Мазмунга өтүү

Бантулар

Википедия дан

Бантулар - Түштүк Африкада жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 300 млн адам (2004). Аларга руанда, макуа, конго, монго, шона, ньянколе, сукума, рунди, малави, зулу, коса, луба, кикуйю, камба, свази, маконде, ха, хехе, бена, яунде, видекум, бабоа, батеке, конзо, гирьяма, куриа, мака, ньоро, ньятуру, ньянека, торо, фипа, лугуру, рега, ирамба, пуну, гереро, саката ж.б. кирет. Бенуэ-конго тобундагы банту тилдеринде сүйлөшөт. Дини христиан жана мусулман-сунниттер. Лингвисттердин жана археологдордун божомолдоруна караганда азыркы Бантулардын ата-бабалары Камерун аймактарындагы тропиктик токой зонасында жашаган байыркы элдерден. Миграция мезгилинде Бантулар жергиликтүү элдер аңчылар жана чөп-чар жыйноочулар (токой зонасындагы пигмейлер, Чыгыш жана Түштүк-Батыш Африканын саванналарындагы койсан элдеринин ата-бабалары) менен ассимиляцияланган. Миграция айрым топтордо 19-кылымдын ортосуна чейин улантьшган. Бантулар дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесиптенишкен. 19-кылымда пил сөөгүнө талаптар көбөйгөндүгүнө байланыштуу аңчылык, мындан тышкары токой балчылыгы да кошумча кесип катары маанилүү роль ойногон. Алар колониялаштыруу мезгилине чейин эле металл (жез, темир, алтын ж. б.) эритүүнү, иштетүүнү билишкен жана жыгачтан, сөөктөн буюмдарды көркөмдөп жасашкан. Дубалы сокмо ыкмасы менен тургузулуп, сырты ылай шыбак, чатыры пальма жалбырактары менен жабылган, айрым жерлерде төрт бурчтуу салынган үйлөрдө жашашкан. Кийим ордуна Бантулар белден ылдый тери же жазы жалбырактарды жамынышкан. 19-кылымдандан баштап Бантуда европалык үлгүдөгү кийимдер кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4