Кааба

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Ислам · Мечит · Ажы

Kaaba2017.png

Бөлүктөрүнүн курамы:

1. Кара таш 2. Эшик 3. Таноо 4. Тырмакча 5. Хижр Исмаил 6. Мөлтазам 7. Ибрахим макамы 8. Кара таштын бурчу 9. Йемендик бурчу 10. Шамдын бурчу 11. Ирактык бурчу 12. Кисва 13. Ибрахим турган жер

Дагы караңыз

Бани ШайбаЗамзамКиблаТавафУмрааль-Харам

Уикиказынада
Кааба - мусулмандардын кыбыласы

Кааба (араб. الكعبة‎‎ «куб») – азыркы Сауд Арабиясынын диний борбору Мекке шаарындагы мусулмандар (сунниттер) зыярат кылуучу Ыйык мечиттин короосунда жайгашкан имарат. Анын узундугу 13м, туурасы 12 м, бийиктиги 15 м; пайдубалы мармардан, дубалы боз таштан тургузулган. Чыгыш тарабына Аллах асмандан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо урулган. Каабанын үстүнө Курандын аяттары алтын жип менен жазылган кара жабуу жабылган. Мухаммед пайгамбар исламды жаңы дин катары жарыялаганга чейин эле Каабага жарым аралда жашаган араб уруулары зыяратка келип турушкан. Мусулмандар намаз окуп жатканда Каабаны карап («Кыбылага карап») турууга тийиш. Ажылыкка баргандар Каабаны жети айланып, анын «кара ташын» өбүшү ылаазым. Кыргыздын бай-манаптары 19–20-кылымдын башында өзүнүн таасирин чыңдоо үчүн Каабага барып, ажы болуп келүүгө аракеттенишкен. Эгемендүүлүктүн шартында Меккеге зыярат кылып, андагы Ислам маданиятына тийешелүү көптөгөн тарыхый эстеликтер менен таанышууга жакшы шарттар түзүлүп, ага баруучулардын саны улам арбып барат.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.