Ислам

Wikipedia дан

Ислам, мусулманчылык (арабча islam – баш ийүүчүлүк, Алланын амирине моюн сунуу) – дүйнөдөгү үч ири диндин бири (христиан жана буддизм менен катар), монотеисттик дин. Тутунгандардын саны боюнча христианчылыктан кийинки экинчи орунда турат (дүйнөдө жалпы мусулмандардын саны 1,5 млрдга жакын, 2008). Исламды Мухаммед Пайгамбар негиздеген. Анын жактоочулары мусулмандар (Аллага гана тайынуучулар) деп аталышкан. Ислам христиан дини менен иудаизмден көп идеяларды жана жоболорду алган. Анын башкы принциптери Куранда айтылып, ал мусулмандардын окуусунун негизги булагы болуп калат. Бул ыйык китеп Аллах тарабынан Жебирейил периште аркылуу азирети Мухаммед Пайгамбарга жиберилген делет. Исламдын ички түзүлүшү имандан жана динден турат. Имандын (исламдын чындыгына ишенүү) негизинде Алланын бардыгына, анын жалгыз экенине, Мухаммеддин пайгамбарлыгына, курандын ыйыктыгына, кыямат болоруна ишеним жатса, динде мусулманчылыктын беш парзын аткаруу милдет: 1) иман, келме («Алладан башка кудай жок, Мухаммед анын элчиси») келтирүү; 2) намаз окуу (күнүнө 5 маал); 3) орозо кармоо (жыл сайын Рамазан айында 30 күн); 4) зекет берүү (жылына бир жолу белгилүү чекке жеткен мал-мүлктүн акчалай наркын же малдын өзүнөн берүү); 5) ажыга баруу (эгер мүмкүнчүлүгү жетсе өмүрүндө бир жолу). Ислам пайда болгонго чейин адамдар арасында көп кудайга ишенүүчүлүк (мисалы, арабдарда эле отко ж. б. ар түрдүү бутпарастарга сыйынып-табынуучулар болгон) өкүм сүргөн. Түптүү идеологиянын жоктугунан улам зордук-зомбулук, уурулук, каракчылык ж. б. жаман адаттар кеңири тараган. Адам укугу тебеленип, аялдарга мал катары мамиле жасалган. Алсыздарды өлтүрүү, төрөлгөн кыздарды тирүүлөй көмүү ж. б. терс көрүнүштөр адатка айланган. Адамзатты ушундай оор абалдан алып чыгуу үчүн диний укукка (шариятка) негизделген татаал диний система керек эле. Ислам байыркы замандан о. кылымга өтүү доорунда, Түндүк Арабстандын көчмөн жана дыйкан-соодагер жамааттарынын дүйнөгө бутпарастык көз караштарында жүрүп жаткан кризистин шарттарында, 7-кылымдын 1-жарымында (611–612-ж.) Батыш Арабияда пайда болгон. Ал кезде Арабстандын айрым көчмөн урууларында исламга чейин орун алып келген көп кудайга ишенүүчүлүк салтын жокко чыгарууга, бир кудайга табынууга үндөгөн ханифтер кыймылынын таасири күчөйт. Йемен менен Йамамдын иудейлешкен калкынын арасында бутпараска сыйынуудан баш тартып, бир кудай Рахманга табынууга чакырган рахманилер кыймылы активдешет. Ушундай кырдаалдарда жалпы араб урууларынын аң-сезиминде, рух дүйнөсүндө байыртан үстөмдүк кылып келген бутпарастык ишенимдер, сыйынып-табынуулар бүлүнө баштайт. 7-кылымдын башында бул эки агым (ханифтер менен рахманиддер) арабстандык пайгамбар кыймылына биригишет. Азирети Мухаммеддин пайгамбардык ишмердигинин ислам дининин пайда болушуна алып келиши ошол кездеги ишеним айдыңындагы жүрүп жаткан жалпы тенденциялардын мыйзам-ченемдүү натыйжасы болгон. Исламдын диний окуусу Алла бирден бир Жараткан-Эгем. Алладан башка кудай жок. Алла баарын жаратуучу, бардыгына тиешеси бар. Ал сүрдүү да, каардуу да, мээримдүү жана ырайымдуу да. Алла ааламды жети күндө, ошондой эле адамды, периштелерди, жин-перилерди, шайтанды, Бейиш менен Тозокту жаратты, адам алардын туу башы деп үйрөтөт. Алланын нурдан жараткан пакиза макулуктары Периштелер. Алланын тактысын кайтарышат жана Алла кабарчылары. Ар биринин өз милдеттери бар. Алар материалдык денеге ээ эмес. Адам баласы периштени көрбөшү мүмкүн. Көрбөйм деп эле ишенбеш дагы туура эмес, анткени, көрүнбөө жоктукка далил боло албайт. Пайгамбарлар (Мухаммед пайгамбар дагы периштелердин бар экенине ишенип, жалпы адамзатты ишенишке үндөгөн) дайыма Кудайга ишенишсе, периштелердин бар экендигине ошондой ишенип келишкен. Жараткан өзүнүн периштелери аркылуу адамдарга кайрылат. Аллага абдан жакын турушкан периштелер төртөө. 1) Жебреил периште Алланын аяндарын сактайт жана аларды пайгамбарларга жеткирет; 2) Малааика (христиандарда Михаил) бардык макулуктардын азыгы жөнүндө кам көрөт; 3) Азезил (христиандарда Израил) жан алгыч; 4) Исрафил сурнайы менен Акыр кыяматтын башталганын жарыялайт. Ошондой эле ар бир адамдын оң ийнине жакшылыктарды, сол ийнине терс жактарын каттап туруучу, маркумдарды жаткан жеринен (көрүнөн) суракка алуучу, Бейиш жана Тозокту тейлөөчү периштелер, булардан башка Шайтан, перилер, арбактар, жиндер Рух дүйнөсүн түзүшөт. Ислам окуусунун борборунда пайгамбарлар аркылуу Алланын элге жиберген аяндары турат. Куранда 30га жакын пайгамбар-олуялардын ысмы аталган. Алардын алгачкысы Адам ата, эң акыркысы Азирети Мухаммед. Пайгамбарлар Алланын аяндарын Ыйык жазуулар түрүндө алышкан. Ислам окуусу боюнча булардын түп нускасы «Кастарланып ыйык кайтарылууга коюлган асмандагы Лоок тактасында» түбөлүккө сакталып турат. Алла тарабынан Муса пайгамбарга Тоорат (Тора), Дөөтү (ар. Дауд, орусча Давид) пайгамбарга Забур сыяктуу Ыйык жазуулар түшүрүлгөн. Мусулман доктринасына ылайык Ыйык жазуулар адепки мазмундары боюнча сакталган жок, кыйла мезгилдер ичинде бир топ оңдолуп, бурмаланууга дуушар болду. Аларды калыбына келтирген жана толуктаган Куран гана Алланын кудурети менен алгачкы калыбы бойдон сакталды. Куран боюнча Акыр Заман келгенде Кыямат башталат. Мусулман уламышында Кыямат болордун белгиси Меккеден ыйык Кааба жоголот, Куран унутулат. Жалганчы Тажаал келип, элди 40 күн башкарат. Алла Таала Мухаммед пайгамбардын соңку мурасчысы Махдини жалганчы Тажаалга каршы согушууга жиберет. Махди Кыямат кайымдын акырында келип (жалганчы Тажаалды толук жеңип), нукура динди, адилеттүүлүктү калыбына келтирет. Алла ар бир адамды суракка алып, соттолгондордун баарын Тозок үстүндөгү «чачтан ичке, кылычтын мизинен курч» көпүрөдөн өтүүгө жиберет. Ислам дининде акырет кыяматтан кийин боло турган түбөлүк жашоо. Акыретке ишенүү бардык диндерде бар, болушу зарыл. Бири биринен бир аз айырма болушу мүмкүн, ар бир пайгамбар үммөтүнө акырет тууралуу билдирген. Куран боюнча адам баласы өлгөндөн кийин кабырдагы эки периштенин (Мункир, Накир) сурагы, көр азабы, кыямат болгондон кийин бүткүл адамзат кайра тирилип, Машхар деген майданга топтолуусу, кылган иштеринин сурагын берүүсү, Сырат деген көпүрөдөн өтүүсү, күнөөкөрлөрдүн тозокко түшүп, жакшы иш кылгандардын түбөлүк бейишке кирүүсү мунун баары акыретте боло турган көрүнүштөрдөн. Жамандыктын алдын алуучу, жакшылыкка шыктандыруучу мындай акырет ынанымы болбогондо, дин жалгыз көр турмуштук, коомдук көрүнүш бойдон гана калмак. Эгер акыретке иман келтирүү болбогондо кылынган ибадаттардын, ынанымдын адам баласына пайдасы болмок эмес. Исламга чейинки доорлордо да Алла пайгамбарлар аркылуу дин өкүмдөрүн адамдарга жеткирип турган. Ислам өкүмдөрүн адамдарга жеткирүү (пайгамбарлык кылуу) Алла тарабынан тандалган элчи Абдуллах уулу Мухаммедге жүктөлгөн. Ал дин өкүмдөрүн талыкпай таратуусунун жана анын жолдошторунун акыйкатты кабыл алып, өкүмдөрдү туура түшүнүүсүнүн натыйжасында, ошондой эле ошол убактагы адамдардын таза, туура динге болгон муктаждыгынан да ислам дини ылдамдык менен таркаган. 7–9-кылымдарда ислам дини Түндүк Африка, Алдыңкы Азия, Иран, Борбордук Азия, Закавказье жана Түндүк Чыгыш Кавказга чейин жеткен. 8-кылымдын 1-жарымында Европада ислам өнүгүүсүнүн очогу түзүлгөн. Ислам адамзаттын рухий дүйнөсүндө эң таасирдүү күчтөрдүн бири. Анын бардык доорго ылайыктуу орду бар. Ислам коомдун өнүгүүсүндө чоң роль ойнойт. Жашоонун эстетикалык түзүлүшүнө, ынтымактын пайда болушуна, улуттук каада-салттардын негизделүүсүнө, мекенди сүйүү сезимдеринин ойгонуусуна ж. б. тийгизген таасири чоң. Дүйнөнүн 28 мамлекетинде, анын ичинде Египет, Кувейт, Сауд Арабиясы, Ирак, Иран, Пакистан өлкөлөрүндө ислам мамлекеттик дин катары таанылган. 35 мамлекетте (анын ичинде Кыргызстан) калкынын көбүн мусулмандар (80%) түзөт. Дүйнөнүн 125 өлкөсүндө мусулман жамааттары бар. Мусулман өлкөлөрүнүн көбүндө таасирдүү ислам партиялары бар. Мисалы, Жамаат-и ислами партиясы Индия менен Пакистанда, Ислам респ-нын партиясы Иранда, Биримдиктин жана өнүгүүнүн партиясы Индонезияда, Панмалайзиялык Ислам партиясы Малайзияда ж. б. Ислам дини Орто Азияда 8-кылымдын башында пайда болгон. Алгачкы таратуучу катары Кутейба ибн Муслимди эсептөөгө болот. Ал 710-ж. Согдианадан (азыркы Хорезм обл.) Кашкарга чейинки аймакты каратып, ислам динин киргизген. 960-ж. Караханиддер мамлекети Ислам динин мамлекеттик дин деп кабыл алышкан. Баласагун шаарында жашаган 200 миңден ашуун адам ислам динин тутушкан. Тарыхый маалыматтарга караганда ислам кыргыз арасына 9-кылымдын ортосунан тарай баштаган. Исламдын кыргыздарга (көбүнчө Түштүк Кыргызстанга) терең сиңишине Кокон хандыгынын мезгилинде кокондук мусулман миссионерлер (шайык, эшен, кожо, дубана, дервиш ж. б.), ошондой эле исламды агартуучулук менен айкалыштырып окутуучу мектептерди сунуштаган Казандагы Ислам борборунан келген (Түндүк Кыргызстанга) татар мусулмандарынын таасири тийген. Мечиттерде атайын айылдык молдолорду даярдап, аларды жер-жерлерге жөнөтүп турушкан. Элет жерине Куранды жатка үйрөтүүчү мектептерди ачып, буга айылдык балдарды массалык түрдө тартышкан. Бирок калың эл массасы сабатсыз бойдон кала берген. Совет мезгилинде СССРдеги динге каршы саясаттын репрессия толкуну Кыргызстан мусулмандарын да каптап өткөн. Кожо-молдолор калк арасында диний иштерди жүргүзүүдөн четтетилген. 20-жылдардын аягында араб алфавитинен латын тамгасына, 30-жылдардын аягында латын тамгасынан кириллицага өткөрүлгөн. Мечиттердин дээрлик баары жабылган. Исламды окутуунун бардык түрүнө тыюу салынган. Ислам үрп-адаттары менен байланышкан мусулман майрамдарын, каада-жөрөлгөлөрүн көпчүлүк алдында өткөрүүгө жол берилбеген. Советтик «темир көшөгө» мусулман калкын өзүнүн чет өлкөлүк диндештеринен көпкө чейин обочолонтуп келген. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында ислам ж. б. конфессиялардын легалдашуусуна уруксат берилет. 1944-ж. СССР ЭКСтин карамагында Дин иштери боюнча совет түзүлүп, ал сыйынуу, чокунуу жана табынуу имараттарын, анда иштеген кызматкерлерди каттоого, алардын кезектеги жана келечек маселелерин чечүүгө киришкен. 1954-жылдан динге каршы күрөш жаңыча багыт менен башталган. Бирок динге каршы күрөш мурдагыдай репрессиялык эмес, моралдык чабуул менен чектелип калган. Совет бийлигинин кулашы (1991) исламдын кеңири кулач жайышын шарттаган. Жер-жерлерде мечиттерди массалык түрдө куруу, ачуу өтө тездик менен өскөн. Кыргызстан аймагында – 1801 айыл-кыштак (2003) болсо, республика боюнча – 1991 мечит катталган (Ош областында – 714; Жалал-Абадда – 464; Баткенде – 272; Чүйдө – 247; Ысык-Көлдө – 109; Таласта – 96; Нарында – 89, Бишкекте – 50; Ошто – 50). 2009-жылга карата Кыргызстандын мусулмандарынын диний керектөөлөрүн камсыз кылуу максатында облустар менен шаарларда бир топ диний окуу жайлары иштеген; 1 университет, 8 институт, 56 медресе, анын ичинде Баткенде 1 институт, 10 медресе; Жалал-Абадда 1 институт, 6 медресе; Нарында 1 институт, 2 медресе; Ошто 2 институт, 17 медресе; Таласта 2 медресе; Чүйдө 2 институт, 13 медресе; Ысык-Көлдө 2 медресе; Бишкекте 1 университет, 1 институт, 2 медресе; Ошто 2 медресе ж. б.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]