Курман Айт

Википедия дан

Курбан Айт (араб. عيد الأضحى, Идь–аль–Адха) — эң чоң мусулман майрамы.

Мусулман календары боюнча (Зуль – Хиджа) айдын 10-чу же 13-күнү майрамдалат жана Меккеге (Сауд Арабия) барып сыйынып келүү менен жыйынтыкталат. Ыйык Куранда ар бир колунда шарты бар адам Меккеге барып сыйынуусу милдет делген[1].

Курбан айт майрамында болсо Азирети Ибрахим пайгамбардын, алайхис салам, өзүнүн канынан жаралган сүйүктүү уулу Азирети Исмаил пайгамбарды, алайхис салам, курмандыкка чалууга камдануусун жана Исмаил пайгамбардын да өз атасынын мындай амалына чын жүрөктөн ыраазы боло моюн сунуп бергендигин, анан да Аллага чын жүрөктөн берилүүнү туюнтуу ниетинде малдарды курмандыкка чалуунун жана ошондой эле жогоруда аты аталган эки пайгамбардын Алланын бу дүйнөдөгү чоң сыноосунан өтүшкөндүктөрүнүн сүйүнүчтөрүн майрамдашат.

Ошондой эле Курбан майрамынын арапа күнүнүн (айттан мурунку күндүн) өзгөчө пазилети бар. Анткени ажылыктын негизги түркүктөрүнүн бири болуп эсептелген вакфа (Арафат тоосунда туруу) ушул күнү аткарылат. Ал күнү дүйнөнүн төрт тарабынан ажылык милдетин өтөгөнү келишкен момун мусулмандардын баары Арафат тоосунда топтолушуп, Аллага жалынып жалбарышат. Арафаттагы мындай көрүнүш мусулмандардын биримдик менен биртуугандыкка маани берүүлөрүн ачык-айкын айгинелейт.

Курбан айт майрамында айт намазынан кийин кудурети жеткен адамдар курмандык чалышат. Мусулмандар айт күндөрү бири-бирин куттукташып, айтташып, бири-бирине зыярат кылышат. Барган жерлеринен албан түркүн даам татышып, шариятка шайкеш майрамдык маанайда шаң салтанатта өткөрүшөт. Айт күндөрү ак жолдун алкагында ар кандай майрамдык иш-чараларды, оюн-зоокторду өткөрүүгө жол берилет. Бул жерде айта кетчү нерсе, калайык-калкыбыздын арасында «айт күнү жети (кээ бир жерлерде жетимиш) үйдү кыдыруу керек экен» деген сөз кеңири жайылып кеткен. Ал эми Ислам дининде айт күнү мынча, же түкүнчө үйдү кыдыруу керек деген түшүнүк да, буйрук да жок. Жогоруда айтылган сөз, балким, айт күнү мусулмандар көптөгөн үйлөрдү кыдырып, алардын ал-жайын сурап, майрамдалбай калган үй-бүлөлөргө да колдон келишинче майрамдык маанай тартуулашсын деген түшүнүктөн келип чыккандыр. Азирети Мухаммад пайгамбар, саллаллаху алайхи ва саллам, да мындай деген: “Арапа, курбан айт жана ташрик күндөрү бардык мусулмандардын майрамы. Бул күндөр жеп-иче турган күндөр болуп эсептелет. Мына ошол себептен орозо айттын алгачкы күнү, курман айттын төрт күнү тең орозо кармоо Ханафи мазхабы боюнча тахриман макрух (арамга жакын макүрөө иш) болуп саналат.

Айт күндөрү эрте туруп айтка даярдануу, таза жана жакшы кийим кийүү, гусл алуу, тиш тазалоо, жыпар жыттуу мускус (атырларды) колдонуу, ачык көңүл, көтөрүңкү маанайда жүрүү, орозо айт күнү айт намазынан мурун курма, же болбосо башка таттуу нерселерден даам татуу, ал эми курбан айт күнү болсо таң эрте ачкарын айт намазынан кийин союла турган курмандыктын этинен жеш, мүмкүн болсо айт намазына жөө баруу жана кайтканда башка жол менен кайтуу, ал күндөрү кудурети жетишинче көп-көп садака берүү, битир садагасын болсо айт намазына дейре берүү, айт намаздарына бараткан учурда такбир айтуу мандуб (жакшы, сооптуу амалдардан) болуп саналат.

Курбан айтта арапа күнү аталган төрт күн менен бирге (ушул беш күн) «ташрик күндөрү» деп аталат. Бул күндөрү парз намаздарынан соң такбир айтылгандыгы үчүн «такбир күндөрү» деп аталып калган. Бул такбирлер арапа күнү багымдат намазынан башталып, айттын төртүнчү күнү дигер (аср) намазына дейре жыйырма үч жолу (намаз маалында) айтылат. Курман айт күндөрү парз намаздарынан кийин ташрик такбирлерин айтуу Ханафи мазхабы боюнча аял-эркектердин баарына важиб болуп эсептелет. Айт намаздарынан кийинки кутпалар айтылып бүткөндөн кийин үйдө Алланын ыраазычылыгы үчүн төрт рекет намаз окуу сүннөт болуп саналат. Бирок айт намазынан мурун эч кандай нафил намаздар окулбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
  • Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов
  • Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.
  1. Курман айт майрамынын мүнөздөмөсү Курбан-байрам(жеткиликсиз шилтеме)