кеңеш түзүлгөн, бирок анын чечимдери француздук губернатор тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон. 1958-ж. Габон республикасы болуп жарыяланган. 1959-ж. февралда биринчи конституциясы кабыл алынып, ага ылайык Өкмөттүк кеңеш Министрлер кеңешине, Аймактык ассамблея Мыйзам чыгаруу ассамблеясына айландырылган. 1960-ж. 15-июлда француз өкмөтү Габондун көзкаранды эместиги жөнүндөгү келишимге кол койгон. 1960-ж. 17-августта Габон көзкаранды эмес мамлекет деп жарыяланган. Ошол эле жылы сентябрда ал БУУга кабыл алынган. 1961-ж. февралда жаңы конституция кабыл алынып, өлкөнүн алгачкы президенти болуп Л. Мба шайланган. 1967-ж. Мба өлгөндөн кийин аралы Бонго президент болуп калган. Ал 1968-ж. Габон демократиялык партиясын негиздеген жана Батыш өлкөлөрү менен кызматташуу саясатын уланткан. Бай жаратылыш ресурстарынын натыйжасында Габон Африкадагы эң бай мамлекеттердин катарына чыккан. 1991-ж. мартта жаңы Конституция кабыл алынган. 1993, 1998, 2005-ж. шайлоодо Бонго кайрадан жеңишке жетишкен.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикасынын негизин тоокен өнөржайы түзөт. 2005-ж. ички дүң продукциянын 58,8% өнөржайга туура келген (андан ичкери тоокен 50%), тейлөө кызматы 35,1%, айыл чарбасы 6%. Балкамыш, какао, жержаңгак экспорттолот. Ички муктаждык үчүн маниок, банан, шалы, жүгөрү жана экспорт үчүн какао, кофе өстүрүлөт. Экономикасында негизги орунду тоокен (негизинен нефть, марганец жана уран кенташтары казып алынат), балык уулоо, токой жана жыгач иштетүү өнөржайлары ээлейт. 2003-ж. 1487 млн кВтс электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 6, 2 миң км (2003), темир жолунуку 814 км (2004). Эл-аралык ири аэропорттору бар (Либревиль, Порт-Жантиль, Моанда). Нефть куурунун узундугу 1385 км. Дарыяларында кеме жүрөт. Негизги порттору Порт-Жантиль жана Либревиль. Сыртка нефть, марганец, уран концентратын, жумуру жыгач жана кофе, какао чыгарат. Негизги соода шериктери: Франция, Япония, АКШ жана Германия. 1980-жылдан 6 жаштан 16 жашка чейин милдеттүү түрдө билим берүү киргизилген. 2003жылга 15 жаштан жогорку курактагы калкынын 59,7% гана сабаттуу болгон. Мектептерде сабак француз тилинде. Жалпы билим берүүчү мектептердин жарымы менчик. Либревилде Улуттук университети, медициналык университети, башка шаарларда техникалык университет жана башка окуу жайлары бар. Айыл жана токой чарба изилдөө институттары, китепкана маалымат борбору (1960), искусство жана салт музейи (1954); илимий, маданий мекемелери иштейт. Мамлекеттик жана 5 менчик гезит чыгат. 1959-жылдан радиоуктуруу, 1963-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Адабияты француз тилинде басылат. Музыкасында борбордук африкалык элдердин салт маданияты басымдуу.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]