Намаз

Википедия дан
Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар () •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Нама́з (фарсча: نماز) же Саля́т (арабча: صلاة) — Исламда сөссүз түрдө күнүнө беш жолу аткарыла турган Кудайга сыйынуу ибадаты, Исламдын беш түркүгүнүн бири.

Намаз аяттарды окуу, жана Аллахты улуктоо сөздөрүн айтуудан, ошол эле убакта тийиштүү кыймыл аракеттерден турат. Намаз окулуучу беш убак күндүн ар кайсы мезгилине туш келет: таң, түш маалы, түштөн кийинки маал, кеч кирүү жана түн кирүү.

Намаз белгилүү бир рекеттердин (ракат) санынан турат.

Намаз — бул Аллах менен кулунун ортосундагы түз байланыш. Намаз окуу учурунда, мусулман Аллахка сыйынуу менен бирге, туура жол көрсөтүүсүн, күнөөлөрүнүн кечирилишин, жамандыктардан сактоосун Аллахтан суранат. Эркек адам намазды мечиттен окуусу кажет, бирок, орчундуу бир себептер менен башка жактан окууга Ислам уруксат берет. Мечиттерде жамааттык намаз мусулмандын жашоосунда чоң роль ойнойт. Анткени ал дин боюнча бир туугандары менен алака түзүүгө, алар менен достукту жана сыйды бекемдөөгө жардам берет. Эгер кайсы бир адам мечитке келбей калса, мусулмандар үйүнө барып, ал-жайын сурап, себебин билип, жардамын аяшпайт.
Рассалык, этникалык, кландык ж.б. бөлүндүүлөр - Исламда эч кандай болбойт , анткени Аллахтын алдында баардык сыйынуучулар бирдей.

Намаздын түшүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Намаз Мухаммед пайгамбарга Мираж кечесинде асманга көтөрүлгөндө берилген. Алгач күнүнө 50 намаз болуп, акыры Аллах 5 убак намазга чейин кыскарткан. Намаз Мухаммед пайгамбарга жана үммөттөрүнө милдет катары түшүрүлгөн. Мусулман адам күнүнө 5 убак намаз окуусу милдет экенин баардык аалымдар айтышат.

Намаздын парздары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Намаз

Намазда тышкы алты жана ички алты парз бар.

Тышкы парздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


1. Даараттын болуусу. Даарат албастан окулган намаз Аллахтын алдында кабыл болбойт.
2. Кийимдин, дененин, намаз окулуучу жердин таза болушу.Кийим, дене, намаз окулчу жер ар кандай нажастардан (чоң заара, кичи заара, кан, малдын заарасы, ириң, кусунду ж.б.) таза болуусу керек.
3. Аураттын жабык болушу. Аурат (уят жерлердин) жабык болушу зарыл. Эркектердин аураты - киндиктен баштап тизеге чейин (киндик менен тизе да кирет), аялдардыкы - жүзү менен колунун, бутунун (томуктан ылдый) манжаларынан башка жерлери
4. Убакыттын кириши. Ар бир намаздын өз убактылары бар. Намаздын убактысы киргенде гана беш убак намаз окулат.
5. Намаз окуучу адам кыбыланы карашы. Намаз окуй турган адам жүзүн кыбылага буруп окушу кажет. Кыргызстан үчүн кыбыла болжолдуу түрдө - күн батыш тарап.
6. Ниет. Намаз окууга калыс ниет болушу.

Ички парздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


1. Такбир тахрим - Намаздын башында "Аллооху Акбар" (Аллах улук) деп айтып кулак кагуу.
2. Кыраат - Намазда бир сүрө же 3 аят окуу.
3. Кыйам - "Фатиха сүрөсүн" жана ага кошуп бир зам сүрө окуганча тик туруу.
4. Рүкү - Эки колу менен тизесин таянып эңкейип туруу.
5. Сажда - Чекесин жана мурдун жерге тийгизүү.
6. Каада - Тизелеп, эки колун тизесинин өйдө жагына коюп олтуруу.

Аталган парздардын баардыгы аткарылганда намаз окулган болуп эсептелет. Эгерде, бирөөсү гана аткарылбай калса - намаз кабыл болбойт.

Намаздын түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Намаз түрлөрүнүн кыскача түшүндүрмөсү
Намаздын аталышы арабча: Мааниси/
Котормосу
Намаздын кирген жана бүткөн убактысы/
Намаз кандай учурларда окулушу
Сөссүз түрдө/
Каалоосу боюнча
Рекеттердин саны
Багымдат намазы صلاة الفجر Таңкы намаз Таң аткандан күн чыкканга чейин. Парз 2
Таңкы намаз. Таң аткандан күн чыкканга чейин окулат. Сөссүз түрдө окулуучу беш убак намазга кирет.
Бешим намазы صلاة الظهر түшкү намаз Күн төбөдөн өткөндөн баштап Аср намазына чейин Парз 4
Түшкү намаз. Сөссүз түрдө окулуучу беш убак намазга кирет.
Аср намазы صلاة العصر түштөн кийинки намаз Нерсенин көлөкөсү өзүнөн эки эсе узун болгондон баштап күн батканга чейин Парз 4
Түштөн кийинки намаз. Сөссүз түрдө окулуучу беш убак намазга кирет.
Шам намазы صلاة المغرب кечки намаз Күн киргенден баштап кызылы тараганга чейин Парз 3
Күн киргенде окулуучу намаз. Сөссүз түрдө окулуучу беш убак намазга кирет.
Куптан намазы صلاة العشاء түнкү намаз Күн киргенден 1,5 сааттан кийин башталып таң аткыча. Парз 4
Түнкү намаз. Сөссүз түрдө окулуучу беш убак намазга кирет.
Витр намазы وتر жуп эмес Куптан намазынан кийин башталып таң атканга чейин Важиб Так (жуп эмес)
Витр-намазын ар бир адам өзүнчө окушат (Рамазан убагынан тышкары).
Жаназа намазы صلاة الجنازة өлгөн адамды көмөөрдө окулуучу намаз Калаган убакта Парз-кифая 1
Өлгөн адамды көмөөрдө окулуучу намаз. Башка намаздан айырмасы - рекеттердин жоктугу.
Жума-намазы صلاة الجمعة Жума күндөрү бешим намазынын ордуна Парз-кифая 2
Жума күндөрү түштө окулуучу намаз.
Духа намазы صلاة الضحى эртең мененки намаз Күн чыккандан 0,5-1 сааттан кийин Сүннөт 2
Эртең мененки намаз.
Айт намаз صلاة العيد майрамдык намаз Күн чыккандан 0,5-1 саат өткөндөн кийин Орозо айт жана Курман айт күндөрү. Парз-кифая 2
Майрамдык намаз. Орозо айт жана Курман айт күндөрү окулат.
Истиска صلاة الاستسقاء Истиска намазы Кургакчылык убакта. Сүннөт 2
Кургакчылык убакта Аллахтан жаан сурап окулуучу жамааттык намаз.
Истихара намазы صلاة الاستخارة Истихара намазы Каалаган убакта. Сүннөт 2
Кандайдыр бир чечим кабыл алууда Аллахтын жардамын сурап окулуучу намаз.
Кусуф صلاة الكسوف Күн тутулганда окулуучу намаз Күн тутулганда Сүннөт 2
Күн тутлганда окулуучу жамаат намазы.
Вуду намазы صلاة الوضوء даарат намазы Каалаган убакта. Сүннөт 2
Даарат алгандан кийин окулуучу намаз.
Тасбих намазы صلاة التسابيح Тасбих намазы Каалаган уьакта. Сүннөт 2
Мусулман адам күнөөсүнүн кечирилишин Аллахтан сурап окуй турган намаз.
Сүннөт намазы Парз намазга чейин жана кийин окулуучу намаздар. Сүннөт 2
Парз намазга чейин жана кийин окулуучу намаздар.
Таравих намазы تراويح Таравих Рамазан айында Куптан намазынан кийин окулуучу намаз Сүннөт
Рамазан айында окулуучу намаз.
Тахажуд намазы تهجُّد Тахажуд Куптан намазынан баштап таң атканга чейин Сүннөт
Куптан намазынан кийин каалоо боюнча окулуучу намаз.
Тахият-уль-масджид намазы تحية المسجد мечитке салам берүү Меситке киргенде. Сүннөт 2
Меситке киргенде салам берүү максатында окулуучу намаз.
Хажат намазы صلاة الحاجة Хажат намазы Кандайдыр бир кыйынчылык келгенде. Сүннөт 2
Кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгондо Аллахтан жардам сура окулуучу намаз.
Хусуф намазы خسوف Ай тутулганда окулуучу намаз Ай тутулган учурда окулат. Сүннөт 2
Ай тутулган учурда окулуучу жамааттык намаз.



Намаз окууга тыйуу салынган убакыттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Күн чыккандан баштап найза бою көтөрүлгөнгө чейин.
  • Күн так төбөдө турган мезгилде.
  • Күн батып баратканда. ( Аср намазын окууга болот. Бирок, Мухаммед Пайгамбар (САВ) "Ар дайым аср намазын күн батып бара жатканда окуу бул — эки жүздүүлүк", - деп айткан.

Намаз тууралуу Куран аяттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Албетте намаз бузукулутан жана күнөөдөн тыйат”. (“Анкабут” 45)
  • “Ыйман келтирип, жакшы амал кылган, (өзгөчө) намаз окугандар, зекет бергендердин сооптору Роббилеринин алдында. Аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт”. (“Бакара” 227)
  • “Ыймандуу пенделериме айт. Намаз окушсун. Биз берген нерседен сатуу-сатып алуу, достук да болбой кала турган күн келгенге чейин жашыруун да, ачык да садака кылышсын”. (“Иброхим” 31)

Намаз тууралуу хадистер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ибн Умар (разиялооху анху) дан риваят: “Пайгамбар (САВ) айтты: “Ислам беш негизде курулган. Күбөлүк берүү: “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок, Мухамад (САВ) анын элчиси” (деп ишенүү); намаз окуу; зекет берүү; ажылык кылуу; орозо тутуу ”. (Бухари).
  • Абу Катада бин Риби’и (разиялооху анху)дан риваят: “Пайгамбар (САВ) айтты: “Аллах Таала айтат: “Мен сенин үммөтүңө беш убакыт намазды парз кылдым. Ким анын убактысына бекем болуп, Менин алдыма келсе аны “Бейишке киргизем” – деп убада кылдым. Ал эми ким бекем турбаса эч кандай убадам жок (Кааласам кечирем же азап берем)”. (Абу Дауд).
  • Усман бин Аффан (разиялооху анху) дан риваят: “Пайгамбар (САВ) айтты: “Ким намаз окуу зарыл, чын деп билсе Бейишке кирет”. (Муснад Ахмад, Мажма’у завааид).
  • Жабир (разиялооху анху) дан риваят: “Бир киши Пайгамбар (САВ) га келип: “Бирөө намаз окуйт, бирок таң башталаары менен уурулук кылат” – деп айтты. Пайгамбар (САВ) “Жакында намазы аны жаман иштен тосот” – деди”. (Баззар, Мажма’у завааид).
  • Абдулло бир Амр (разиялооху анху) дан риваят: “Пайгамбар (САВ) намаз тууралуу айтып жатып минтип айтты “Ким беш убак намазга бекем болсо, намаз ага Кыямат күнү нур, күбө жана кутулууга себепчи болот. Ким ага бекем болбосо Кыямат күнү ага нур да, күбө да жана кутулууга да себепчи болбойт. Кыямат күнү Фираун, Хааман жана Убай бин Халафтар (каапырлар) менен бирге болот”. (Муснад Ахмад, Табарони, Мажма’у завааид).
  • Абу Малик Ашжа’и (разиялооху анху) атасынан риваят кылат “Пайгамбар (САВ)дын доорунда ким мусулман болсо, (сахабалар) ага эң оболу намазды үйрөтүшөт эле ”. (Табарони).
  • Абдулло бин Курт (разиялооху анху) дан риваят: “Пайгамбар (САВ) айтты: “Кыямат күнү пендеден эң биринчи (анын) намазы тууралуу суралат. Эгер намазы жакшы болсо, калган амалдары жакшы болот, эгер намазы жаман болсо, калган амалдары да жаман болот”. (Табарони, Таргиб)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]