Ньятуру

Википедия дан
Ньятуру

Ньятуру эркеги
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 556 миң адам (1993)
 Танзания

Тили

киньятуру,
суахили

Дини

ислам (сүннөттөр),
жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

 кирет

бантулар

Тууган элдер

сукума, ирамба

Ньятуру (туру, ваньятуру, рими) — банту эли.

Алар негизинен борбордук Танзанияда (Сингида провинциясы) жашашат[1]. Ньямвези, сукума, ирамба элдерине жакын.
Жалпы саны 556 миң адам (1993).

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эне тили — киньятуру[2]. Ошондой эле суахили тилинде да сүйлөшөт.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк мусулмандар (сүннөттөр), калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат.

Чарбалык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги салттуу кесиптер — кол менен иштетилген жер чарба (маис, таруу, буурчак өсүмдүктөрү, тамеки) жана малчылык (ири жана майда мүйүздүү малдар). Айыл чарба шаймандары — калак түрүндөгү таяк жана кыска туткасы бар кетмен.

Тамак-аш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ботколор. Кээде сүт жана эт.

Турак жай[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй тик бурчтуу, жыгачтан жана чоподон жасалган, бөлмө жана кире бериш бөлмөдөн турат. Үй-бүлөнүн курамына жараша мүлк бир нече турак жай имараттарын камтышы мүмкүн. Ар бир короодо мал үчүн атайын жыгач шиштер (палисадник) менен тосулган короо бар.

Коом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алар өздөрүнүн келип чыгышын мифтик биринчи баба Муньятурга (ошонундуктан өз аты-жөнүн) же Муримиге карайт. Уруу жетекчилер институту болгон эмес. Уруу жетекчилери Германиянын колониялык башкаруусунун мезгилинде гана (20-кылымдын башынан) дайындала баштаган. Жергиликтүү уруулук топтордун генеалогиясы (12 муунга чейин) башкаруучу династиялык уруктардын жоктугуна мүнөздүү. Чоң үй-бүлөнүн ордун кичинекей үй-бүлө басып жатат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Turu Ecology: Habitat, Mode of Production, and Society
  2. Ньятуру(жеткиликсиз шилтеме)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]