Шарият
Ислам динине байланыштуу макалалар |
Ыйман |
Келме • Периштелер • Ыйык китептер • Пайгамбарлар • Акырет • Тагдыр |
Ислам негиздери |
Китептери жана мыйзамдары |
Тарых жана ислам өкүлдөрү |
Мухаммед пайгамбар ( |
Мусулман түшүнүктөрү |
Коомдогу орду |
Ислам таануу • Илим |
Кошумча караңыз |
Шарият (ар. шариа – максатка туура жол) – курандын жана сүннөттүн (үрп-адаттардын) негизинде иштелип чыккан диний-этикалык жана укук эрежелеринин жыйындысы. Ш. Ⅶ–Ⅻ к-рда Араб халифатында түзүлгөн. Ал мусулмандардын негизги диний укуктарынан тышкары мамлекеттин граждандык, кылмыш процессинин укуктар нормасын камтыйт. Ш. ислам мамлекетинде – динди туу туткан өлкөлөрдө өзгөчө үй-бүлө, нике ж-а мурас укугу жагдайында колдонулат. Ш. – Орто Азияда, Казакстан ж-а Кавказда араб баскынчылары тарабынан ислам дининин таратылышынын натыйжасында пайда болгон. Шарияттын булактары – 1. Куран; 2.Сүннөт; 3. Ижмаа; 4. Кыяс эсептелинет. Бул булактар диний ж-а динге негизделбеген мыйзамдардын жыйындысын камтыйт. Ш.-ттын негизинде укук м-н дин бир түшүнүктө каралат.[1]
Айрым классикалык шарият иш-аракеттеринде олуттуу адам укуктарын бузуу фактылары бар.[2][3]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5
- ↑ http://www.etc-graz.eu/wp-content/uploads/2020/08/insan_haklar__305_n__305__anlamak_kitap_bask__305_ya_ISBNli_____kapakli.pdf
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 19 Март (Жалган куран) 2021. Түп булактан архивделген күнү 29 Сентябрь (Аяк оона) 2020.
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 19 Март (Жалган куран) 2021. Түп булактан архивделген күнү 25 Март (Жалган куран) 2009.