Куран

Википедия дан

Куран (араб. القرآن, окуу, «Кудайдын аяны») – исламдын ыйык китеби. Куран сүрөлөр менен аяттардан турат. Курандагы бардык аяттар Мухаммед пайгамбарга аян түрүндө түшкөн Алланын сөзү болуп саналат.

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар () •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Куранда Алла өз сөзүн пайгамбар Мухаммедге аян түрүндө түшүрөт. Ааламдардын жаратуучусу болгон жалгыз Кудай - Аллага сыйынуу керектигин, Ага шерик кошпой бардык ибидаттардын түрүн Ага гана багыштоо керектигин чындыкты адамзатка айтып берүү үчүн пайгамбарлар аталган атайы адамдар тандалып алынган. Пайгамбарлардын эң акыркысы Мухаммед болгон. Ислам дини Мухаммедге чейинки байыркы пайгамбарлар катары иудаизмде жана христианчылыкта кезиккен ыйык пайгамбарларды тааныйт. Мисалы, Адам, Нух (Ной), Ибрахим (Авраам), Лут, Муса (Моисей), Дауд, Сулайман (Соломон), Иса (Иисус). Мусулмандардын көз карашында аталган пайгамбарлардын окуусу алардын шакирттери тарабынан бурмаланып кеткен делинет, ошондуктан еврейлер менен христиандарды Кудайдын аянына эмес, «кагаздагы жазууга ишенген» адамдар деп аташат. Пайгамбарлардын ичинен Мухаммеддин гана окуусу бурмаланбаган туура окуу деп көрсөтүлөт. Исаны пайгамбар деп таануу менен ислам дини христиандардын Иисус Христос Кудайдын уулу деген окуусуна жана Ыйык Үчбирдикке (Троицага) каршы турат: Куранда «жалгыз Кудай балалуу боло албайт жана анын курбусу болбосо, Иисус кантип төрөлмөк», – деп белгиленген.

Курандын негизин Мухаммед пайгамбардын акыл насааттары, олуячылыктары, дин окуусу жана притчалары түзөт. Пайгамбар жазганды, окуганды билбеген сабатсыз адам болгон. Ошондуктан анын сөздөрү жана иштери жардамчылары тарабынан пальманын жалбырактарына жана таштын бетине жазылып алынган да, кийин кагаз бетине көчүрүлгөн. Мухаммеддин шакирттери ал тексттерди жаттап, эски араб поэзиясын көркөм окугандай кырааты менен айта билишкен.
Куран рифмалуу проза жана ритмикалуу сүйлөмдөр менен жазылган.

Курандын мазмуну мындай курамдык бөлүктөрдөн турат:

  • 1. дүйнөгө карата диний көз караштын негиздери, исламдын догмалары жана культтук окуу;,
  • 2. шариаттын негизине айланган араб урууларынын укуктук жана адеп-ахлактык нормалары, ырым-жырымдары жана каада-салттары;
  • 3. жаңы диний окууну негиздөөгө зарыл болгон байыркы семиттердин, арабдардын, еврейлердин, христиандардын пайгамбарлар жана алардын ишмердүүлүктөрү жөнүндөгү мифтери менен легендалары;
  • 4. исламга чейинки доордогу арабдардын ырым-жырымдары жана алардын фольклорунан үзүндүлөр.

Куранда Мухаммед тарабынан айтылган Алланын сөздөрү аян, башка сөздөр лакап, жомок катары берилет. Курандын толук тексти Мухаммед өлгөндөн кийин чогултулуп, 7-кылымдын ортосунда Осмон халиф пайгамбардын жардамчысы болуп турганда тексттер ыйык деп жарыяланган. Орто кылымдарда Куранды жатка билген адамдар көп болгон. Ортодоксалдуу ислам тарабынан Кудайдын аянын бурмалап жибербөө үчүн Куранды башка тилдерге которууга тыюу салынган.
Араб жортуулдары жана жаңы аймактарды исламдаштыруу – Куранды окууну жана жатка билүүнү шарттаган. Ошондуктан бул доордо араб тилин үйрөнүү жана бул тилди кеңири аймактарга жайылтуу иши күч алган. Орто кылымдардагы арабдаштыруу процесси мусулман маданиятынын түзүлүшүнүн маанилүү элементи.

== Курандын тары хы ==

Куран жөнүндө хадистер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сахабалардан Харис аль-Аавар (р.а.) баяндайт: «Мечитке барган элем, адамдар өткөн-кеткендин кебине түшүп калышыптыр. Мен турбастан азрети Алинин (р.а.) алдына кирип бардым да, «Оо, момундардын көсөмү! Калайык өткөн-кеткендин бекерооз кебине түшүп олтурушканы эмнеси?» деп даттандым. Ал мага: «Чын эле ошентип жатышабы?» деди, мен: «Ооба» деп жооп бердим. Ал мындай деди: «Мен пайгамбарыбыздын (САВ) мындай дегенин укканмын: «Эсиңерде болсун, баш аламандык башталат бир кездерде!». «Андан кутулуунун жолу кандай, Оо, Алланын элчиси?» деп сураганымда мындайча жооп берген:

Анын жолу -Алла Тааланын китеби болгон - Куранга ээрчүү! Куранда силерден мурункулардын абалдарына байланыштуу кабарлар жана силерден кийинки болчу иштерге катыштуу баяндар бар. Асыресе араңарда болуп өтчү маселелердин өкүмү бар. Ал ак-караны айрып таанытуучу төп өлчөм жана андагы баары олуттуу. Кимде-ким бир зордукчудан коркуп аны таштап койсо, Алла Таала анын ташталканын чыгарат. Кимде-ким андан башка нерседен туура жол издесе, Алла Таала ал адамды азгын жолго салат. Анткени ал Алла Тааланын эң бышык арканы, даанышмандык баяны, кынтыксыз түз жолу. Ага толук ээрчигендер азгырык ой жоромолдон арылат, ак сөз айтуудан адашпайт, аалымдар ага тойбойт. Аны көп кайталап окуу тажатпайт да, чарчатпайт. Анын адамдарды таң калтырган жактары түгөнбөйт. Ал китепти жиндер эшиткен кездеринде да «Биз туура жолду көрсөткөн эң сонун Куранды угуп, ыйман айтып ага ишендик» дегенге аргасыз болушкан. Анын ыкмасы менен сүйлөгөн адам туура сүйлөйт. Анын жолу менен жашаган адам сөзсүз сый көрөт. Кимде-ким аны менен өкүм берсе адилет өкүм бере алат. Кимде-ким ага чакырса эң туура жолго багыт алат. Оо, Аавар, сен да ушул сөздөрдү жакшы кармана жүр!» Даарими, Тирмизи.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия, Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А.А. Асанканов, Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б., Бишкек 2003.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]