Какао

Википедия дан

Какао, шоколад дарагы (Theobroma cacao) - 1) теоброма уруусундагы дайыма жашыл дарак; 2) ошол дарак жемишинин даны. Жапайы жана эгилме түрлөрү бар. Жапайысынын бийиктиги 5-8 метр, эгилмеси 3-5 метр. Жалбырагы кара-көк; гүлү сары же кызгылтым. Жапайы какао тропик токойлорунда өсөт. Эгилме какао адегенде Мексикада өстүрүлүп, XVI кылымдын I жарымында Европага таралган. Борбордук жана Түштүк Америка, Батыш жана Чыгыш Африка, Малайя архипелагы, Филиппин аралы ж.б. жерлерде негизинен уругунан өстүрүлөт. Какаонун чанагындагы даны сыя көктөн боз же ак түскө чейин, баалуу тамак-аш сырьёсу. Анда 50%ке чейин какао майы, 14,5% азот, 1,3-1,7% теобромин, 12% белок, 7% углевод, 0,71-2,33% кислота, 5-7% өңдөгүч заттар. 7-10% крахмал, 1-2% фруктоза бар. Какаонун данынын даамын жакшыртуу үчүн 2-7 суткага чейин ферментация жүргүзүлөт. Бул учурда биохимиялык реакциянын негизинде күрөң түскө өтүп, жагымдуу жытка жана даамга ээ болот. Какао майынан дары-дармек, күнжарасынан суусундук даярдалат.