Меке

Википедия дан
Мекке‎»‎ барагынан багытталды)
Меке (2006).

Мекке – (араб. مكة Макка, مكة المكرّمة Макка ал-Муккаррама) — Сауд Арабиясынын батыш бөлүгүндө, Кызыл деңизден 100 км дей алыстыкта жайгашкан шаар. Мусулмандардын сыйынуучу борбор жери (караңыз; Ажылык). Мусулман эместерге Меккеге кирүүгө тыюу салынган.

630-жылы Мухаммед пайгамбар баштаган мадиналык мусулман жамаааты Меккеге кирип, шаардагылар ыктыярдуу багынып берип, исламды кабыл алышкан. Ошондон бери Мекке шаары ыйык Каабасы менен жалпы мусулмандардын диний борбору болуп, мусулмандар кай жерде болбосун Меккеге жүзүн буруп намаз окуй башташкан.

Меккеде Аль-Харам мечити жана Кааба жайгашкан.

Дүйнөлүк негизги диндердин бири – исламдын борбор шаары. Шаар Хижаз вилайетинин администрациясы башкаруу борбору. Шаардын негизделген жылы белгисиз. Анда ислам дининин негиздөөчүсү Мухаммед пайгамбар туулган. 7-кылымдан мусулмандардын ыйык шаары жана зыярат кылуучу (ажылыкка баруу) жери. Бул шаарда ыйык Каабаны курчай курулган «Ыйык мечит» («Масжид ал-Харам») бар. Кыргызстандын да мусулман атуулдары Меккеге ажылыкка эркин барышып, зыярат кылып келишүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]