Конго Республикасы

Википедия дан
Конго Республикасы.

Конго РеспубликасыБорбордук Африканын батыш бөлүгүндө жайгашкан мамлекет. Түштүк-батышынан Атлантика океаны менен чулганат (жээгинин узундугу 169 км). Түндүгүнөн Камерун, Борбордук Африка Республикасы, чыгышынан жана түштүгүнөн Конго Демократиялык Республикасы, түштүгүнөн Ангола (Кабинда провинциясы), батышынан Габон менен чектешет. Аянты 342 миң км2. Калкы 3,7 млн (2008). Борбору – Браззавиль. Расмий тили – француз тили; улуттук тилдери – лингала жана китуба. Административдик-аймактык жактан 10 облуска жана борбор округуна бөлүнөт.

Конго – Бириккен Улуттар Уюмунун (1960), Африка Биримдиги уюмунун (1963; 2002-жылдан Африка союзу), Эл аралык өнүгүү жана реконструкция банкынын (1963), Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008): Эл аралык валюта фондунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1997) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конго – унита рдык мамлекет. Конституциясы 2002-ж. 20-январда референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, 7 жылга шайланат (бир жолу кайра шайланууга укуктуу). Президент өкмөттү башкарат жана куралдуу күчтөрдү жетектейт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – кош палаталуу парламент (Улуттук ассамблея жана Сенат). Аткаруу бийлигин президент жетектеген коалициялык өкмөт (Министрлер кеңеши) ишке ашырат. Конституция боюнча президент парламентти таратууга, парламент президентти кызматынан кетирүүгө жана өкмөткө ишенбөө вотумун жарыялоого укуксуз, өкмөт парламенттин көпчүлүк добушуна карабай президент тарабынан шайланат. Конгодо көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Конго эмгек партиясы, Конго демократия жана интегралдык өнүгүү үчүн кыймылы, Социалдык демократия үчүн панафрикалык уюм ж. б.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атлантика океанынын жээги жайпак, кумдуу саяңдар, лагуналар кездешет. Жээктей кууш (жазылыгы 40–50 км) аккумуляциялык түздүк созулуп жатат. Анын түндүк-чыгышын Хрусталдуу жана Майомбе жапыз тоолору, эң оёң жерин акиташ тектүү түздүк ээлейт (мында рельефтин карсттык формалары кеңири таралган). Өлкөнүн борбордук бөлүгүн Батеке денудациялык платосу (деңиз деңгээлинен бийикт. 500–800 м) жана Шайю тоолору (бийиктиги 903 мге чейин, Конгонун эң бийик жери) ээлейт. Өлкөнүн түндүк-чыгыш бөлүгү Конго ойдуңунда жайгашып, анда саздашкан аллювий түздүктөрү басымдуулук кылат. Жеринин негизги бөлүгү байыркы Африка платформасынын борборунда жайгашкан. Негизги кен байлыктары: нефть (негизинен шельфтерде), алтын (Майоко, Мбомо шаарына жакын), жез-коргошун-цинк (өлкөнүн түштүгүндө), темир, боксит, колумбит, танталит, таш көмүр, алмаз ж. б. Аймагында негизинен ысык жана нымдуу климат өкүм сүрөт; түндүгүнө дайыма нымдуу экватордук (жылына 2 жолу жаан-чачындын максимуму–март–май жана сентябрь–ноябрда байкалат), түштүгүнө кургакчыл сезондуу (июнь – сентябрь) субэкватордук климат мүнөздүү. Эң жылуу айынын (март же апрель) орточо температурасы 24–28°С, эң суук (июль же август) айыныкы 20–25°С. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1500–2000 мм, түштүк чет-жакасында 1200–1400 мм. Конго суусу мол дарыяларга бай. Чыгышында өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгү Конго дарыясынын, батышында негизинен Куилу дарыясынын (Ниари дарыясынын жогорку агымы) алаптарына кирет. Конго дарыясы жана анын куймалары – Убанги, Санга, Алима менен кеме каттайт. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстары 222 кмЗди түзөт, ар бир адамдын суу менен камсыз болуусу 69 м3ден ашат. Кызыл-сары ферралит топурактары басымдуу; өлкөнүн түндүк-чыгышындагы саздуу түздүктөрдө глейлешкен сары ферралит топурактары таралган. Флорасынын курамында татаал өсүмдүктөрдүн 6000ден ашык түрү бар, анын 33 түрү жоголуу алдында турат. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн (65%тен ашыгын) экватордук дайыма жашыл жана субэкватордук чала дайыма жашыл токой ээлейт. Аралаш жана монодоминанттуу дарак өсүмдүктөрү басымдуу; ал энтандрофрагма, бийик перикопсис сымал баалуу дарактарга бай; Конго дарыясынын жана анын оң куймаларынын өрөөндөрүндө саздуу токой таралган. Токойсуздануу темпи жылына 1%ти түзөт (1990–2000). Өлкөнүн түштүк бөлүгүндө токой 1940-жылдардан баштап эле кыйыла баштагандыктан, 21-кылымдын башында токой кыйла суюлуп, анын ордун сезондуу-нымдуу саванна, сейрек токой жана кылкандуу өсүмдүктөр ээлейт. Конгонун түндүгүндө (негизинен дарыя өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде) токой 1970-жылдардан баштап гана кыйыла баштагандыктан, анда табигый абалында сакталган токойдун ири массивдери да кездешет. Сүт эмүүчүлөрдүн 200дөй, куштардын 600дөй, сойлоочулардын 150дөй, жерде-сууда жашоочулардын 50дөн ашык, балыктын 80дей, курт-кумурскалардын 2000ден ашык түрү белгилүү. Конгодо жоголуп бара жаткан жаныбарлардан (сүт эмүүчүлөрдүн 14, куштардын 4 түрү) горилла, шимпанзе, Африка токой пили (дүйнөдөгү кол тийбеген ири популяциялардын бири), бонго ж. б. мекендейт. Конгодо коргоого алынган 24 табигый аймак бар (өлкөнүн 15%тен ашык аянтын ээлейт). Алардын ирилери: Одзала улуттук паркы (аянты 13 миң км2ден ашык; ЮНЕСКОнун биосфералык резерваты), Нуабала-Ндока улуттук паркы (4 миң км2ден ашык). Африка пилин коргоо үчүн бир нече корукча (заказник) уюшулган (анын ичинде Пул-Плато да бар). Конгодо Борбордук Африкадагы эл аралык маанидеги эң ири суу-саздуу аймактардын бири – Лейк-ТеллеЛикуала-оз-Эрб (аянты 4,39 миң км2) жайгашкан.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конгонун калкынын басымдуу бөлүгү (97,9%и) нигер-конго тилдеринде сүйлөйт; анын ичинде бантулар 91,4%ти түзөт; адамава-убанги тилдеринде калктын 6,5%и сүйлөйт. Калкынын табигый өсүүсүнүн жогорку темпи (2,7%, 2008) төрөлүүнүн көптүгүнө (1000 адамга 41,8 бала) байланыштуу; өлүм-житим 1000 адамга 12,3 адам. Эмгек курагындагылар (15–64 жаштагылар – 51%) басымдуу, 14 жашка чейинкилер 46,1%, 65 жа андан ашкан курактагылар 2,8%. Калктын орточо курагы 16,3 жыл (2008). Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 53,8 жыл (эркектердики 52,5, аялдардыкы 55 жыл). 100 аялга 99 эркек туура келет. Миграция сальдосу оң мааниде: 1000 тургунга 2,5 (2008). Калкынын орточо тыгыздыгы: 1 км2 жерге 11 адам (2008; Африкадагы калк эң сейрек отурукташкан өлкөлөрдүн бири). Өлкөнүн түштүгүндө калк эң жыш (1 км2 жерге 40 адамга чейин), түндүгүндө сейрек (1 км2 жерге 1 адамдай) отурукташкан. Шаар калкы 62%. Ири шаарлары: Браззавиль (калкы 1180 миң), Пуэнт-Нуар (662,8 миң), Лубомо (122,8 миң), Нкайи (58,6 миң).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Киндамба шаарына жакын аймактан табылган таш куралдары жана аскага тартылган сүрөттөр Конго аймагында палеолит доорунда эле адам жашагандыгын далилдейт. Конгонун жергиликтүү калкы – пигмейлер. Б. з. 1-миң жылдыгынын башында бантулар аларды токойлуу райондорго сүргөн. 13-кылымдан кийин Конго аймагында Лоанга, Теке (Тио, Анзика, Макоко деп да айтылат) жана Конго мамлекеттик бирикмелери түзүлгөн. 15-кылымдын аягында Конго күч алып, Нгойя жана Каконго мамлекеттик бирикмелерин басып алган. 1480-жылдары португалдыктар Конгого келе башташкан. 16-кылымдын ортосунда Конго кул сатуу борборуна айланып, өлкө начарлай баштаган. Жергиликтүү калк бир нече жолу португалдарга каршылык көрсөтүшкөн. 1870-жылдары Конгого француздар отурукташкан. 1879–82-жылдары француздук экспедиция жетекчиси П. С. де Бразза Макоконун башкаруучусу – Элло I менен келишим түзүп, ал боюнча Конго дарыясынын оң жээгиндеги аймактар Франция протекторатына, 1882-жылдан колониясына айланган. 1910-ж. Конго Франция Экватордук Африкасынын курамына кирген. Жергиликтүү калктын колониячыларга каршы көтөрүлүштөрү (1910, 1913, 1928) массалык мүнөздө өтүп, күч менен басылган.

1940–50-жылдары Конго көз карандысыздык кыймылы кеңири жайылып, алгачкы саясий партиялар жана африкалыктардын профсоюз уюмдары пайда болгон. 1945-ж. Ж. Ф. Чикайя Конго прогрессивдүү партиясын (КПП, 1946-жылдан Африка демократиялык биримдигинин секциясы) түзгөн. 1946-ж. Франция социалисттик партиясы секциясы түзүлүп, 1957-ж. Африка социалисттик кыймылы партиясына айланган. 1956-ж. Ф. Юлу Африкалыктардын кызыкчылыгын коргоо демократиялык уюмун негиздеген. 1960-ж. 15-августта көз карандысыз Конго Республикасы жарыяланган. 1961-ж. өлкөнүн Конституциясы кабыл алынып, Ф. Юлу президенттикке шайланган. Бирок анын жүргүзгөн саясаты элге каршы болгондуктан, 1963-ж. 13–15августта үч күндүк революциянын натыйжасында бийликтен кулап, өкмөттү жана 1964-ж. түзүлгөн Улуттук революциячыл кыймыл партиясын (УРК) премьер-министр (1963-ж. 19-декабрдан президент) А. Массамба-Деба башкарган. УРК өлкөдөгү бирден-бир башкаруучу саясий партияга айланган. 1964-ж. Конго өкмөтү экономикалык өнүгүүнүн 1беш жылдык планын кабыл алып, айрым чет элдик компанияларды менчиктештирген. Конгого бир партиялуу система киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. А. Массамба-Дебонун жеке бийликке умтулуусу калктын кеңири чөйрөсүнүн нааразылыгына алып келип, 1968-ж. август-сентябрь айларында А. Массамба-Дебонун өкмөтүн отставкага кетүүгө мажбур кылып, башында М. Нгуаби (1969-жылдан президент) турган Революциянын улуттук кеңеши түзүлгөн. 1969-ж. декабрда Конго эмгек партиясы (КЭП) түзүлүп, башкаруучу саясий партия болуп калган. Жаңы Конституция кабыл алынып, өлкө Конго Элдик Республикасы деп аталган. 1977-ж. 18-мартта М. Нгуаби өлтүрүлгөндөн кийин мамлекетти Ж. Йомби-Опанго башында турган КЭПтин Аскер комитети (АК) башкарган. 1979-ж. Д. Сассу-Нгессо КЭПтин төрагасы жана Конго президенти болуп калган. 1991-ж. көп партиялуу система киргизилип, өлкө кайрадан Конго Республикасы деп аталган. 1992-ж. референдумда кабыл алынган жаңы Конституция боюнча көп партиялуу системанын негизинде алгачкы президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөн. Бул шайлоолордо П. Лиссуба жетектеген Социалдык демократия үчүн панафрикалык уюм (1991) жеңишке жеткен. 1993–94-жылдары оппозиция жана башкаруучу партиянын (КЭП) жактоочуларынын куралдуу күрөшү башталган. 1997-ж. Д. Сассу-Нгессо Конгонун борбору – Браззавиль шаарын басып алып, өзүн президент деп жарыялаган. Өкмөттүк аскерлер жана оппозициянын куралдуу отряддарынын кагылышуулары 1999-жылдын аягына чейин уланган. 2001-ж. жалпы улуттук 2-конференциясында Тынчтык жөнүндө конвенция иштелип чыккан жана кабыл алынган. 2002-ж. январдагы референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, Д. Сассу-Нгессонун президенттик кызматы сакталып калган. 2007-ж. кезектеги парламенттик шайлоодо КЭП жана анын союздаштары кайрадан жеңишке ээ болгон.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикасынын негизин нефть өндүрүп, экспорттоо Ички дүң продукциясынын (ИДП) 70%тен ашыгын камсыз кылат). 2000-жылдары Конгонун экономикалык абалы турукташып, 1990-жылдардагы куралдуу кагылышуудан калган финансы-экономикалык терең кризистен чыга баштаган. Конго Тропиктик Африканын туруктуу өнүккөн өлкөлөрүнүн тобуна кайра кошулган. ИДПнин көлөмү 13,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 3,7 миң доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүшү 1,6%. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,548 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 139-орунду ээлейт).

Өлкөнүн сырткы карызы 2000-жылдардын башталышында 5 млрд долларды түзөт (аны киши башына бөлүштүргөндө 2,3 миң доллар – дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч). Конгонун экономикалык саясаты экономиканы диверсификациялоого, чет элдик жана жеке инвестицияларды тартууга, жакырчылыкты жоюуга, айыл чарба өндүрүшүн жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган. 21-кылымдын башталышынан өлкөгө жылына 20 миңдей турист келет, туризмден түшкөн киреше 25,6 млн доллар. ИДПнин структурасындагы өнөр жайынын үлүшү 57,1%, тейлөө чөйрөсүнүкү 37,3%, айыл чарбаныкы 5,6% (2006).

Конго нефть өндүрүү боюнча (2006-ж. 13,9 млн т) Тропиктик Африкада Нигерия, Ангола, Экватордук Гвинея, Габондон кийинки 5-орунду туруктуу ээлейт. Негизинен Атлантика океанынын шельфинен (Пуэнт-Нуар ш-на жакын) өндүрүлөт. Пуэнт-Нуардагы нефть ылгоочу з-д – Конгодогу ири өнөр-жай ишканаларынын бири. 2007-ж. 352 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, ал эми керектөөсү 572 млн кВт.с. Электр энергиясынын 99%и 2 гана ГЭСтен өндүрүлөт; 4 шаарда ЖЭС иштейт. Бирдиктүү энергия системасы жок. Нефть өндүрүүдөн кийинки маанилүү 2-тармагы – жыгач даярдоо жана аны иштетүү. 14 млн га жердеги токой өнөр жайлык мааниге ээ. Баалуу дарак породаларынын (негизинен окуме, лимба, махагони, дибету, сапеле, сино) запасы 300 млн м3ден ашат. Жыгачтын 60%ке жакыны өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, 40%и түштүкбатышында даярдалат. 20га жакын жыгач иштетүүчү заводу бар (Браззавиль, Пуэнт-Нуар, Лубомо ж. б.). Жыл сайын 100 миң м3 чамасында тактай материал, 70–100 миң м3 фанера даярдалат. Химиялык ишканалар (Браззавиль, Пуэнт-Нуаре шаарындагы лак-сыр материалдарын, пластмасса, тиричилик химиясын, полимер плёнкаларын, суюлтулган газ даярдоочу ж. б. заводдор), текстиль комбинаты, тамеки фкасы, металл ремонттоочу ишканалар, кеме ремонтточу верфтер (Браззавиль), тамак-аш (кант, ун, пиво, май), курулуш материалдар (ири цемент заводу) өнөр-жай ишканалары бар.

21-кылымдын башынан айыл чарба өндүрүшүнүн төмөндөшү жана импорттук азык-түлүк товарынын көбөйүшү мүнөздүү. Айыл чарбасына жарактуу жер өлкөнүн аянтынын 58,2%ин ээлеп, анын 0,6%и гана пайдаланылат. Майда дыйканчылык чарбалары басымдуу, аларга иштетилүүчү жердин 68%и, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын 85%и таандык. Негизги айыл чарбалуу аймактары: Буэнза, Ниари, Пул облусу экспорттук мааниси бар өсүмдүктөрү: бал камыш, жер жаңгак, какао, кофе. Май пальмасынын плантациялары кеңири таралган. Маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрү: маниок, таро, батат, картөшкө; ошондой эле плантайн, жүгөрү, таруу, ак жүгөрү, күрүч өстүрүлөт. Мал чарбасы (экстенцивдүү жартылай көчмөн мүнөздө) ар кандай тропиктик ылаңдарга, анын ичинде цеце чымынынын чагуусуна байланыштуу анча өнүккөн эмес. 2005-ж. 300 миң эчки, 105 миң кой, 93 миң бодо мал, 54 миң чочко, 2,0 млн үй кушу болгон. Балыкчылык өнүгүүдө; жылына 45 миң т чамасында балык кармалат.

Автомобиль жолунун узундугу 17,3 миң км, темир жолунуку 894 км (2004). Негизги деңиз порту – ПуэнтНуар (жылдык жүк ташуусу 15 млн т чамасында; анын 70%тейи транзиттик жүктөр). Суу жолунун узундугу 2,5 миң км; негизги дарыя порту – Браззавиль. Нефть трубасынын узундугу 758 км (2007). 31 аэропорту бар, анын 2 эл аралык мааниде (Браззавиль, Пуэнт-Нуар шаарында).

Сырткы соодасынын көлөмү 8,1 млрд доллар, анын 6,3 млрд долларын экспорт, 1,8 млрд долларын импорт түзөт. Экспортко негизинен нефть (90%ке жакыны), жыгач (7%), кант, кофе, какао, жер жаңгак чыгарат. Негизги соода шериктери: АКШ, Кытай, Тайвань, Корей Республикасы. Сырттан (Франция, Кытай, Италия, Индия, Бельгиядан) машина жана жабдууларды, транспорт каражаттарын, азык-түлүк алат.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конгодо билим берүү «Билим берүү жөнүндөгү мыйзам» (1967) менен жөнгө салынат. Билим берүүнүн азыркы системасы 6 жылдык башталгыч (5,5–6 жаштан) жана жети жылдык орто (толук эмес жана толук орто мектеп) мектептерди, кесиптик-техникалык окуу жайларды жана Жогорку окуу жайларын (ЖОЖ)у камтыйт. Мектепке чейинки тарбия берүүгө балдардын 9%и, башталгыч билим берүүгө 55%и, орто билим берүүгө 25%и камтылган калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 86%ти түзөт (2006). Белгилүү ЖОЖдору: М. Нгуаби атындагы университет (1961), институттар жана жогорку мектептер. Илимий мекемелери: Борбордук африкалык изилдөө, Пастеров (1908) институттары, Илимий жана техникалык изилдөө боюнча улуттук кеңеш (1966). Илим жана техника панафрикалык союзу (1987) ж. б. (баары Браззавилде). Браззавилде күнүгө француз тилинде «Mweti» (1977), «Journal de Brazzaville», «Courrier d'Afrique» ж. б. гезиттер чыгат. Радио уктуруу 1935-жылдан, телекөрсөтүү 1962-жылдан иштейт. Улуттук маалымат агенттиги – Agence Congolaise d'Information (ACI; 1962жылдан).

Kонго адабияты 1950-жылдардан француз тилинде өнүгө баштаган. 1950–70-жылдардын поэзиясы үчүн антиколониялык тематика мүнөздүү (Ж. Ф. Чикая У Тамси, «Бузук кан», 1955; Ж. Б. Тати-Лутара, «Жаңы күндөр», 1975) болсо, 1960-жылдарда баатырдык-тарыхый драма, комедия, 1970–80-жылдарда проза (А. Лопес, Чикайы Кю Тамси, Сони Лабу Танси ж. б.) өнүккөн. 20–21-кылымдардын чегинде адабиятта агартуучулук идеологиянын кризиси байкалган.

19-кылымдын 2-жарымынан шаарларында, европалык типтеги имараттар курулууда. Заманбап искусствосунда Пото-Пото живопись мектебинин чыгармалары өзгөчөлөнөт. 1960-жылдары музыкасы өнүгө баштаган. 1965-ж. Конго улуттук театры ачылып, 1966-ж. Браззавилде Улуттук конго балети түзүлгөн. Өлкөдө «Монана» балет театры (1992) жана «Bivelas» (1992) театралдык компаниясы, «Йаро» (1999) маданий борбору иштеп, 1996-жылдан Браззавилде «Мабина данс» бий фестивалы өткөрүлөт. Белгилүү театр ишмерлери: Сони Лабу Танси, А. Л. Бейкер, Э. Б. Донгала, Ж. Салладен, Н. Бисси, Ж. Нсангата ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]